ТҮГӨЙЛӨР АДАШТЫ же Мирлан Нэнаны тандаганда...

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж

.Өзүңүздөр көрүп тургандай, Мирлан Баеков келинчеги Созул, Нэна жолдошу Майрамбек, Ынак Осмоналиев алган жары Сырга жана Максат Бегалиев жубайы Назгүл менен биздин «Таттуу түгөйлөр» аттуу оюнубузга катышышты. Эми байкайлы, бул ырчылар канчалык деңгээлде жуптарын жакшы билишерин.

1. Биз оюнчуларды айымдардан жана мырзалардан турган эки топко бөлүп алдык. Алгач мырзалардын көздөрү таңылып, ар ким өз жубайын колунан кармап тапмай болушту. Жигиттердин көздөрү таңылгандан кийин биз тапшырманы татаалдатуу максатында кыздардын катарына кесиптештерибизди кошуп, анан да орундарын алмаштыра салдык.
Бул оюнда адашуулар көп болду. Нэнаны жолдошу Майрамбек эки жолу туура таба албай, башын кашыды. Акыры сүйгөнүнүн жылуулугу сезилдиби, таап кетти. Ал эми Максат биздин кабарчы кыздын колун бир топко сылап турду, окшоштурду окшойт. Акыркы мүнөттө айнып кетип «кайра бир жолу мүмкүнчүлүк бергилечи» деп жатып кара көзүн тапты эле, эмне кылар экен деп биз акырын өз аялын ордуна отургузуп, Мирлан Баековдун Созулун чыгарып койсок, ырчы жигитибиз санын чаап, эмоциясын жашыра албай калды. Анан туура эле тапканын айтканыбызда эс ала түштү. Ынак Осмоналиев карт бөрү да, бир мээлегенде эле Сыргасын тапты. Кезек Мирлан Баековго келгенде чатак болбодубу. Мирлан той-топурлап жүрө берип аялынын колун көп кармабайбы, айтор, Нэнаны тандап албаспы! Ошентип, биринчи оюнда Мирлан Баеков Созулун Нэнага алмаштырды.

2. Кийинки кезек айымдарда болду. Көздөрү таңылган айымдар эми өз кожоюндарынын буюм-теримдерин кармап көрүп, аларды баштыкчасына чогултушмак. Столдун үстүнө мырзаларга тиешелүү да, тиешеси жок да буюмдар аралаш коюлду. «Айымдар тиричиликке бышык келишет» деген чын эле экен. Көп деле жаңылышпады. Болгону, Максат Бегалиевдин аялы Назгүл «жүз аарчыны ашыкча алып алганмын го...» деп турса, Максат «меники» деди эле, «мындай түстөгү жүз аарчыны башка сүйгөнүң белек кылган бейм?» деп тамашалап калды. Нэнанын жолдошу сыра сүйүүчүлөрдөн окшойт, ырчы кызыбыз сыраны ашыкча алып алыптыр. Ал эми бул оюнда Ынак мырзанын сулуусу Сырга машинанын ачкычынын желбирөөчүн (брелогун) таап, бирок ачкычын таппай калды.

3. Үчүнчү оюн кайрадан жигиттерге өттү. Жыт туюмдун жардамы менен келинчектерин табуу керек. Бул оюнда Ынак мырза билгизбей айымдарды тизеси менен текшерип жатса деле жубун таппай калып, «жыт туюмум начар» деп кутулду. Кайра эле Мирлан Баеков адашып, Максат Бегалиевдин аялынын жытын «менин аялымдыкы» деп «менчиктеп» алды. Калган мырзалар адашпай эле өз жарларын табышты.

4. Төртүнчү оюн суроо-жооп түрүндө болду. Ар бир оюнчуга өздөрүнүн жуптарына ылайык суроолор жазылган баракчалар таратылды. Жооп жазылган соң баракчаларды жыйнап алдык. Анан кайра эле ошол суроону жуптарга алмаштырып бердик. Ынак Осмоналиевге «аялыңыз ачууланганда эмне деп урушат?» деген суроо берилген. Бул суроого ырчы мырза «унчукпай коёт» деп жооп жазыптыр, Сырга жеңебиз деле «унчукпай коём» деген окшош жообун берди. Ал эми Сырга айым «Ынак байкебиз устукандоону билеби?» деген суроого «жок» деп жазган болсо, Ынак ырчы «билем» деп жооп узатты.
Мирлан Баеков «Созулдун канча меңи бар?» деген суроого «мен эмес, өзү да билбейт» десе, Созул да «өзүм деле билбейм» дейт. Ал эми Созулга берилген «Мирландын өзүнө жакпаган дене мүчөсү жана бут кийиминин өлчөмү?» деген суроого «боюнун кыскалыгы, ал эми бут кийиминин өлчөмү – 38-39» деп жазса, Мирлан өзү 39-40 өлчөмдөгү бут кийим киерин жана жакпаган дене мүчөсү жок экенин айтты. Бегалиевдер жана Нэна жолдошу экөө берилген суроолорго сүйлөшүп алгандай туптуура жооп беришти.

Оюндун акырында, өзүңөр байкагандай, Баековдордун үй-бүлөсү адашуу боюнча биринчиликке чыкты. Буга Мирлан мырза ийинин куушуруп, «башкаларга караганда бизде стаж аз» деп комментарий берип күлдү. Оюнда адашкандар боюнча экинчиликке чыккан Ынак Осмоналиевдин үй-бүлөсү жылмайып эле дым болушту. Басар аяк кылып Ынак мырзанын сүйүктүүсү Сырга жеңебиз «ачкычты таппай калганым желбирөөчтөн ажыратып койгонуңардан болду. Эгер Ынак туфлисин койсо, жытынан эле таап коймокмун» деп боорубузду эзсе болобу! Ошентип, оюнубузду аяктап жатып, ар бир үй-бүлөгө «оюндан адашсаңар да, жашоодон адашпагыла» деп каалоо айтып узаттык.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Түгөйлөр адашты же Мирлан Нэнаны тандаганда...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
31.08.2012. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур,молодцы!
SUPER.KG видео
01.09.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо сонун болуптур мага жакты
SUPER.KG видео
01.09.2012. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар аябай сонун оюн болуптур , бактылуу болунуздар бардык тугойлор .Уй -булонуздордун очогу очпосун эч качан .
SUPER.KG видео
01.09.2012. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super oiun boluptur.
SUPER.KG видео
01.09.2012. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар супер инфонун жамааты супер оюн болуптур дайыма окурмандардын маанайын которуп журо бергиле
SUPER.KG видео
01.09.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм дааа жакшы оюн уюштурулуптур,бир корууго болот.Баардык тугойлор бактылуу болушсун!!!
SUPER.KG видео
01.09.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуууууууууууу болгула Мирландын аялы момпосуй го1
SUPER.KG видео
01.09.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кыйын болбой кыргызча эле суйлошсо,же уятпы?!аялзаты кичине ойсекереек,анан обу жогураак келебиз ээ...Макс Бегалиев сагызынды ташта,эрмен жеген эчкидей болбой..калганы жакшы..бактылуу болунуздар..
SUPER.KG видео
03.09.2012. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы оюн болуптур :)))))
03.09.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур оюн.
SUPER.KG видео
03.09.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
счастье всем!! ненанын жолдошу жакты,красавчик экен!
03.09.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жактты мага
03.09.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Сонун уюштурупсуздар мага жакты
03.09.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар супер инфонун жамааты конулду ачып койдунар
SUPER.KG видео
03.09.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы оюн болуптур. Байкуш Мирлан жубайын катуу таарынтып алды окшойт )))
03.09.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кызык оюн болуптур.
03.09.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур оюн
03.09.2012. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ою экем мага жакты, аябай кулдум :))
04.09.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваще хахахаха болуптургооо...
04.09.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ибрагим Жунусов,Бек,Сыймык жана башкаларды да чакыргылачы,көрөлү да...
05.09.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздикилер табышат болду бекен ойноп коруш керек экен
08.09.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gul90, чын эле ай... Форумдагы түгөйлөрдү да сынап көрүшсө жакшы болот эле. Сунушуңду айтып көрбөйсүңбү?
08.09.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ынак байке 15 жыл жашаган учун адашкан жок окшойт жаш тугойлор адашып жатышты
SUPER.KG видео
11.01.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sojakshy oiyun boluptur....
SUPER.KG видео
14.04.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун))))Бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
08.01.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сонун оюн экен мага жакты азаматсынар кыргыз жылдыздары!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо