«КЫЗ-КҮЙӨӨНҮН ТӨШӨКТӨРҮН ШУРУ МЕНЕН КООЗДОЙМ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Талас базарын аралай жүрүп өзгөчө жаңылыкка туш болдум. Кыз себин даярдап саткан Айнура аттуу айым күйөө-кыздын төшөнчүлөрүн шуру менен кооздойт экен. Көз жоосун алган буюм-тайымдардын ээси, уз келинди сөзгө тарттым.

– Айнура, «Кыз себи» чакан ишканасын канча убактан бери иштетип келе жатасың?
– Талас шаарында бул ишкананы ачканыма 2 жыл болду. Ага чейин Кең-Арал айылындагы үйүмдө 18 жыл бою узчулук кылып, жууркан-төшөк, шырдак жасап, сатып келгем. Көбүнчө заказ менен даярдайм. Курактарга оюм-чийим, пейзажды көп колдоном.

– Шурулар менен кооздой баштаганыңа канча убакыт болду?
– 2 жыл болуп калды. Кыз-күйөөнүн жуурканы «Махабат жуурканы» деп аталат. Заказ берүүчү гүлдүн сүрөтүн, мисалы, ландыш, роза, астра же жаныбарлардын (ак куу, чабалекей жана башка) элесин түшүрүп бериңиз десе, алардын айтканындай жасайм.
Көшөгө заказ беришсе, аны да шурулар менен шөкөттөп даярдайм.

– Узчулук өнөрдү канча жаштан баштап аркалап келесиң?
– Узчулук апамдан өткөн. 4-класстан баштап өзүмдүн себимди камдап баштагам. Апам уз болгондуктан, «бул жерин мындай көктө, бул жерин минтип кооздо» деп көргөзүп берсе, ошондой жасаганга тырышчумун. Ошентип, тажрыйбам артып, акырында өзүмдүн идеяларым боюнча сүрөт тартып, курак курап баштагам.
Шурулар менен жайнамазды да, дубалга илинүүчү сувенирлерди да кооздойм. Мисалы, матага Кааба мечитинин сүрөтүн шуру менен чагылдырам же Алла деп жазып берем.

Дариха Солтонгелдиева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо