«БИР КИТЕП» ЖАНА «ОКУУЧУЛАРГА АЯЛДАМА» ДЕГЕН АКЦИЯ ӨТТҮ

№512 24-август-30-август, 2012-ж

21-август күнү Бишкек шаарында «Жайкы демократия мектеби» уюму уюштурган балдарга арналган «Бир китеп» акциясы болуп өттү. Акция шаардагы «Ош базарынын» жанында болуп, ага 50дөй өспүрүм, ата-энелер жана шаар тургундары катышты. Негизинен жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары болушту. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаранын максаты – балдарды бекерчиликтен алыстатуу жана убактысын пайдасыз нерселерге коротпоого үндөө.
Акциянын координатору Өмүрбек Пазылов буларга токтолот: "Балдар бош убактысын компьютер оюндары же көчөдөн терс көрүнүштөрдү үйрөнүү менен эмес, пайдалуу өткөрсүн деп жомок китептерди белекке бердик. Китептер кыргыз жана орус тилиндеги кызыктуу жомокторго бай. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары базарда иштешет, алардын маанайын көтөрдүк. Балдардын жомокторго болгон кызыгуусун байкадык".
Ушул эле уюмдун «Окуучуларга аялдама» деген экинчи иш-чарасы Ак-Босого жаңы конушунда өттү. Ал жерде Кыргызстандын 7 облусунан атайын тандоодон өтүп келген мыкты өспүрүмдөр жана уюштуруучулардын катышуусу менен эки аялдама орнотулду. Аялдама окуучулар мектепке барарда айдоочуларга ыңгайсыздык жаратпасын деген максатта курулганын айтышат уюштуруучулар. Айта кетсек, бул иш-чара эл аралык фонддордун демөөрчүлүгү астында уюштурулду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо