Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ШААРДА СУУНУН БААСЫ КЫМБАТТАДЫ

№512 24-август-30-август, 2012-ж

Ош шаардык кеңешинин депутаттары иче турган суунун баасын жогорулатуу боюнча чечимди кабыл алышты. Буга чейин суунун 1 метр кубу 3 сом 75 тыйын болсо, эми 5 сом 31 тыйын болот.
«Ош шаардык суу каналы» муниципалдык ишканасынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров суунун кымбатташын төмөндөгүчө түшүндүрдү: «Суунун 1 метр кубу 3 сом 75 тыйын болчу. Эми 5 сом 31 тыйын болот, суу эсептегичи бар жарандарда. Шаар тургундарынын көпчүлүгүнүн суу эсептегичи жок болгондуктан, алар ар бир киши башына мурда 13 сомдон төлөшсө, азыр 18 сом 57 тыйын төлөшөт. Суу эсептегич коюп алса аз акча төлөмөк, суу да сарамжалдуу болмок. Бизде 16 жерде насостук түтүктөр бар. Жылына 2 миллион сомго жакын электр энергиясына төлөйбүз. Биздин негизги максат, Совет учурундагы суу түтүктөрдү жаңылап, сууну сарамжалдуу иштеткенге адамдарды көндүрүү болуп жатат. Башка мамлекеттерди карап көрсөңөр, суу эң эле кымбат. А бизде эң арзаны суу болуп жатат. Базардан 50 сомдук дарбызды алып келишет да, биздин канчалаган хлорлорду кетирип тазалап берип жаткан суубузду шарылдатып дарбызынын үстүнө агызып коюшат. Барган сайын химикаттар да кымбаттап баратат. Ошон үчүн сууну бир кымбаттатканга туура келди».


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
27.08.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласынар жайлапсынар элди кыйнагыла. Свет качан кымбаттайт эми?
28.08.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bawka olkolordo suu az jana kir, al emi kirgizstanda mongu kop, suu da kop, bulaktan taza suular 4igat, emi suu da kimbattasa kirgizstanda a4ar4ilik bawtalat go, bawka mamleketterde kimbat dep kimbatta bergen mumkun emes go!
28.08.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда суу еле болсо арзан болотда
28.08.2012. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол суу эле калды эле кымбаттабаган ал эмне озу уйундо суу уномдоп жуунбай дэги эле суусу жок отурганын коргум келип жатат аябай
29.08.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууга бай олко болсок анан анын эмнесин кымбататышат.
30.08.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакында эми жуткан свежий абага да акча толойсунор деп закон чыгарышпаса эле болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо