ЧЕМПИОНДУК ҮЧҮН 9 КЛУБ АТ САЛЫШАТ

№337 17-23-апрель, 2009-ж.

18-апрелде “Дордой-Динамо” – “Плаза” оюну менен футбол боюнча өлкөбүздүн кезектеги 18-биринчилиги старт алат.

Өзгөчөлүгү

Быйылкы улуттук чемпиондук көңүл бурарлык эки чоң өзгөрүүгө дуушар болду. Биринчиси – чемпиондуктун өткөрүлүш системасы. Мелдеш эки этаптан турат. 1-баскычта 9 команда өз ара 2 айлампа оюн өткөрүшөт. Жыйынтыгында алдыңкы 4 команда 2-баскычка чыгат. 4 команда кайрадан 2 айлампа ойноп, эң көп упайга ээ болгон команда жеңүүчү аталат. Ошентип, чемпиондук үчүн күрөшүүчү командалар былтыркыдан (16 беттеш) айырмаланып, сезондун жүрүшүндө 22 беттеш өткөрүүсүнө туура келет.
Экинчи жаңылык – оюндарды тейлөөчү калыстардын айлык акысынын 3 эсе көбөйгөндүгү. Бул беттештердин бир топ эле адилет өтүшүнө шарт түзөт деп ишенебиз.

Дебютчулар

Жогорку эки жаңылыкка улай быйылкы чемпиондукта алгачкы жолу жаңы эки команда өз күчтөрүн сынап көрүшөт. Алар – “Атаспор” жана “Камбар-Ата” командалары. Биринчи команда мындай мүмкүнчүлүккө түркиялык бизнесмендердин колдоосу аркасында ээ болду. Ал эми “Камбар-Ата” КРнын жаштар курама командасынын базасында уюштурулду.

Башкы суроо

Чемпиондук үчүн баягы эле “Дордой” менен “Абдыш-Ата” өз ара күч сынашары турган сөз (ошентсе да “Алай”, “Жаштык-Ак-Алтын” жана “Шер” командалары буларды баалуу упайлардан кур калтыруусу толук ыктымал). Анан, албетте, талашсыз түрдө “быйыл чемпион алмашабы?” деген суроо негизги кызыгууну жаратууда. Соңку 5 жылда Кыргызстанда бир гана команданын гегемониясы орногондугу белгилүү. Андыктан жаңы машыктыруучуга ээ болуп, нидерландылык системанын негизинде машыгып баштаган канттыктар быйыл “дордойчуларды” токтото алышабы же жокпу, убакыт көргөзөт. Айта кетүүчү нерсе, өткөн ишембиде аталган эки команданын сезон алдындагы эксперименталдык оюнунда “Абдыш-Ата” 2:0 эсебинде жеңип чыкты.

Чемпиондукка талапкерлер:

“Дордой-Динамо” (Нарын)
“Абдыш-Ата” (Кант)
“Алай” (Ош)
“Шер” (Бишкек)
“Жаштык-Ак-Алтын” (Кара-Суу)
“Кант” (Кант, мурунку “Кант-77”)
“Плаза” (Бишкек)
“Атаcпор” (Сокулук)
“Камбар-Ата” (Бишкек)

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
06.04.2010. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаштык ак алтын кыйынсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо