Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОК ЖӨНӨТҮЛДҮ, САЯСИЙ КҮРӨШТҮН ЖАҢЫ ТҮРҮ...

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж

Болот Шердин Өмүрбек Бабановго кайрылуусу
"САГА БИР ОК ЖӨНӨТӨМ, ЭКИНЧИСИ ӨЗҮМ ҮЧҮН..."

"Мародёр" атыктыргандыгы үчүн ЖК депутаты Болот Шер Өмүрбек Бабановго ок жөнөттү. Кадимки тапанчанын огун. Арга кеткенде ак жеринен жаманатты кылгандар менен ушундайча күрөшүүнү чечиптир, эл өкүлү. Өмүрбек Бабановдун жообу да көп күттүргөн жок.

Урматтуу Өмүрбек Токтогулович!
Сыйлагандыктан эмес, сыпайылыктан ушинтип атап жатам.
Мен, Шер Болот Эсентаевич, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын мүчөсү болгонум менен, 2010-жылдан тарта ден соолугумдан улам саясаттан алыстай түшкөнүм ырас. Ал тургай депутаттык мандатымды таштайын деп лидерибиз Өмүрбек Текебаевге кайрылгам, бирок ал макул болбоду.
Эки революцияны тең жүрөгүм аркылуу өткөрдүм.
2005-жылдын мартын эстегенде ошол революциянын каармандарынын бири Баяман Эркинбаевдин кайгылуу өлүмү көз алдыма тартылат. Бакиевдер аны үч айдын ичинде революциянын баатырынан каракчыга айлантканы эске түшөт.
Ал эми сен мени революционерден мародёрго айлантыш үчүн 2 жыл 3 ай убакыт жумшапсың. Өзүңө таандык НТС телеканалы аркылуу сен мени үч күн бою каралап, элге каракчы-мародёр кылып көрсөттүң, элди ага ынандыргың келди. Мага каршы тапкан күбөң – бир нече жолу соттолгон кылмышкер, жадакалса өз атасы балалыктан кечкен, Кудайдан жөө качкан, азыр да кылган кылмышы үчүн түрмөдө отурган адам болдубу?
Ушунчалык пастыкка түшөрүңдү, ушундай жан кечтилер менен шериктеш экениңди эч ойлобопмун. Манастын арбагы айланган жерден мындай ыплас жан чыкпаш керек эле...
Эсиңдеби, 2010-жылдын 5-апрелинде, революция башталардан бир күн мурун, Таласта өтө турган курултайга жөнөгөнү камданып жатканымда азыркы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев менен келгениң? Эмнеге баратканымды айтып, сага «бизге жардам бер» дедим. Ошондо саясатты жыйыштырып салганыңды айтып, андай иштерге аралаштырбоону суранганыңды сен унуттуңбу?
Эми Таласка барып, Апрель баатырларына эстелик ачып жатасың. Буга сенин моралдык укугуң барбы?
Өмүрбек Токтогулович!
Суроолорума жооп берчи?
Мен ошондо Бишкекке кантип келгенимди сен билесиңби? 6-апрелден 7сине караган түнү колумду кишендеп, башыма мүшөк кийгизип, УКМКнын СИЗОсуна эки ашууну ашырып алып келишкен.
Сен билесиңби, ошол күнү азаматтарымдын канчасын жоготтум? УКМКнын СИЗОсунан чыгарып кетүүгө аракет кылган досум, милициянын полковниги Акжол Камбаров биринчи болуп каза тапты.
7-апрелде эмне кылганымды, ким менен болгонумду, эмнелерге каршы күрөшкөнүмдү сен билбейсиңби?
Инсульттан кийин түзүк сүйлөй албай жатсам да, кыргыз милициясын жыйнап, шаарды сактап калыш үчүн мародёрлорго каршы жоопкерчиликти жеке өзүмө алып, курал колдонууга буйрук бергенимди бүгүн эстегиң жокпу?
Сага жашыруун сырымды айтайын. Документке кол коюш үчүн Шерниязов деген фамилиямды Шер деп кыскарттым. Шерниязов деген фамилияны жазыштын өзү мага кыйын болчу ал кезде, калемди зорго кармап, фамилиямдын алгачкы үч тамгасын араң жазып кол койчумун.
7-апрель күнү Бакиевдердин мүшөгүн, Максим менен Жаныштардын көр дүйнөсүн кеңселеринен көтөрүп качкан мародёрлордун бирине айлантып койдуңбу мени? Сен мени 7-апрелде көрүнгөн үйдүн көр-жерин аңтарып, мүшөк ташып чуркап жүргөндөрдүн бири дедирттиң. Сен мени мародёр депсиң. Эгер мен жөнүндө чын эле ошондой ойдо болсоң, көзүмө тике кара!
Өмүрбек Токтогулович!
Сени ар дайым, кээде партиянын чечимдерине да карабай колдоп келгем. Жердеш катары да, иним катары да. Бирок саткындык сенин каныңда окшойт. Өз досторуңду кандай сатып жүрсөң, сен мени да так ошондой саттың. Мен эч качан креслого, депутаттык мандатка да, генералдык чинге да жабышпагам. Бирок акыйкаттыктан эч качан тайган эмесмин.
6-7-апрелдеги революциянын тарыхы эки ача эмес! Эгер 6-7-апрелдин тарыхын эми сен таянган кылмышкерлер жаза турган болсо, анда Бакиевдердин огунан баатырдык менен жан кыйгандардын арбагын мазактаган мындай азапка мен чыдабайм.
Сен саясий дымагыңдын курмандыгына айландың. Бул ирет сен, сенин досторуң туура эмес бутаны тандашыптыр. Ата-бабаларымдын жана балдарымдын ыйык ысымын сен да, сен жалдаган кылмышкерлер да булгай алышпайт. Сен сымал олигарх эмесмин. Сеникиндей телеканал, гезит, интернет-сайттарым жок.
«Жигитти намыс өлтүрөт» дейт кыргызда. Таластык эркектин ар-намысы, абийири кандай болорун мен сага түшүндүрөйүн. Абийир менен абийирсиздиктин арасы бир гана ок. Сен мага башка арга калтырбадың. Сага бир ок жөнөтөм, экинчисин өзүм үчүн алып калам.
Премьер-министр болуп туруп, сен түрмөдөгү үч мародёр-кылмышкердин билдирүүсүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түздүң. Анда мындай макулдашалы. Эгер «сенин» бул комиссияң менин мародёрлукка кенедей эле катыштыгым бар экенин далилдей алса, анда уятты жууп салуу үчүн мендеги окту өзүмө кадайм.
Эгер «сенин» комиссияң мародёрлукка катыштыгым жок экенин, муну сен мени жаманатты кылуу ниетинде гана жасаганыңды аныктаса, анда экинчи ок сеники. Өзүңө када! Жок дегенде балдарың Кыргызстанда жашап, Талас тарап аларга ачык болсун!

Болот Шер


Болот Шердин кайрылуусуна Өмүрбек Бабановдун жообу
«СИЗГЕ ЧЫҢ ДЕН СООЛУК КААЛАЙМ!»

Урматтуу Болот Эсентаевич!
Сиздин менин дарегиме жөнөткөн кайрылууңуз менен өтө кылдат таанышып чыктым. Биринчиден, сизди кайрадан көрүп жатканыма кубанычтамын. Ал эми кайрылууңуз тууралуу айта турган болсом, албетте, башка партиялаштарыңыз сыяктуу эле «Ата Мекенге» коюлуп жаткан күнөөлөрдү моюнга алуу кыйын болуп турат. Бирок айрым сиздин партиялаштарыңыздын талап-тоноочулукка катышы бар-жогун иликтөө иши аныктап, акыркы сөздү соттук териштирүүдө сот айтышы керек. Кылмыштын мындай түрүнө саясий билдирүү менен эмес, мыйзам чегинде жооп кайтаруу зарыл. Биздин коомдо кимдин ким экенине карабай кол тийбестик болбош керек. Сизге чын дилден ден соолук каалайм.

Урматым менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Өмүрбек Бабанов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(59)
04.09.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабановдун артынан ушактар эл ичинде "жөө тумандай" каптап жүрөт. Мисалы: Тажикстанга контрабандалык жол менен бензин ташыйт имиш. Кантсе да шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт да...
04.09.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги биздин бийлерибизге эмне болгон. Эл баштаарларыбыз ушинтип бири-бирине ок жөнөтүп атышса.
04.09.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушинтип биринин этин бири жеп,бири-биринин козун тазалап отурушуп акыры жок болушат го...
04.09.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олуп кеткиле
04.09.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жакта Болот Шер эмне иш кылды дейсинер да. Кыргыздын токмо акындарын каржылап, айтыш уюштуруп жаткан мына ушул Болоттун иниси Садык. Агасынын ишин улантып келет. Болот Шер байлык бийликтен адамдык абийир бийик коюп, КЫРГЫЗЫМ учун чын дилинен иштеп келатканы келаткан. Ден соолугуна карабай Кыргызстан учун деп алдыга чыгып аракет кылып жургон жигиттердин бири. Бабанов эртен Кыргызстанды сатып кетет, озунор кубо болосунар.
04.09.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо кыргызым кыргыз деген атыбызды унутпайлы,
Кудай жок деп капыр болуп динибизди курутпайлы,
Бетке айткан адилетти октой коруп,
Оо кыргызым озубузду озубуз муунтпайлы.
04.09.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы Болот Шерниязов! Кечирип койунузчу, сизди Шерниязов деп конуп калыптырмын. Сизге ден-соолук каалайм, жана сизди коргонумо чоон ыраазы болуп турам. Сиздин айткан создорунузго коп ишенен, себеби так жана туура бетке айтасыз. Ал эми Бабанов тууралу мен билген эмесмин. Эгер чындап эле унундай жаман жигит болсо, анда биз Бабановту эч убакта колдобойбуз. Талас элин саткан акмак деп эсептеп койобуз. Мен Бабановту мындай жигит эмес деп ойлогом. Кандай болсо дагы сизге ден-соолук каалайм.
04.09.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезинен Болот Шерниязовду министрлике койуш керек. Бабановтун терисин тескери сыйрыйт эле.
05.09.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата Улан ырдаганы чынбы.?
Ищизайищи Натци Ищизайищи Натци.

05.09.2012. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
йа аллах всевышний помоги...........нашему народу............
05.09.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыска нуска дейсинер, бул созго жооп бериштен качканыго. Демек, Бабанов таза эмес! А Болот Шер болсо ашыкча эле тантырап жибериптир. Менда "неллинин" айтканына кошулам 2оон тен олуп 2оон тен калба.
05.09.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ биркун Бабановда качып кетет Таласты эмес Кыргызстанды таштап.
05.09.2012. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи революциядан кийин адашпасам бир жылдан сон ушул байкелер бирге митингке чогу чыгышкан ноябрь айларында конститутцияны озгортобуз деп ошондо оз козум менен коргом ошондо БоЛОТ ШЕР мындай деген; "24 март революциясы манты жегендердин куну" деп айткан. Менимче 24 март дагы тарых бетине жазылган АКаевтин режиминин кулашы деп. ЭмИ ОКко отуптурда эх тантыгым менин. Кол кое албай ШЕРге кыскаркатны укмуш.
07.09.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dets, мантыны Бакиевге карата айткан болуш керек, анткени "мантынын тарыхы бар" аны билет болушунар керек
05.09.2012. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озулорунун ич-ара мамилелерин айтпай эле койбойбу ШЕР.Шер эркекче ШЕР болсон майдалабай!
05.09.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba_kg - 10 күнгө банга!
Биринчиден, жалаң баш тамгалар менен жазууга;
Экинчиден, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
05.09.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Бабановдун ушундай болоорун Ташиев башында эле билген Бабановду жазында эле айдап жок кылыш керек болчу! Эми бийликтен тушкондо ар кимдин бетине коо суйкоп атат! Шер Шердигин кылыптыр!
05.09.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башташты кесмелерди чоюуууп
05.09.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл уже билет Бабановдун ким экенин. Болот Шер сизге ден-соолук каалайбыз. Тезирээк сакайып элинизге кызматынызды улантыныз!!!
05.09.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммда уж
05.09.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоону тен жакшы коруп жаткан жерим жок бири олуп ошол окко бири жарадаар болуп калса конулуи жайына келген болоор эле.
07.09.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шерниязов Шер деп кыскартканы укмуш.аран турса жатпайбы уйундо, шансты кетирбейин деп чыкты да кочого. Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат. Эл озу тараза,билинип турат кимиси...
07.09.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бабанов молодец, бироону чукубайт дагын, озун ишин озу билип кылып журоберт.
07.09.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан онугот кыргызстан, баардык чиновниктер качып кеткендеби?качан дуйнодо эч ким калбай калгандабы? качан жакшы жашайт кыргызстан журок оорусу жок? политикадан качан кутулат жонокой дыйкан? 3 жашар бала да чиновниктерди таанып бутту го.
07.09.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бабанов по любому красссавчик! Шер переборщил, не надо было показуху делать.
08.09.2012. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качанга чейин бирин мактап бирин жамандайсынар.биликтиктегилердин баарын тазалап.жаныдан башынан кадрлар келмейинче карышкырга кой кайтарткандай журо беребиз.
08.09.2012. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шерниязов политический актер,артист да.Корунуп турбайбы артисттерчесинен Шер деп кличка коюп озуно.Уят олумдон катуу деп коет,ошончолук уяты чыдатбаса,бир окту озуно жумшаса болмок,экинчи окко Бабанов да бабаң болмок да...
08.09.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо тен мыйзам алдында жооп бериши керек.Бирин бири куунолобой.
10.09.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ кайран кыргыз элим кандай гана жашоону баштан откоруп атабыз. Ушинтип бири биринин артын чукуй берсе качан онугобуз. Саясаттын сасык тумоосун чондорубуз качан айыгышат? Эх кыргызым кыргызым бизди ойлогон жан барбы? Биз аларды неге эл окулу кылып шайлайбыз? Бирин артын бири чукусун депби же кыргыздын жашоосун жакшыртсын депби.
10.09.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оббоооо куйгузотда! ресторандан тамакты жегенге жарайт кыйналбай эле, параны алып чонтоко салганга жарайт кыйналбай эле оз фамилиясын толук жазганга колу жарабай калганын ооруп. шер болот деп тим эле. мейли бириндин арканды бирин чукуп журо берчи
16.09.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анекдот: кыргыздар менен озбектерди казанга салып кайнатышат дейт, озбектер бирин бири туртушуп, тартышып жатып чыгып кетишет экен, кыргыздар улам чыкканын улам бутунан тартып жатып, баары казанда кайнап, олуп калышат экен даааа
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо