«КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ ТИЙИШИШ ҮЧҮН ЫРДАЙМ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Шумдугуң кур...

Таластын базарынын кире беришинде комуз менен эски ырларды ырдап акча таап жаткан абышкага көзүм түштү. Өткөн-кеткендер сакалын сыйлап, бир жагынан боору ооруп тыйын-тыпыр таштап өтө беришет. Карыганда бала-чакасы бакпай койгонбу же башка себеби барбы деп бул ирет убакыт таап сөзгө тарттым.

– Майрамыңыз менен, төрдө отуруп уул-кыздын чайын ичер убакта көчөдө ырдап акча таап жатканыңыздын себеби эмнеде?
– Оо, сиздей кыз-келиндерге тийишкени ырдап отурам.

– Тамашага жакын экенсиз, эми чынын айтсаңыз...
– Омей, чынын айтып жатам. Ырдап акча да табам, кыз-келиндерге да тийишем. Мисалы, азыр менин багуумда 2 жаш келин бар. Экөөнө акчадан кайрылып, каралашам.

– Ушул курагыңыздабы? Деги жашыңыз канчада? Бала-чакаңыз барбы?
– Жашым дагы бир келинди карытканга жетет. Жетимиш экидемин. 5 уул, 7 кызым бар. Ар кимиси өз оокаттары менен. Арабаларын тартып жүрүшөт да.

– А сиз өз арабаңызды ушинтип тартып...
– Анан эмей.

– Кемпириңиз, уул-кыздарыңыз бул жоругуңузду кандай кабыл алышат?
– Кемпир жок. Айттым го, бала-чака өз тирилиги, мен өз тирилигим менен. Мен кандай кааласам, ошондой болот.

– Бир күндө канча табасыз?
– Ме, балмуздак жеп кой 10 сомго.

– Жок, рахмат.
– Канча табасыз дейсиңби? Көп, ишенбейсиң. Кээ күндөрү 500-600 сом. Бүгүн майрам, буюрса, 1000 сом табам го. Майрамда ушунчага жетип калат.

– Пенсия да аласыз...
– Ии да.

– Акчаңызды чогултуп неберелерге, балдарга бербейт белеңиз, кыз-келиндерге каралашам дебей...
– Кой, болду, мына көп кыз-келиндер келе жатат, ырдап акча таап, тийишип да калайын. Жакын келсе кол-жамбаш, белинен кармалап дегендей...

Ушинтип айтып бүтөрү менен эски обонду созуп, комуз чертип кирди.
Мен болсо абышкага түшүнө албай, чын айттыбы же калп айттыбы деп туруп калдым. Бирок бир аз туруп, айтканы чындыкка жакын экенине ынандым. Анткени тыйын таштаган кыз-келиндерге нуру өчкөн көзүн ымдай карап, тийишип жатты. Ылайыгы келсе колун кармалаганга да жетишкеничи. Акыры баш чайкай, кантсе да кой аксак-тоскогу менен миң да деп жолго түштүм. Бирок жаштарга жол көрсөтөр убагында ушундай жашоону тандап алганы кайсы бирөөнү таң калтырары анык.

Канымжан Усупбекова
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
10.09.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
охххоооооо шустрый абышка го
10.09.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашым дагы бир келинди карытканга жетет..xaxaxaxa ne kylaly jashtar?karynyn sozun kapka sal deyt ele bul jagy ne boldu:) kudayim baaryna insap bere kor....jashtarga akyl nasaat aytkandyn orduna ozu bash bolgonu4u munun...
10.09.2012. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец 5
11.09.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы аксакал екен
11.09.2012. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оой аябай эле шумдуктуу аксакал го,тообо инсап,ыйман бере кор кудай
11.09.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым.
11.09.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шустрый аксакал экен
12.09.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахахахахха тим эле тим элего.... тообо кылдым ушундай да болобу ыя?
13.09.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха ха Таластын абышкалары ото шустрый келишет окшойтго деп ойлоп калат экенсин:-))чалдары ушунча болсо жаш жигиттери кандай болду экен ха ха:-))
14.09.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, ха-ха туура айтасын
15.09.2012. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, Жаштар биз дагы ошондойдонбуз. eliza_eliza
13.09.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчаак абышка кен, анан дагы уяты жок....Каарыганда калжандап
15.09.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАЛЫШ, Абайлап суйло, тобо десен. Картайганда сени да короор жаштарыбыз. Мумкун сен дагы бул аксакалды тартып калбагыдай.
14.09.2012. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай тобо ошон учун жашта бергин мээнетти ,каарыганда бергин доолотту деп тилеш керек достор.
15.09.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аксакалды тааныйбыз. Созундо калет жок. Айтканын айткандай кылат.
16.09.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таалайбек. каарыганда калжандап дегенимдин себеби, келиндердин бел жамбашынан кармалаганын айтып атам, аксакалдарыбыз бизге сабак берчу адамдар го, эми ушунуку туурабы?....А сен да аксакалды тартып калба дегенин бул.......ппц!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо