ӨКМӨТ БАШЫНА КИМ КЕЛЕТ?

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж

Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү мандатын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коомчулукту «Коалицияга кайсы партиялар кирет?» деген суроодон мурун премьер-министрликке ким келери кызыктырууда.
Чыныбай Турсунбеков коалициялык бүтүндүктү түзүү мандатын алар замат парламенттеги калган төрт фракция менен сүйлөшүү жүргүздү. Алгач «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов менен сүйлөштү эле, ал партиянын коалицияга кирүүдөгү шарттарын айтып, КСДПнын лидери сунуштап жаткан техникалык өкмөттү түзүүгө макул эместигин билдирди. Техникалык өкмөт боюнча Куловдун пикирин «Ата Мекен» да колдоодо. Коалицияга кирүүгө «Ата Журт» кызыкдар болгону менен, премьерлик орун боюнча пикир келишпей, парламенттик көпчүлүккө кирбей кала турган абалда турушат. Коалицияга кирүү-кирбөө тууралуу алгач ачык кеп салбай жаткан "республикачылар" үч партия тил табышкан соң "Ата Мекен" менен бир коалицияга кирбейбиз" деп чыгышты.

КСДП 15 күндүн ичинде коалициялык биримдикти түзүп, өкмөт башчыга талапкерди алып чыгышы керек. Чыныбай мырза өкмөт башчылык кызматка фракциялардан сунушталган талапкерлердин аттарын жарыялады. Күтүлгөндөй эле КСДП Президенттик аппараттын учурдагы жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди сунуштады. Буга чейин эки ирет өкмөттү башкарган Амангелди Муралиев, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев жана «Ата Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин да ысымдары аталды. Бул акыркы тизме эмес, мындан башка да талапкерлер сунушталууда. Белгилей кетсек, жогорудагы талапкерлердин эң улуусу Амангелди Муралиев 65 жашта, ал эми Камчыбек Ташиев талапкерлердин эң кичүүсү, 44 жашта.
«Республика» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун пикиринде, мындай кырдаалда көпчүлүк фракциялар добуш берүү ыкмасы менен жеңип чыгууну каалашат. Мындай ыкма менен талапкерлерди аныктоо парламенттин тажрыйбасында бар. Акыркы жолу премьер-министрди тандоодо да коалициялык көпчүлүк Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеев жана Равшан Жээнбековго добуштарын беришип, Бабанов көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон.
Азырынча талапкерлер расмий түрдө бекитиле элек. Ал үчүн алгач коалициялык биримдик түзүлүш керек. Гезит басылууга кетерде "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-намыс" бир союзда болору белгилүү болду. Ал эми "Республика" менен "Ата Журттун" айрым депутаттары парламенттик көпчүлүккө кирүү ниетинде турушат.

Кандай гана жол менен тандалып алынбасын, өкмөт башчылык такка ким келбесин, бул ирет премьер-министрди кыйын кезең күтүп турат. Бул өкмөттү чуу менен ээрден оодарган парламент да, акыркы сөзүн айтып, өкмөт башчыны тандоодо чоң роль ойной турган президент да, "Ата Мекен" партиясы да жакшы ойлонор деп үмүт эте туралы. "Ата Мекенди" өзүнчө бөлүп көрсөткөнүбүз да бекеринен эмес. Ал – авторитардык режимге бөгөт коюунун бирден-бир жолу деп башкаруунун парламенттик түрүн өлкөбүзгө алып келген партия. Парламенттик өлкөдө спикер менен өкмөт башчынын таасири күчтүү болуш керек эле. Таасирдүү парламент башчысын кайсы бир катасы үчүн ээрден оодарып, ордуна башкарууга, таасир этүүгө ылайыктуу төраганы шайлашты. Кыска убакыттын ичинде саясатта чоң фигурага айлана алган өкмөт башчы да ошондой тагдырга туш болду. Эми саясаттан алыс техникалык өкмөт түзүүнү сунушташууда. Мындай жол менен бара берсек, бардык бийлик президенттин колуна топтолгон күнгө кандайча барып калганыбызды да аңдабай калышыбыз мүмкүн. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 24-премьер-министр шайланганы турат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
03.09.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимиси болбосо
03.09.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таши келсе экен
03.09.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үч батаник тен болбойт. Камчыбек Ташиев болсо алдыга жылышыбыз мумкун .
03.09.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыбек Ташиев иштейт..ошону кылыш керек окмот башчысы...
03.09.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимин келсенда Кыргызстандын келечегин ойлогула алакандай элди багаалбай ушунча ызы чуу болосунар колунурдан келбесе мага бергиле кыргызстанды 5 жылда бутуна тургузуп койом уят эле чон мамлекет болсок бир жон кантип алакандай элди башкара албайсынар
03.09.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыке давай. Си3ди алла талла колдосун.
04.09.2012. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын баары эл учун чын журоктон иштешпейт. Жалан оздорун ойлошот. Озу кыргызстанды дуйно козуно корсото турган жалгыз адам ал Адахан Мадумаров. Ал келсе коррупция тээ Ош базардын менттерине жетип жок болот. Темирдей болгон Адахан керек азыркы Кыргызтанга.
05.09.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tagaiberdikgiskra89, Адахан Мадумаров жеткен шалуун да. Сен ага дагы эле ишенип журосунбу? Сен ага такыр ишенбе.
04.09.2012. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси болсо да пайдасы тийсин эми
04.09.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ташиев болсум ал киши татыктуу
04.09.2012. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев татыктуу.
04.09.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыбек Кыдыршаевич татыктуу адам!
04.09.2012. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tawiev okmot baw4y boluw kerek!!!
05.09.2012. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев эч убакта болбойт. Жана ага татыктуу эмес. Жантөрө Сатыбалдиев болот.
06.09.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., Эгерде таза жана тунук шайлоо ото турган болсо. Анда Камчыбек Ташиев приздент болмок . Бул жерде бир да чындык жок болуп жатпайбы.
06.09.2012. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааlаibеk. Сен мени 23 жылдан бери билген адамдай жазып коюпсунго. Анан не сага ишенейнби? Эгер Мадумаров шалуун болгондо сенден мурда билет болчумун. Сага окшогондор кыргыздын таза инсандарын болбогон создорду айтып жаманатты кыла берет.
08.09.2012. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саясатчылар бирин бири жеп атат форумчулар кем калабы алардан бул жерде деле жейберели бири-бирибизди давай уланта бергиле...
09.09.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман бир туугандар койгула жок дегенде форумда бири-бирибизге соз айтпай ойунарды айткыла. Ким кандай ойлойт ал аркимдин озунун абийрине байланыштуу. Камчыбек Ташиев сизди колдойбуз! Алга Ата-Журт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо