Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айнура Салахидинованын күйөөсү Санжар Энназаров: «АЙНУРА МЕНИН КЕЧИККЕН МАХАБАТЫМ»

№512 24-август-30-август, 2012-ж

Жакында гана түтүн булаткан ырчы кыз Айнура Салахидинова менен жолдошу Санжарды “Жан шерик” рубрикабызга конокко чакырдык. Бири-биринен кумарлары тарабай турган жаш жубайлар жаңыдан пайдубалы түптөлгөн кичинекей мамлекети тууралуу сөз куруп беришти.

АЛГАЧКЫ ЖОЛУ

– Кандайсыңар? Айылдын жылдыз келининин турмушу кандай өтүп жатат?
Айнура: – Жакшыбыз. Жашоо балдай эле болуп жатат.
Санжар: – Турмуш арабасына чиркешкенибизге аз эле болгондуктан, баары жакшы.

– Санжар, айтсаңыз, алгачкы жолу Айнуранын колун кармаганда кандай сезимдер болду?
– Алгач сүрдөп, уялып, өзүнчө эле ысып кетчүмүн. Башкача айтканда, толкундана берчүмүн. Азыр деле тиктеп карап койсо сүрдөп, сүйлөй албай кетем.

– Ырчы кызды кандай сыноолордон өткөрдүңүз?
– Эркектер өзүнө жуп болуп, турмуш куруп кете алчу кызды сезишет деп айта алам. Мен деле алгач Айнурага жолукканда ички туюмумда турмуш куруу ою жаралды. Көп деле сыноодон өткөргөн жокмун. Болгону, мага жөнөкөй адам керек эле. Ошол нерседен өттү. Андан кийин апамдын сыноосунан өткөрүү үчүн “жыйырма жылдык кечеме ырдап бер” деген шылтоо менен чакырып, апама тааныштырып, алдынан өткөрдүм. Апам “турмуш куруп кете алчу кыз экен” деп батасын бергенден кийин гана колун суроого өттүм.

– Айнура, сенин алгачкы сындарың кандай формада болду?
– Чынында, Санжарга турмушка чыгам деп ойлобогондуктан, сын көз менен кароо жок болчу. Кийин деле турмушка чыкканда бир айча конокко келгендей болуп жүрдүм. Азыр көнүп, жанымда жарым саат жок болсо эле жоктоп, сагынып кетем. Анан “кайдасың?” деп чала баштайм. Санжар экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөн кезде жолугууга барганда дайыма курбу кыздарымды ээрчитип алчумун. Анан бир жолу айтып калды “өзүң эле келчи” деп. Барсам, “экөөбүз үйлөнөлү?” деп жатпайбы. Алгач тамашалап жатат го деген ой кетти. Бирок буга чейин эч ким жолукканда эле “үйлөнүп албайлыбы?” деген сунуш киргизе элек болгондуктан, бул сунуш мени бир топ эле ойлонтту.

– Оу, Санжар мырза, “балп” эттирип эле турмушка чык деген экенсиз...
– Мен да, Айнура да таттууга жакынбыз. Шаардагы тамактануучу жайлардын бирине чакыргам. Анан жалаң таттууларды алдына коюп, экөөбүздүн жашообуз таттуу болсун деген ниетте сүйүү, турмуш куруу сунушун айттым. Экөөбүз ошол күнү кечке таттууларды жей бердик, сүйлөшө да бердик. Акыры биз отурган жай жабылганда кеткенбиз. Ошол күн биздин жолубуз бирге болоруна себепкер болду окшойт.

КАПЧЫК ЖАКТАН

– Азыркы жашоонун негизги маселеси – акча. Тапкан кирешеңерди ортого саласыңарбы же?..
Айнура: – Албетте, капчык маселеси бул кишиде болот. Эмне кем-карчым болуп жатканын дайыма сурап турат. Кээде “ий, менин косметикама эле мынча акча кетет” десем, тамашалап “башталды” деп күлүп калат.
Санжар: – Эми анча-мынча эркектерге тиешелүү “заначка” деген сөзсүз болот да, ха-ха... Бильярд ойнойбуз дегендей.
Айнура: – Бильярдга көп барат экен. Аяштарым да “сен кызганба, жолдошуң чын эле бильярдды жакшы көрөт” деп калышат. Кээде чын эле ошол жактабы деп текшерип телефон чалып, шериктердин үнү чыгып жатса өзүмө келе түшөм.

– Кимиңер сарамжалсыңар?
Айнура: – Колум ачык. Базарга барып калсам, бир тыйын калтырбай коротуп салмайым бар. Санжар деле сарамжал эмес экен, карызга эле тарата бермейи бар. Билбейм, экөөбүз эми кантип байыйбыз, ха-ха...
Санжар: – Сарамжал болсом, эмдигиче миллионер болмок окшойм. Эки чөнтөк толтура акча салып чыксам деле кечинде бош калат.

КАЙЫН ЖУРТ МАСЕЛЕЛЕРИ ТУУРАЛУУ

– Кайындарыңарга жагынуу үчүн өзүңөргө жакпаган иштерди кылып көрдүңөрбү?
Айнура: – Албетте, барат экенсиң. Кыз кезде каалаган учурумда ойгончумун. Келин болгондо жоопкерчиликтүү болуп калдым. Бишкекке келгенде кайненемдер жок болсо деле эрте туруп алмай адат пайда болду.

– Санжар, сиздин күч күйөө болуп жүргөн мырзаларга көз карашыңыз?
– Кудай сактасын андайдан. Андай абалга түшпөгөнгө аракет кылыш керек.

БАЛА-ЧАКА ТУУРАЛУУ

– Силердин кичинекей үй-бүлөдө “анделек” пайда боло элекпи?
Айнура: – Буюрса, болот.

– Канча балалуу болууну пландап койдуңар?
Айнура: – Мурда 10 балалуу болгум келчү. Бирок азыркы жашоодо кыйыныраак болуп калат окшойт.
Санжар: – 2 эркек, 1 кыз болсо сонун болот деп койбоюмбу. Бирок Кудайдын бергенин ала беребиз.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ

– Айнура, анча-мынча өжөр мүнөзүң бар эле. Үй-бүлө рулун талашпайсыңбы?
– Ооба, андай өжөрлүгүм бар. Бирок ошол эле учурда мен жолдошумдан коркуп турушум керек. Ал мени башкарып турса, бирок мени да түшүнсө деген ниетим бар.

– Санжар, өжөр айымдар эркектерге көп жага бербейт. Сизгечи?
– Эркектин ролун талашып турса “контролдойбуз”да.

– Айнуранын колу бошобой турганда курсагыңыз курулдап калса, тамак жасай саласызбы?
Айнура: – Кээде бошобой жатканда “дарбызды кесип койчу” десем да, “аял кишинин жумушун аял кылыш керек” дейт.
Санжар: – Азыр эми жаңы үйлөнүп, бири-бирибизге эркелешип турган чак да. Кийинчерээк керек учурда кантип жардам бербей коёюн.

АЙТЫЛБАГАН СЫРЛАР

– Ушуга чейин бири-бириңерге айтылбаган сырларыңар барбы?
Айнура: – Мен Санжар менен жаңы таанышканда эле дос катары мурунку жигиттеримди, башымдан өткөн окуяларды болгонун болгондой айтып салгам. Эжем да айтат "жаш баладай болуп баарын айта бербей, кичине жашырганды үйрөнбөйсүңбү" деп.
Санжар: Айнура, мен жынсы шым кийгенди жакшы көрөм. Сенин көңүлүңдү кыйбай эле классика кийип жүдөп жатам.

– Бул жашооңорго чейинки сүйүү романдарыңар тууралуу ачык эле айта бересиңерби?
Айнура: – Ооба, ачык эле сүйлөшөбүз. Санжардын мурда кыздар менен түшкөн сүрөттөрүн көргөм. “Бул сүрөттөр ата-энеңдин эле үйүндө калсын. Эгер экөөбүздүн үйгө алып барсаң, өрттөп салам” деп айткам.
Санжар: – Эми ал мурдагы нерсе эстелик болуп кала берет. Эркек болгондон кийин менде деле сүйүүлөр болгон. Бирок чыныгы сүйүүңө келгенде анан турмуш курат экенсиң. Айнура менин кечиккен махабатым болду. Андан эч нерсени жашырбай айта берем.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Айнура Салахидинова: "Ак жоолук салынган күнүм эсимден кетпейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(77)
29.08.2012. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
санжар жана Айнура!
Сарамжалдуу болгула!
Куттуу болсун тоюнар!
Бирдей болсун оюнар! Бакыт каалайм!
29.08.2012. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула жонокой жана ынтымактуу жубайлар!
29.08.2012. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
29.08.2012. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байлык бул колдун кири дееп койушатго сенин байлыкы кызыкпаганын мага абдан жакты мен сага кошулам жашодо бактылуу жашасан ошо чоон байлык бактылуу болгула
29.08.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура канча ай болду андалеке?
29.08.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы кыздар Зари м'н Айнуранын экоонун тен эри оздорунон бир топ улуу, буга эмне себеп? Албетте акча. Санжар Айнураны клип тартып берип алдап алса, Тимур Зарини ишканасы м'н арбап алды окшойт. Айтайын дегеним ушундай сулуу, элдин козуно тушуп калган кыздар алардын байлыгы болбогондо тийбесе керек эле. Болбосо аларга деле зарылбы, уйлонгон эркекке тийип. Дагы билбейм, бул менин жеке оюм. Бирок эн негизгиси бактылуу болсонор болду да.
29.08.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бактылуу болгула!
29.08.2012. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jiku_83 бирге иштегенстерби?
30.08.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнуранын жолдошу мени менен тең экен.кеч болсо да бактылуу болгула!
30.08.2012. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bak taalai kaalaim
30.08.2012. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!кармашкан колунуздар узулбосун!
SUPER.KG видео
30.08.2012. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
30.08.2012. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык айтылган жакшы каалоо тилектерге кошулам 2 дуйно бактылуулук берсин
30.08.2012. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, кармашкан колунар туболук узулбосун .
30.08.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун вооше коргозбой атат гоо неге андай болтаат
30.08.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eki chontok akcha tolturup chyksam dele kechinde boshop kalat deit go, heheheee, ushul jeri ri kichine ashykcharaak bolup kalgan go deim?
31.08.2012. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуууу болун санжар ака питер айбек (доширак) .
31.08.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Питерде кидалшик деген жэриңер жакпаай турат дагы келет бекен питерге
SUPER.KG видео
01.09.2012. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
конечно санжар брат баарын билет 3 аял алса аялдарынын аттарын айтып берейинби биринчиси орус болчу......мм
01.09.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура аккан суун эми дайым ага берсин акпай калбай. бактылуу болгула
01.09.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,Айнура Санжар.
SUPER.KG видео
05.09.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура.бактылуу болгула!Сенин чыгармачылыгынды сыйлайм.
SUPER.KG видео
12.09.2012. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай эле назик жубайлар го э
SUPER.KG видео
25.09.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
diana345 экоону коро албай жатасынбы? Бакыт каалагандын ордуна ушундай создорду жазгандан уялбайсынбы. Эркек деген эркек да. Чет жакта жургондон кийин журо берет. айнура кечиккен махабатым деп жатат го. Экоо бири бирине жарашып турат экен. Бактылуу болгула ылайым!
SUPER.KG видео
25.09.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура Санжар соонун тугойлор экенсинер. Коп балалуу болгула! Ичи куйгондор суйлой берет. Бактылуу болгула!
16.11.2012. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Айнурка БАКТЫЛУУ БОЛГУЛА свадьбана чакырам деп айтып жатбадын беле классташтарынды
SUPER.KG видео
07.12.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым коз тийбесин!
SUPER.KG видео
31.01.2013. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardygynyzdardyn jyluu sozdorunuzdorgo rahmat! Sanjar ekoobuz biri biribizdi tushunushup jashaibyz en negizgisi. Men baktyluumun!
SUPER.KG видео
11.09.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
SUPER.KG видео
10.02.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санжар брат ийгилик каалайм бактылуу болгула
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо