№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
Ысык-Көл облусунун Түп районунун 29 жаштагы тургуну баңгизатын сатып жаткан учурунда Түп райондук ИИБи тарабынан кармалды. Райондук ИИБге белгисиз айым баңгизат сатууга камданып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Оперативдүү түрдө түзүлгөн ыкчам топ баңгизатын сатуучу айымдын өздүгүн аныктап, ал Түп районунун жашоочусу Т. аттуу айым болуп чыккан. Ыкчам топ сатып алуучулардын ролунда болуп, товардын баасы жана соодалашуу орду туурасында алгач макулдашышкан. 27-август күнү саат 1:30дар чамасында атайын түзүлгөн топ товарды сатып алуу үчүн сүйлөшкөн жерге келип, баңгизатын саткан айымды кармашты. Тинтүүдө жанынан баңгизат салынган, ар бири 208 граммды түзгөн 16 кутуча алынган. Кармалган жаран Түп районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалып, кылмыш иши козголду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |