«СУУСАМЫР ЖАЙЫТТАРЫ» ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛДУ

№512 24-август-30-август, 2012-ж

Суусамыр өрөөнүндө “Суусамыр жайыттары” ассоциациясынын өкүлдөрү чогулуп, бул аймакта малын жайгандардын маселесин талкууга алышты. Өрөөндө, негизинен, Чүй, Талас жана Жалал-Абад облусунун малы жайылат. Жыйында ассоциациянын иш­мер­дүүлүгү тууралуу маалымат уктурулуп, 2013-2015-жылдарга белгиленген стратегиялык план талкууланды. Ассоциациянын өкүлү Адыл Жумалиевдин айтымында, Суусамырда барган сайын инфраструктура жана ветеринария тармагында көйгөйлөр көбөйүүдө. Ал эми дагы бир өкүлдөрдүн бири Кумар Боромбаев быйылкы жылы ассоциацияга мүчө болуп киргендердин саны көбөйгөнүн, ага Суусамырда жүргөн торпоктун салмагы 60тан 350 килограммга чейин жогоруларын жар салышкандыгы себеп болгонун айтат. “Ушул эле көрсөткүч башка жайлоолордо, болгону, жүз килограммга чейин жетет”,- деди ал.
Маалымат үчүн: 2011-жылы июлда каттоодон өткөн “Суусамыр жайыттары” ассоциациясы 80 жайыт комитетинин 57син бириктирип турат. Суусамыр өрөөнү Кыргызстандагы эң чоң мал жайлаган борбор катары таанымал. Учурда 415 миң гектарга чукул өрөөндүн аймагында 1,5 миллионго жакын кой, уй, жылкылар багылат. Анын жүз миңден ашууну Суусамырдын кыштоосунда калышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо