Абдылда Иманкулов: «БУТ ПРАВЫЙ ДА БАСАТ, ЛЕВЫЙ ДА БАСАТ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

«Кечээ келгем, эртең кетем» деген аталышта 30-августта куудул Абдылда Иманкулов Талас шаарындагы музыкалык мектепте концерт койду. 280 орундуу жайдын 10 пайызы бош калды. Концерт белгиленген убактысынан 30 мүнөт кеч башталды. Сыягы куудул «таластыктар күлчөтайын шашпай жеп келгиче күтө турайын» деген окшойт. Сахнаны ырымга деле жасап койсо болмок.
1 ырдан соң сахнага чыккан куудул элдин чубап кирип жатканынан пайдаланып, «эл бизден «эмнеге орустардай жакшы концерт койбойсуңар?» деп сурашат. Орустар концертке кеч келбейт, анан дагы эмчектеги баласын көтөрө келип, өлай-өлай деп отурбайт» деп чымчып өттү. Бирок өзү концертти эмнеге кечиктиргенин тултуюп айтпады.
Абдылданын концертинде элдин бүйүрүн кызыткан «Кыргызстаным» жана «Койкоңдогон кош колум жигит бойдон турбайбы» деген жандуу үн менен аткарылган дуэт ырлары болду. Мурункудан томпоюп толуп калган куудулдун үнү да бир топ жакшырган көрүнөт, эл алаканын аяган жок. Дагы элге жаккан номерлер «Азыркы саясат жана Актан, Акылай, Такай», «Орган алмаштырмай» дегендер болду. Такайдын ролундагы Абдылда узун кулактарды тагып, буттарын такымына чаап такайча келиштирип басканы күлкү жаратты. Үч каарман азыркы саясий абалды сатирага айлантып, «ызылдашпай, өкмөттү эптеп түзгүлө» деп чоңдорду чымчышты. «Орган алмаштырмай» сатирасында «буга чейин ала жипти аттап көргөн эмесмин» деген куудул «бул бут правый да басат, левый да басат» деп болгон чындыгын айтып алгансыды.
Бирок үйгө келбей калганда аялдарга калп айтуу жана аялынын ойношу менен достошкон эркек тууралуу номерди эл «буларды аткара берип, калбыр кылып тынышты го» деп жактырбай жатышты. Кыскасы, 2 саатка созулган концерт «жакшы» деген бааны басып жыгылды.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
10.09.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu Abdylda baikenin suilogonu ele boordu ezetgo?!
11.09.2012. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кишини корсом эле кулкум келет да
11.09.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнаны жасап эмне кылат, Абдыке озу сахнаны кооздоп турат го.
15.09.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында талантуу адам.Кызык эмне учун кыргыз режисерлор ушундай талаттуу актерлор мн кинолорду кобурок тартпайт?ушул киши мн кол алышып учурашкым бар!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо