«ДАРЫГЕРДИН АЙЫНАН НАРИСТЕМ ЧАРЧАП, ӨЗҮМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫМ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Кеңсебизге телефон чалган айым «Супер-Инфо» гезити Ысык-Көл аймагына да ачылганын угуп, «көктөн издегеним жерден табылды» деп кубанды. Кубанычтын артынан Лена айым өз арманын айтып жүрөктү оорутту.

«СЫГЫП ТӨРӨТКӨНДӨН УЛАМ КУЙМУЛЧАГЫМ СЫНЫП...»
– Бир кезде биздин үй-бүлө бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктачу. Жолдошум экөөбүздүн үч кызыбыз бар. Кудайдан уулдуу болсок экен деп тилеп жүрүп, бир жыл мурун, 45 жашымда боюма бүттү. Ай-күнүмө жеткен соң өзүбүз Жети-Өгүз айылында жашасак да, Каракол шаарындагы төрөт үйүнө келдик. Жашым өтүп калгандыктанбы, айтор, абдан кыйналдым. Канчалык кыйналсам да врачтар көңүл бурбай коюшту. Толгоом катуу эле, төрөй албай жатканымда үстүмдөн аябай катуу басып, баланы сыгып алышкан. Күч менен сыкканда менин жамбашым ажырап, куймулчак сөөгүм сынып кетиптир. Бирок жанымды оозума тиштеп төрт күн толготуп, 1-февралда наристем жарык дүйнөгө келди. Биз каалагандай уул экен. Бирок балабыз 8 саат гана жашап чарчап калды. Анын себебин дарыгерлер менин 45 жашка чыгып төрөгөнүм дешти. «Ымыркайдын жүрөгүндө тубаса тешиги бар экен» деп түшүндүрүштү. Баланын жүрөгүндө тешиги бар экенин аныкташ үчүн соёлу дегенде кызыл эт немени сойдургум келген жок. Мусулманча жаназа окутуп жерге берели деген чечим менен сойдурган жокмун. Бала чарчап калгандан эки күн өткөн соң өз каалоом менен ооруканадан үйгө чыгып кеттим. Убакыт өтүп жараатым өз калыбына келер деп ойлогом. Төшөктө эки ай жаткан соң такыр кыймылдай албай калдым. Караколдогу шаардык дарыгерлерди чакырганыбызда алар «Бишкекке барып, текшерүүдөн өт» дешти. Бишкекке келдим. Алар текшерип жатып «төрөт учурунда жамбаш ажырашы мүмкүн, бирок куймулчак сынып кеткенин биринчи жолу көрүп жатабыз» деп таң калышты. Ушул убакка чейин төрөттөн куймулчак сөөгү сынып кеткен аялзаты болбогондугун уктум. Анан жүрөгүндө тешиги бар бала деле жакшынакай жашап жүргөндүгүн угуп-көрүп туруп, баламды да оор жаракат кылып өлтүрүп алышканбы деген ойго кеттим. Баарынан да күмөн санап жашоо жаман экен. Ошол кезде баланы текшертип көргөндө баары айдан ачык болмок. Бир чети баламдан айрылып, экинчи жагынан өзүм майып болуп калганыма ичим ачышып, кыйналып жашап келем.

«КАРЫГАНДА ТӨРӨГӨНДӨН УЯЛБАЙСЫЗБЫ ДЕШТИ»
– Мени ушунчалыкка жеткирген дарыгер бир басып келип абалымды сурап койбогонуна ызаланып, жолдошум укук коргоо уюмуна арыз жазган. Бирок «улгайган куракта төрөгөндүгү үчүн жамбашы ажырап, куймулчак сөөгү сынып кеткен. Бала болсо тубаса жүрөгүндө тешиги бар экен» деп жыйынтык чыгарып коюшту. Айрымдар сотко бер деген кеңештерин айтууда. Бирок ага дагы күчтүү адвокат жалдаганга аз эмес каражат керектелерине көзүм жетип турат. Чет өлкөлөрдө 60 жаштагы аялдар жакшынакай төрөй алат, бизде 45 жаштагы аялзаты эне болууга болбойбу? Учурда куймулчак сөөгүм айыкпай, аркама эки темир коюлган. Калыстык издеп көп жерге бардым, бирок... «Айткандын оозу, көргөндүн көзү жаман» дегендей, мен жабырлануучу катары кайрылып жардам сурагандардын арасында «карыганда төрөгөндөн уялбайсызбы» деген адамдар да болду. Мен эне болуудан эмнеге уялышым керектигин алигиче түшүнө албай бушайманмын.

«МАЙЫП АЯЛДЫН КЕРЕГИ ЖОК ЭКЕН»
– Көр оокат, турмуш-тиричилик менен күндөр өтө берди. Азыркы заманда жумуш жасай албасаң кимге жагасың да, кайсы адамга керексиң? Кайын журтум «бизге майып келиндин кереги жок» деп, акыры жолдошум экөөбүз ажыраштык. Бирок кандай болгон күндө да жолдошума эч кандай күнөө коё албайм. Себеби ал дагы аркасында туяк калса деп тилейт. Мурун жолдошум мектепте кароолчу болуп иштеп үч кызыбызды жетишерлик бага алчу. Эми жалгыз калдым. Улуу кызым турмушта, канчалык апакелебесин баары бир анын үй-бүлөсү башка. Эки кызым мага күч кылбайлы, мени айыктыралы деп иштеп жатышат. Күн бүркөлгөн сайын ооруганым ооруган. Апрель айында борборго барып аркама, астыма коюлган темирди алдырайын десем, дарыгерлер «азырынча эрте. Күзүндө келип көр, ага чейин бутуңа кий» деп бир байпакты жазып беришкен эле. Анын бирөөсү эле 2000 сомдон экен. Ага дарманым, каражатым жетпейт деп тим болдум.
Санаа, кайгы, өкүнүч менен жата берип абдан зериктим. Жумуш издеп, беш сом болсо да тапсамбы деп ооруган бутума көз жумуп, жакындан бери керектөөчүлөрдүн укугун коргоо уюмунда кызматкер болуп иштеп жатам. Бул жерде да жумушубузга жараша айлык. Кээ бирде такыр акча албай иштөөгө туура келет. Ошентсе да жумушум бар деп алаксып калдым.
Менин акыркы үмүтүм силерде, гезитке жазсаңар, мени төрөткөн ординатор-врач Элмира Барктабасова өз күнөөсүн сезер беле?.. Мени түшүнүп, өзүн менин ордума коё билген адамзаты чыгабы?..

Мына ушундай тагдырын айтып келген айымдан соң бир тараптын гана чындыгын жазбайлы деп Каракол шаарындагы төрөт үйүнө кайрылдык. Бирок биз издеген ординатор-врач эс алууга чыкканына байланыштуу үч ирет барганыбыз менен, ал жактан маалымат ала албадык. Августтун башында барганыбызда «августтун аягында эс алуудан келет» дешкен, сентябрда барсак «сентябрдын аягында келет, өзү жооп берет» деген сөздөрдү уктук. «Уккан кулакта жазык жок» дейт, бирок ал дарыгер дагы бир ушундай окуяга туш болгонун сыр кылып айтып бергендер да табылды. Макаланы окуса, балким, жогоруда аты аталган дарыгер кайрылар, анын да жообун угууга даярбыз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
10.09.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтарга кунун тушпосун,Кудай сактасын,коп адамдар врачтардын шалаакылыгынан олуп кетип атышат
16.09.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
solnyshko, Врачтар болгон кучун ишке салат алар да ойлобогон иш болот если врачтар болбосо адам заты кандай гана кыйынчылыктарды корбойт ....ВРАЧ ДАГЫ САГА МАГА ОКШОГОН АДАМДА.... жазганда абдан терен ойлоп аааан жаазгылачы
16.09.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BeKaLoVe,врач деген оз ишин мыкты билиш керек.акча менен окуп врач балгандор тыгылып жатат!
10.09.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын эжеге айтарым аман эсен болуп кыздарыныздын бешенесине айыгып кетиниз,кудайым шыпаасын берсин сизге,ал эми биздин врачтарга соз жок,эмне деп айтышынды да билбейсин,менин бир коншум чон эле киши отравления болуп бальницада каталкада суйроп чуркап журобуз,байкуш баягы киши кан кусуп онтолоп атат,ким бар карап койгула деп кыйкырып жардам сурап жатсак да врачтар медсестралар кыймылдап койбойт.карап коюп спокойно кетип калып жатышкан,акыры ошол жерде тиги киши олуп кала берди.
10.09.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ezhe 45 zhashta eken, demek operatziya zholu menen torotulushu kerek ele. 35 zhashtan otkon ajaldardyn kobu, ozu toroj alyshpajt! Albette,, toroj algandar da bar, birok, ar kimdin den sooluguna zharasha."төрөй албай жатканымда үстүмдөн аябай катуу басып, баланы сыгып алышкан."- kajsy daryger ustunon basyp torotot? Myna ushul ele 2 faktyny alganda, daryger 100% kunooluu!
11.09.2012. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
operezja m-n toroso bolmok 45ke chygyp kalgandan kiin.kudai sakta, vrachtarga kunung tushposun.
11.09.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы врачтардан кобу акча менен бутущкон кыйратып окуду дейсинерби
11.09.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качып жатса куносу бар да
12.09.2012. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр врачтар акчан барбы баарын ойдогудай жасайм акчан жокпу анда жок деп коюшат даже олуп баратса да акчан болбосо карабайм дешет андайларды коп уккам эжени кыйнабай эле операция жолу менен деле торотуп беришсе болмок эми ошол врач кылган иши учун жооп бериш керек деп ойлойм, чынында эжеге кыйын болуптур окйп алып ичим эзилип кетти. Кааргында тороп эмне кыласын дегендер ойлонбой эле суйлой берет оздорунун жаралганына шугур кылышпайбы, аларды да ушундай эне жарык дуйного келтиргенго! Аман болун!
12.09.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдардын убалынан деле коркпой калышкан окшойт,тушунбойсун
13.09.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, шумдугун кургур врачтардын шаалакылыгын! Бир жагынан энеси майып, экинчи жагынан наристеси чарчап калса, бул-эмне деген шумдук! Врачтар эмнеге кош мамиле жасашат, андай экен эмнеге врач болом деп окушат........
13.09.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ ушу кыргыз врачтары олувам кетчулор ...акча эле дешет..ден солугун сурабайт ..орус врачтарына дарыланыш керек
14.09.2012. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, Кыргызча туура жазууга уйрон!
14.09.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tooba kuyoosu da kızık eken kantip oorulu ayalı menen acıraşat balası bolboso kızdarı bar go kızık uşu adamdar
14.09.2012. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр врачтар убалдан коркпой калышкан,акчан болсо карайт акчан жок болсо ачык эле билген жерине бар дешет,мен дагы откон жылы тороп больницага жатканда оз козум менен кордум кадимкидей эле акча сурап калышыптыр врачтардын ставкасы 2000-3000 ал эми акушеркалардыкы строго 500 сом экен,деги кыргыздар кайда бара жатабыз.
16.09.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ainur, айнур сен да жакшыллап ойлооон кана врачтардын жардамысыз тороп корчуу сени да аан коробуз а акушеркага келсек ал просто суйунчулоп чыгат суйунчудон качсан бербей койсон да болот алар сеени мажбурлабайтт акча бер деп
16.09.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гепакратка ан бергендин ордуна,кудайга ант бериш керек врачтар.Баары кудайдын алдында жооп берет гепакраттын эмес!ошондо кичине жооп керчиликтуу болуп,шалаакылыгын ташташат!
16.09.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 кол тен эмес дегендей арада андай врачтар да бар. Ал эми врач эмес жонокой санитаркалар да кыйкырынып.жулкунуп калгандарын коруп болницадан тунулуп эле кетишет. мамлекеттик больницага акча берип жалдырап дарыланганча,частный клиникаларга акча толоп дарыланганын жакшы.
17.09.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында караколдун роддому аман эле болсун. Ал жерде Ырыскан, Каухар деген акмактар иштеп турганда эч кандай иш алдыга жылбайт. Ырыскан эже, Каухар эже алладан корккула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо