Гүлжигит Калыков: «ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАРЫ ПРОДЮСЕРИМ МЕНЕН УРУШТУРУШТУ»

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж

– Кандайсың, Гүлжигит? «Евразия жылдызында» жаркырап жангандан кийин эле эс алып бүтпөйсүң, катуу чарчагансың го?
– Сынактан соң айылдаштарыма барып түлөө өткөрүп, батасын алып келдим. Жайлоого чыгып кымыз ичип, ат минип, таза абадан кере дем алып эс алдым. Анын үстүнө быйыл жогорку окуу жайды аяктап, диплом колго тийди. КМКТАУнун Жаңы технологиялар институтунун информатика жана экономика бөлүмүн аяктадым. Айылга барып жөн гана эс албастан, жакшы наамдарга да ээ болуп кайттым.

– Эмне болгон сыйлык?
– Өзүм төрөлгөн Ак-Муз айылынын элинин демилгеси менен «Ак-Муз айылынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарып, сүрөтүм түшүрүлгөн күбөлүк беришти. «Нарын облусунун ардактуу атуулу» деген наамды Нарын облустук администрациясы чакырып, салтанаттуу түрдө тапшырды.

– Куттуктайбыз! Маданият министрлигинен кайсы бир наамга көрсөтүлдүңбү?
– Жок, эч кандай наам берүү тууралуу сунуш түшө элек. Чынын айтсам, диплом да ала элекмин.

– Жогоруда айтылган наамдарды алгандан кийин өзүңдү дагы бир тепкичке көтөрүлгөндөй сезип калсаң керек...
– Андай деле болбоду. Болгону, ата-энемдин ошол маалдагы кубанычы мени бир эмес, андан да жогорку тепкичке көтөрдү.

– «Гүлжигит «Евразия жылдызы» болгондон кийин өзгөрүп, күйөрмандарын үстүртөн карап калды» деген сөздөр айтылууда. «Курсуңду» чын эле көтөрүп жибердиңби?
– Туура эмес айтылган кеп. Ар кандай учурлар болот, кээде шашып жатканда күйөрманыма кол тамга бергенге үлгүрбөй калышым мүмкүн. Ошондон улам эле «керсейип калыптыр» деген сөздөр чыкса керек.

– Продюсериң менен таарынып, кайра элдешкениңерге эмне себеп болду?
– Мен продюсерим менен эч кандай урушуп-талашып, таарынышып кетпедим. Болгону, өзүмдүн жумуштарым менен жайдын бир топ убагында өзүнчө болуп калгандыктан, ушундай сөздөр чыкты. Экинчиден, интернет булактарында менин атымды жамынып Гүлжигит Калыков болуп жүргөндөр көп. Бир жолу Канат байке экөөбүз чогуу отуруп алып эле ал колдонуучулар менен аябай урушканбыз. Ошондон улам да «Канат Култаев Гүлжигит менен урушуп жүрөт» деп кеп таркатып жиберишиптир. Ошентип, интернет колдонуучулары продюсерим менен уруштурушту. Ал элге бат эле тарап кетти.

– Жылдыздардын популярдуулугу жогорулаган сайын ставкалары да көтөрүлөт. Алгач канча суммага ырдаганың эсиңдеби?
– Акча тууралуу көп сөз кылбайбыз. Эң биринчи жолу мектеп жашында тойго барып ырдап берсем, кыстырма кылып беришкен. Ошол акчага мектепке керектүү курал-жарактарды алгам.

– Айрым ырчылар өздөрү обон жаратып, ыр жазып жүрүшөт. Сенде мындай талант жокпу?
– Мектепте окуп жүргөндө ырдын сөзүн, кийин обон да жазып көрдүм. Бул талантымды ата-энеме жана продюсериме бир обон аркылуу көрсөткөм. Бирок чийкирээк болгондуктан, жакшылап бышырып жатам. Талант демекчи, кичинекей чагымда сүрөт жакшы тартчумун. Азыр бул өнөргө көп маани бербей калдым.

– Интернет булактарына «бул Гүлжигиттин сүйгөнү» деп сулуу кыздын слайд-шоулорун чыгарып жатышат. Чынында эле сүйгөнүң барбы же пиар үчүн атайылап жасалган ишпи?
– Учурда мындай видеолор популярдуу болуп кетти. Жеке эле мен эмес, көп сахналаштарым ушундай абалга кабылып жатышат. Балким, ошол кыздар биз менен сүйлөшкүсү келет же досторуна мактаныш үчүн да жасап коюшат окшойт. Мындай видеолор менен пиар жасоого барбайм. Биздин чыгармачылыгыбыздын баары Канат байке аркылуу ишке ашат. Ал эми продюсерибиз андай ишке барбайт го. Учурда сүйгөн кызым жок. Себеби кыздар менен таанышып, сүйлөшүүгө убактым тар. Бош убактыбызда машыгуу залдарына барабыз. Артыкча быйыл сынакта жүрдүм, анан диплом жактоо менен алек болдум.

– Таптакыр эле кыздар менен сүйлөшпөйм дегениңе ишенген жокмун...
– Албетте, адам болгондон кийин сүйлөшөсүң. Мектепте, студенттик кездерде болгон. Бирок ачуу сүйүүгө кабылып көргөн эмесмин. Ачуу дегеним, ал сүйүү үчүн жапа чегип, кыйналып же дагы бир жоруктарга барган учурлар.

– Мындай деп коёлу, эгерде Канат мырза экөөңөргө бир кыз жагып калса кантесиң?
– Бир кызды сүйүп калбайт болушубуз керек. Андай болбой эле койсун, эгерде жашоо бизге ушундай тамаша салса, Канат байкеге жол бошотуп бермекмин.

– Сүйүүң үчүн күрөшпөйт турбайсыңбы?
– Кандай болбосун, улуу адамдын жолун торобойт болчумун.

– Күйөрман кыздарың көп. Эгер ошондой сен үчүн баарына даяр бир кыз сенден балалуу болом деген суранычын айтса эмне кылар элең?
– Менден балалуу болгусу келген кыз менин болочоктогу келинчегим болуш керек. Эгер ал кыз жубайым болууга макул болсо, албетте, балалуу болууга аракет кылам.

– Сенин №1-душманың тойго чакырса ырдай бересиңби, эгерде продюсериң менен сүйлөшүлсө?
– Азырынча душманым жок. Кыргызда жакшы кеп бар «таш менен урганды аш менен ур» деген, анын сыңарындай, душманым болсо деле тоюна барып ырдай берем.

– Чоң бир сынакты майтарып, жеңиш менен келдиң. Эми дагы кайсы сынакты багындырайын деген ой бар?
– Сынактарга катышууга ар убакта даяр турууга аракет кылабыз. Бирок муну менен ар бир жарыяланган сынакка катыша берүү да туура эмес. Ырчылардын өзүнүн ырдоо стили, форматы болот, эгерде жарыяланган сынак мага ылайык болсо катышам.

"МЕНИ БАЙЛЫК ӨЗГӨРТПӨЙТ"
– «Эркек бул – ...» деген фразаны кандайча уламак элең?
– Эркек бул – үйдүн башы, жоокер, ата деп уламакмын.

– Клубдарга эс алууга барасыңбы?
– Жок, андан көрө телевизордун алдында отуруп эс алуу артыгыраак.

– Жаш акындардын ырын деле ала бересиңби же мыкты жазган, белгилүү акындарга кайрыласыңбы?
– Текст мыкты болсо ала берем.

– Адабий китептерди окуйсуңбу?
– Ооба, апам мугалим болгондуктанбы, айтор, китеп окуганды жакшы көрөм.

– Пенсияга чыкканда эмне менен алек болоруңду ойлонуп көрдүң беле?
– Ал жөнүндө толук ойлоно элекмин, убактысы келе берсинчи.

– Акчаңдын көбүн эмнеге коротосуң?
– Кийим-кечек сатып алууга, тамак-ашка жана бирдикке коройт.

– Байлык сени өзгөртө алабы?
– Канчалык адам жөнөкөй болсо, ошончолук зоболосу бийик болот. Мени байлык өзгөртпөйт.

– Ырчы болуу үчүн өң-келбет роль ойнойбу?
– Кайсы бир учурда ойноп калат.

– Телефонуңдун номерин бат-бат алмаштырасыңбы?
– Продюсер менен иштеше баштагандан тарта 4 жолу алмаштырдым.

Бахияна Сатылганова
(Айрым сүрөттөр Гүлжигиттин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Гүлжигит Калыков: "Интернет колдонуучулар продюсерим экөөбүздү уруштурушту"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
31.08.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maek boluptur, azamat, talattu jigit. Iygilik saga Guljigit!
SUPER.KG видео
01.09.2012. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat! Kyiyn jigit, baardygyn ordumu menen suiloit.
SUPER.KG видео
01.09.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат талантынызга таазим, алган наамдарыныз кут болсун мындай ийгиликтердин дагы кобун багынтын жакшы маек болуптур.
SUPER.KG видео
03.09.2012. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогон созу ордунда мыкты жигит
SUPER.KG видео
03.09.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вааай ээ кыргыздык кызы болуп турап ушундай кыргыздын татына жигити бар экенин билбептирмин Гулжигит ийгилик сага! мага жактын сен!
03.09.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер. Азаматсын!
03.09.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык иийгилик Бийназар аябай окшош экен,
03.09.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Гулжигит кыргызымдын желегин бийик-бийик которо бер!
03.09.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйорманы окшош го
03.09.2012. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат. Ийгилик. Мындан да жогорку ийгиликтерге жетишишинди каалайм
03.09.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets Guljigit!!!
03.09.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Гулжигит! Канатандыраарлык интервью берипсин. Чон рахмат!
SUPER.KG видео
03.09.2012. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatishka как ты незнала об этом парне
Модератор MiranA түзөттү 04.09.2012 09:18
04.09.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guljigit saga iygilik! kuermanyn saga ayabai okshosh eken bratishkango dep oilogom
04.09.2012. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулжигит сени ГУ ЖУН ПЬЁ кылып койсо не кыласын ))))
04.09.2012. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat bizdin jyldyzduu jigitterdin biri talantyna taazim !!!
04.09.2012. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beinazar ekoo ten ayabai okshosh eken airykcha murdulary )))))
04.09.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат-Гулжигит! Ар дайым бар бол,аман бол!!!
05.09.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Менден балалуу болгусу келген кыз менин болочоктогу келинчегим болуш керек". Эң мыкты жооп! Азаматсың! Өркүндөп өсө бер!
SUPER.KG видео
06.09.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ойлопмун "ник" деп слайд-шоусун коруп! ушул имиджи озун сонун жарашат экен анан дагы жылдыздуу корсотот экен!жыла бергиле алдыга!
07.09.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчегг:))
08.09.2012. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты мырза экендиги корунуп турап! Бийназар экоону бир туугандар, ага-ини деп ойлоптурмун биринчи коргондо. Азаматсын Гулжигит! Кыргызстанда сендей таланттуулар кобойо берсин!
SUPER.KG видео
08.09.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит сен азаматсын сенин дарегине айтылып жаткан ушактарга эч качан озуно кабыл алба сен мыкты болгонун учун ушактар айтылып жатат чыгармачылыгына ийгилик алдыга карай умтула бер ар дайым бар бооооол сени м.н сыймыктанабыз...
SUPER.KG видео
09.09.2012. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгына ийгилик... Барга коппо жокко чокпо... ЭЛ УУЛУ БОЛ!!!
09.09.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик каалайм. Кызыктуу маек куруп берипсиз .азаматсыз!!!!!!
10.09.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик.АЗАМАТ!
13.09.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Гулжигит! Сага чыгармачылык эргуу каалайм. Жараткан сенден эч качан жакшы кундорун аябасын.
SUPER.KG видео
11.10.2012. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!жакшы бала бул))татыктуу.ийгилик!!
29.10.2012. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит байке коп ойлойт экен, ийгилик ишинизге, ден соолук жана бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
17.08.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой бирок жагымдуу жигит ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо