Асема: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ ТААРЫНЫШЫП, КАЙРА ТАБЫШТЫК»

№511 17-август-23-август, 2012-ж

Таланттуу актриса, ырчы, бийчи, мээримдүү эне жана жөн гана кыргыздын сулуу айымы Асема менен көл жээкте эс алуу учурунда жолугуп калдым. Ал-акыбал сурашып, сырдаша да кеттик.

– Кандай, Асема, эс алуу көңүлдөгүдөй болуп жатабы?
– Баары жакшы. Керемет көлдүн жээгинде отургандын өзү эле башыңдагы бардык сур булуттарды алыска айдап салат эмеспи. Көлгө, негизи, иш сапары менен жолдошум экөөбүз келгенбиз. Анан биротоло 2-3 күн эс алып кетүүнү чечип, учурда күнгө кактанып жүргөн кезим.

– Иш сапары менен келсең, эмчектеги кызыңды кимге калтырдың же фигурам бузулат деп эмизбей калдың беле?
– Фигурам бузулат деп чоёңдогон айымдардан эмесмин. Мен үчүн баламдын ден соолугу биринчи орунда. Тун уулум Адаханды төрөгөндөн кийин 74 килограммга чейин толуп кеткем. Анан бат эле кайра калыбыма келгем. Баланы эмчектен эрте чыгарсаң эле фигурная болуп калбайсың да. Ал үчүн атайылап машыгып, эгер машыгууга шарт жок болсо, үй иштерин тытып жасасаң өз ордуңа келесиң. Мен кызымды 4 айдан кийин эмизбей калганымдын себептери бар. Төрөттөн кийин аябай катуу оорудум. Ар кандай дары-дармектерди ичкендиктен, айла жок кызымды эмизбей калдым. Ушул оорунун айынан, анан дагы бир себептерден арыктап да кеткем, азыр спорт менен машыгып өзүмө келүүгө далалат кылып жатам.

– «Башка бир себептерден улам» деп калдың. Бул суроону бербесем да болбойт. «Асема жолдошу менен ажырашып, эки жакта жашап жатышыптыр» деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Ар бир үй-бүлөдө уруш-талаш болот, казан-аяк кагышат дегендей. Урушпай жашаган үй-бүлөнү көрө элекмин. Эми менин атым элге таанылып калгандан кийин, албетте, ар бир кадамымды канча жашырып-жапсаң да билинип калат. Биздин үй-бүлөдө да жагымсыз окуялар болуп кетти. Акжол экөөбүздүн таарынышып кеткенибиз чын. Көп убакыт өтпөй эле кайра элдешкенбиз. Чынында, мен жашоомдогу аябай эле кооптуу көпүрөнү басып өттүм. Мындан кийин сырларымды эч кимге айтпас болдум окшойт.

– Эмнеге?
– Көп нерсеге мен өзүм күнөөлүү экенмин. Негизи, жашырып койчу нерселерди ачык айтып салмай адатым бар. Эгер мага бирдеме деп айтылса, эч качан жообун берчү эмесмин. Эми баары башкача болот. Мен өзүмдү өзгөртөйүн деп жатам. Өзүмө гана ишенип калдым.

– «Мындан кийин өзүмө гана ишенем, өзгөрүлөм» деп айтканыңа караганда жолдошуңа болгон таарынычың таркай элек окшойт?..
– Аялзаты кечиримдүү келишет. Анан кулакка жагымдуу сөз айтылып, кечирим сурап жатса, көк беттенип отуруп алган айымдар аз болсо керек. Мен ошол көпчүлүктүн катарына кирем. Мынакей, жолдошумдун таарынычымды таркатууга берген белеги (колундагы бриллиант көздүү шакекти көрсөтүп).

– Күнөө жолдошуң тарапта окшойт анда?
– Биздин уруш-талашка эч кимди күнөөлөй албайм. Бул ишти биздин үй-бүлөнү көрө албагандар да кылышы мүмкүн. Ошол эле жакын достордун арасында таарынышып жүргөнүбүздү билип туруп билмексенге салып, конокко чакырып сынагандар да болду. Билбейм, эмнеси болсо да эки балабыздын бактысын ойлоп, толук кандуу үй-бүлөнү сактап калуу экөөбүздүн гана колубузда деп чечтик. Айтып коюшат го, «ар ким өз жашоосуна сүрөтчү» деп. Анысы кандай жашообуздун рулу өзүбүздө гана экен.

– «Эч кимге күнөө койбойм» дейсиң. Балким, сенин да жолдошуңа болгон одоно мамилелериң болгондур... Дегеним, кээ бир айымдар төрөттөн кийин стресске кабылат эмеспи...
– Мен минттим, анан ал антти деп окуяны ийне-жибине чейин айтуунун кажети жок. Ошол сөздөрдү эстегим да келбейт. Болгону, жаш үй-бүлөлөргө, деги эле бактылуу жашап жаткандарга бир сөздү айтарда ойлонуп туруп айтышса дейт элем. Айтылган сөз атылган октой эле тиет тура.

– Сен тууралуу сөз болуп калса, «Асема жолдошун аябай басынтат, күн көргөзбөйт болуш керек» деп калышат. Чын эле ошондойсуңбу?
– Эми муну жолдошум же жакын адамдарым жакшы билишсе керек. Мен эч качан бой көтөрүп, өзүмдү бийик сезбейм. Адамдар менен да оңой эле тил табышып кетем. Албетте, адам болгондон кийин менде деле «характер» бар. Кээде бирөөгө ишенип бир ишти тапшырсаң жасабай койсо, ачуум келип тап берип, катуу урушуп салышым мүмкүн. Дагы бир нерсени айта кетейин, эгер жеңил ойлуу болсом, балким, акчасына карап күйөөгө тийип алмакмын.

– «Акчасына карап» дегениң кандай?
– Азыр жашоо ушундай болуп жатпайбы. Көп эле кыздар акчасына карап турмушка чыгышат. Эмне, калппы? Бул чындык. Экинчи аял болуп деле жашагандар толтура. А мен сүйүү үчүн эч нерсеге караган эмесмин.

– Жашооңдо бир чоң сыноодон өтүптүрсүң. Эми кел, алдыга койгон пландарыңдан бөлүшпөйсүңбү?
– Баягы эле чыгармачылык менен алек болуп жүрөм. Бир айдан бери «Санжыра» радиосунда «Жүрөк сырлары» деген берүүнү алып барып жатам. Жакында эле казактар «Жалбырактардын шуулдашы» деген тасмага тартылууга чакырышты. Жакшы эле баргам, бирок тартуучу топ менен жылдызыбыз келишпей койду.
Эл мени Асема эмес, «Боз салкын» деп таанышат эмеспи. Ошол деңгээлдеги дагы бир эл оозуна алына турган образ жаратсам деп жүрөм. Үч сценарий жазгам. Алдыңкы пландарымда таасирдүү, маанилүү, элге жакын кино тартууга камылга көрүп жүрөм. Жыйырма миң доллар менен баштаганы жаткам. Бирок тартыла турган тасманын көп окуялары Парижде боло тургандыктан, каражат жетчүдөй эмес. Эми аны да көрө жатарбыз.

– Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн көбү эле өзүн дизайнер-модельер жаатында да сынап жатышат. «Асема бут кийим чыгарып жатыптыр» деп укканым бар...
– (Күлүп) Ий, мен бут кийим чыгарып жатканымды өзүм Замира Молдошевадан угуп жатпаймынбы. Бир күнү эле Замира эже телефон чалып, «Асема, сен эмне, улуттук колориттеги бут кийимдерди чыгарып жатасыңбы?» дейт. Ошол жерден оозум ачылып калыптыр. Кайсы бир эле адам «Асеманын бут кийимдери» деп соодасын жүргүзүп жатыптыр. Окурмандарга айта кетер элем, эгер ошол адамдан кокусунан бут кийим алып калсаңыздар, мага кабарлап коюңуздарчы. Негизи, мода жаатына салым кошсомбу деген ой менде деле бар. Буюрса, балдарга арналган сапаты мыкты кийим-кечектерди жаратсамбы деп жүрөм.

– Ошол ой-тилегиңе жет. Маегиңе рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Асема: "Жолдошум экөөбүз таарынышып кеткенибиз чын"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(91)
21.08.2012. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми урушпагыла бактылуу омур сурушунорду каалайм!
21.08.2012. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asema, sizge uy-buloluk bakyt kaalaym!
21.08.2012. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
emnesi jagat ushu Asemanyn elge???
21.08.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lidia - 30 күнгө банга!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.08.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосуно жини келип, жини келип маектешиптир го. Билишимче, булар азыр деле чогуу жашабайт. Косяк экоондо тен бар да. Эки бала деп козду жумуп жашай берейин десе куйоосу мээсин жейт, кызганып. Акжол да бар жолуна туш демек, бирок ортодо балдарын анан суйуусун ойлоп отко-сууга тушуп журот да.Неси болсо ажырашпай жашай бергиле. Мунозунор топ келишет экоондо тен бар.
SUPER.KG видео
21.08.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмушка жаны чыккан интервьюсун окуп, Асема жонундо башкача ойдо, Ошол маегинде (эсиниздерде болсо)куйоомду тааныштарыма тааныштырганда туркиялык кыргыз деп тааныштырам деп жана башка создору менен кайын журту жонундо нитоораак , ашыкча суйлоп койгон эле. азыркы маегинде мурунку каталарын эске алып "аста секин жайдары болуп " суйлоптур
21.08.2012. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акжол аке айдай бала байлыкка карабай дегени жакпады брилиант кольцону бечара адам алып береби? Асема жакшы эле деп жургом корсо реально бой которот экен. Тийгенден кийин суйлобой эле койбойбу кайын журтуна деле уят.
21.08.2012. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tatakozy, эмне анан актриса болуп суйлосунбу! суроолорго жооп берип атпайбы! же мммххх...кечиресиз уят болот жооп бербей эле коеюн десинби? эмнеси уят?же бироону жамандап атабы?Акжол байкени кедей деген да жок го кичине да болсо башты иштетиниз.улуу инсан айткандай актерлор-бул чыгармачыл адамдар,а актерлорду жонокой элден ииздебей табасын деп!
21.08.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асеманын куйоосун сыртынан тааныйм, 1-2 жолу суйлошуп да калганбыз. менимче Акжол тиран эле куйоо окшойт. асемага боорум ооруп атат. озу да айтып атпайбы, катуу сокку алдым деп. мурда кандай жаркылдаган кыз эле. чын эле кагылып-согулуп калганы билинип турат. Ийгилик сага, асема! Бар бол, баары жакшы болот.
SUPER.KG видео
21.08.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат экенго... мага аябай жакты!Чындыгында жонокой экен.
21.08.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туболук чон бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
21.08.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маек эн соонун болгон!бир да фальш жок бул кызда!ачуу чындык дегендей да сезилген жок. болгон реальный созун айткан! Бактылуу болгула! Ар бир уй булодо боло берет андай.
22.08.2012. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш кызын булчуйтуп кийинтип алыптыр...
22.08.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нукура Кыргызымдын сулуусу!
SUPER.KG видео
22.08.2012. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен уккам асеманын тааныштарынан эле"асема аябай тажал,куйосуно кун коргозбойт деп...":( чынында эле коздору ото эле капалуу экен.Асеманын одноклассникидеги страницасынан куйосуно жазган жаман создорун окуп аябай оозум ачылган,биринчи асема озу эмес болуш керек деп ойлосом озу экен .мен коруп окуган создорго караганда окоону бир кыз бузган экен.эмнеси болсода окоо кайра табышканы жакшы болуптур бактылуу болушсун!
22.08.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сулуу кыз, туура. Бирок, Акжол Баткенден деп уккам. Батендиктер аялдарын антып шоу-бизнеске аралыштырбайт деп ойлойм.Кобунчо "тиран" болушат.
SUPER.KG видео
22.08.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул интервью алган жигит эмне анча чукуп суроо берет? Асема озу эстегим да келбейт деп айтып жата да чукуп суроо берет да. Жакшы Асема сабырдуу экен... Болбосо башка бироо кагып берсе да болот. Асема, эч кимди укпа! Капа да болбо. Ар кимдин озунун турмушу. Чырактай болгон балдарын, жолдошун менен бактылуу бол! Сабырдын тубу сары алтын!
22.08.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktyluu bol. tuptuura kylasyn- baaryna 1 ozubuz kunoolubuz -
22.08.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
асеманы мен такыр башкача адам экен деп элестетипмин молодец акылдуу жан экен бактылуу болгула!!!
22.08.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема эженин голосу аябай жагат. Азаматсыз ар дайым бар болунуз бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
22.08.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асема бактылуу бол бирок сен куйооно татыктуу эмессин, анткени артисти аял дебе айтышат. куйоон просто жалко.
SUPER.KG видео
22.08.2012. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйосу канчанчы жылкы ? Жашай берип зеригип кетиптирго ! Асемага жалко татынасын сен асем
23.08.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйлогондо шыбырап аран суйлойт, уну эптеп эле чыгат,анан кантип кыйраткан ырчы болсун.Мумкун актриса болуп эле журо бергени эле жакшы го дейм,анан эл дурбосо эшек кошо дурбойт болбой,колдон келген ишти жасаш керек го,баарына эле жабышып,убара боло бербей.
23.08.2012. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема бактылуу болгула албетте казан аяк кагышат кечиримдуу болуш керек кийин балдарыныздар чонойгондо экоонунуздордун бирге жашаганыныздар алар учун чоон сыймык болот
24.08.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
асема жакшы кыз экоонун турмуштарын бузгусу келген адамдар оздору турмушунан адашып калсын ылайым
24.08.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
асема совсем суйлой да албайт экен если честно,вообще кошмар
25.08.2012. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага Асема эжекебиз эмнегедир сүйлөп жатканда ыйлагысы келип жаткандай сезилди.Же болсо бугу ичине баттпай жаткандай.Муну мен сүйлөгөн сөзүнөн байкадым.
25.08.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sultan.kg, Туура байкагансын.канчалык карманса да ичинде чоон куйуту бар экен
26.08.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асемага ийгилик
ашык акчам болсо киносуна берип турмакмын
SUPER.KG видео
30.08.2012. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kop ele videolordu ayagyna chein koro albai jatam. emnege?
SUPER.KG видео
15.11.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо аябай жонокой,сылык сыпаа келин болуптур. Балдарындын омурун берсин,арким ар нерсе айтат "ит уро берет,кербен журо берет" демекчи, азыр только озунуздун жашоонуз балдарындын келечеги учун жашайсын!!!! Аябай татынакайсын АСЕМА!!!
21.11.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эри катын урушат казан аяк кагышат дейт баардык уй булодо болот мындый окуялар
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо