ДАРАКТЫН ТАМЫРЫНАН ДА ЧЫГАРМА ЖАРАЛАТ

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Кесибибизге байланыштуу Нарын районунун Достук айылына Ат-Башы ГЭСи тууралуу маалымат алуу үчүн сапар алдык. Дароо эле көзүбүз кайсы бир чебердин колунан жаралган сүрөттөргө урунду. Ушундан улам «бул эмгектердин ээси ким болду экен?» деп сураштырып отуруп, Жайлоо Бакасовду кезиктирдик.

Өнөр бардык адамда болот, бирок аны пайдалана билүү көп­чү­лүктүн колунан келе бербесе керек. Мына ошондой таланттын ээси болгон Жайлоо Бакасов 1979-жылы ас­керден келип, кесибин операторлук кызматтан баштайт. 1983-жылдан тартып кеңири электр участогунда слесарь болуп эмгектенет. «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет» демекчи, каарманыбыз 40 жылдан ашык иштеп, жумушу экинчи үйүндөй болуп калган. Артына карап кылчайып, 40 жылдан ашык өмүрүн ошол жакта өткөргөнүнө өкүнбөйт.
Жайлоо аганын бай дүй­нөсүнө баш багып, сүрөт­чүлүк, чеберчилик өнөрү менен жакындан тааныштык. Алгач эле көзүмө гүлдүн сүрөтү урунду. Гүлдүн сулуулугу, назиктиги бир ажайып. Өзгөчө мени анын эмгекчилдиги таң калтырды. Суу киргенде бак-дарактарды суу алып кетет. Ошондо ар кандай нерселердин фигураларына окшогон бактын тамырларын табууга болот. Мына ошол жыгачтарды терип, формага келтирип, сувенирлерди жасайт. Жайлоо агайдын дагы башка сүрөттөрүнө, эмгектерине кийинки сандарда сапар алабыз деп күтүп туралы.

Эльвира Караева, Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо