Нэля: ЖИГИТИМ МЕНЕН УРУШКАНЫМДЫ ЭСТЕП ЫЙЛАДЫМ

№199 25-31-август, 2006-ж.

– Неля, сага орусча ыр ырдап чыгууга эмне себеп болду?
– Көбүнчө мага орус тилдүү чөйрөдө ырдаганга туура келип калат. Ошондой кездерде орусча жазылган ырым жок эмне кылаарымды билбей калам. Ошондуктан, бир орусча ыр жаздырып коюуну туура көрдүм. Бул ырдын автору өзүмдүн бөлөм Элиза Исмаилова. Ырда сүйүүсүнөн айрылганда кыйналган сезимдер айтылат.

– Анда клиптин мазмуну да ошого жараша тартылса керек?
– Клипте жигит кызы менен жакшынакай жү­рүп эле ошол эле убакта башка кызды сүйө берет. Өзүн алмаштырып жатканына өз көзү менен күбө болгон биринчи кыздын кайгысы, ызасы, ыйы клип­те көрсө­түлөт.

– Клипке роль аткарууга кимдерди тандап алдың?
– Жигиттин ролун ди-джей Чыңгыз Мурзаев аткарды. Сүйүүсүнөн айрылган биринчи кызды мен, менин сүйүүмдү тартып алган экинчи кызды өзүм­дүн чачтарачым Назик ойноду. Жигиттин ролун ойногонго эч кимди таппай турганыбызда оюбузга Чыңгыз келди. Анда биз Көлдө жүргөн­бүз. Ошентип, түнкү саат төрттө Мырза байке Биш­кекке Чыңгызга телефон чалды. Эртең менен турсам эле Чыңгыз жүрөт. Алгач түшүнбөй калдым. Көрсө, Чыңгыз эртең менен саат алтыда Бишкектен чыгып, сегиз жарымдарда Көлгө жетип барыптыр. Ошентип, ошол күнү Көл жээгинен клиптин жарымын тарттык. Ал эми “Вефада” бир жумадан кийин тарттык.

– Клипте ойной албай кыйналган жерлериң болдубу?
– Жигитимдин башка кыз менен жүргөнүн көргөн­дө көзүмдөн жаш куюлтуп ыйлаган жерим бар болчу. Ошол жерин окшоштура албай кыйналдым. Акыры курбуларым маанайымды аябай бузушуп, ыйлатышты. Ошол убакта жигитим менен жаңыдан таарынышып жүрдүм эле. Ошону эстеп, анан ыйлаганга туура келди.

– Жигитиң менен урушуп кеттиңби?
– Ооба. Менин акыркы кездердеги тынымсыз гастролум ага жакпай калды. Ошонун айынан учурда ортобузда түшүнбөс­түк­төр болуп жатат.

– Клипте Чыңгыз экөө­ңөр жакшы тү­гөй болуп калыптырсыңар. Кокусунан ортоңордо чын эле жаңы сезимдер пайда болуп жаткан жокпу?
– М-мм... Эмне десем? Балким, пайда болуп жаткандыр. Аны убакыт көрсөтөт...

Маектешкен Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
17.11.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын аты эмне деп аталат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо