Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«НАКЫЛ СӨЗ КУРАП ЖЕҢҮҮЧҮ АТАЛДЫК»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Адатта тээ тоолуу аймактарыбыздагы жердештерибиз бардык жаңылык, маалыматтан кеч кабардар болот деп ойлойбуз. Бирок таланты ичине батпай ар кандай сынактарга катышып, жеңүүчү аталып жүргөн замандаштарыбыз жок эмес. «Аялдарды коргоо уюму» тарабынан өткөрүлгөн интернет дүйнөсүндө ала качуу боюнча накыл кептерди куроо сынагы өткөрүлүп, сынакта жеңүүчү аталышкан жубайлар Чаткал районунун Камыш-Кыя айылынын тургундары. Нукура кыргыз сөздөрү менен накыл сөз курап жеңүүчү аталган жубайлар Мухамедалы, Самара менен маек курдук.

– Бул сынакка кандайча катышып калды­ңыздар?
Мухамедалы:
– Бир таанышым бар эле, Мирлан деген. Интернет кызматынан аябай көп пайдаланчу. Ошол жигит бир күнү кыз ала качуу салтын жоюу максатында сынак уюштурулуп жаткандагын айтып калды. Өзүм чыгармачылыкка жакын адам болгонумданбы, айтор, кызыга түштүм. Сынактын шартын сурасам, кыз ала качуу тууралуу кыска-нуска кылып таасирдүү накыл сөз жазуу керек экен. Үйгө келип жубайым экөөбүз акылдашып, күчүбүздү сынап көрөлү деп чечтик. Анан жубайым менен сөздөрдү курадык.

– Жеңүүчү болобуз деп ойло­дуңуздар беле?
М.: – 1-орунду алам дебесем да, байгелүү орундарга илинем деп ойлогом.
Жубайым менен ата-энебиздин макулдугу астында баш кошконбуз. Биз тоолуу аймакта жашаганыбыз үчүнбү, ала качуу көп катталчу. Аларды көрүп кейичү элем. Ошол нерсе мага түрткү болду. Диплом жана акчалай сыйлык менен сыйландык.
Самара:
– Республика боюнча өткөрүлүп жаткан соң биз жеңишке жетишпесек керек деп ойлогом. Бирок жолдошум өзү чыгармачылыкка жакын адам болгондуктан, ал жеңишке жетишсе керек деп үмүттөнгөм. Бирок жыйынтыгында мен 1-орунга, ал 2-орунга ээ болду (күлүп).

– Азыр да коомдо ала качуу көппү?
С.:
– Жок , азыр ал нерсе, менимче, аябай аз катталып калды.

– Маегиңиздерге чоң рахмат.

Эскерте кетсек, бул сынак интернет аркылуу жүргүзүлгөн. Андагы же­ңүүчүлөрдүн кураган накыл сөздөрү республиканын түр­дүү аймактарына жазылат экен.

Гүлжан Эшбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
11.09.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не деген накыл создор экен?Жазып койбопсунар даа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо