Акмаанай Эшбаева: «ЫРЧЫЛЫКТА АТАМ, ДИ-ДЖЕЙЛИКТЕ ЖОЛДОШУМ УСТАТ БОЛДУ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Атактуу ырчы Токон Эшбаевдин кызы, раматылык белгилүү ди-джей Медер Осмоналиевдин келинчеги, таланттуу ырчы жана ди-джей Акмаанай Эшбаева биз менен сыр бөлүштү.

– Акмаанай эже, саламатсызбы? Сизди белгилүү обончу жана аткаруучу Токон Эшбаевдин кызы катары жакшы тааныйбыз...
– Саламатчылык. Албетте, ата-энем тууралуу айтпасам болбос. Атамды жалпы журтчулук тааныйт, белгилүү обончу жана аткаруучу, КРнын Эл артисти Токон Эшбаев. Апам Инабат Эшбаева да КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ош шаардык Саид Бекмуратов атындагы №1-балдар музыкалык мектебинин жетекчиси. Ата-энем кайсы жерде, кайсы учурда болбосун мени ар дайым моралдык жана материалдык жактан колдогон инсандар. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз.

– Атактуунун кызы болуш көп учурда жакшы пайдасын көрсөтсө керек...
– Концерттерде, мааракелерде, майрамдарда атамдын атын айтып чакырып тааныштырышат. Мындайда аябай сыймыктанам. Бирок ушундай инсандардын кызы болуш да татаал. Себеби уят кылып, кичине ката кетирип алуудан да тайсалдайм.

– Эгер Токон агай ырчы эмес, бизнесмен болгондо сиз ким болмоксуз?
– «Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, ишкер айым болсом керек эле, бирок өзүмдү ал жаатта такыр элестете албайм. Музыка – жан дүйнөмдүн азыгы. Ырдап турбасам ооруп калам го.

– Сизди «атасынын арты менен ырчы, жолдошунун арты менен ди-джей болду» деп айтышат...
– Ооба, атамдын өнөрүн мен улашым керек деп ойлойм, аты тарыхта калышын каалайм. Ал эми маркум жолдошум Медер өмүрүнүн соңку мүнөттөрүнө чейин радио деп жашады. Ал өзүнүн башка тармакта иштешин элестете алчу эмес. 9 жыл «Кыргызстан Обондорунда» иштеп, кийин ЭлТРдин алдында ачылган «ЭлFМ» радиосунда директор болуп иштеди. Анын көзү өткөндөн кийин менде «Медердин жолун улантып, баштаган ишин аягына чейин чыгарам» деген ой пайда болду. Себеби Медер күндүр-түндүр иштеп, ден соолугунун начарлашына карабай эмгектенди. Радиону кыйналып жүрүп ачкан. Азыркы радиодо эмгектенип жаткан кыздарды, жигиттерди өзү тандаган. Каза болгондон кийин Медердин баскан-турган жерлерин көрүп иштесем, балким, кайгыма даба болор деп ойлодум. Анын үстүнө музыкалык билимим бар болгондуктан, бул максатыма коркпостон кадам таштадым. Маркум жолдошумдун артынан ди-джейликти аркалап калганыма сыймыктанам. Медердин арбагы мени жана уулун ар дайым колдоп турат деп ишенем, элесине таазим этем.

– Үнүңүз уккулуктуу. Кыргыз эстрадасында кимдин астында, кимдин артындасыз?
– Мен кимдир бирөөнү туурап ырдап, кимдир бирөөгө атаандашуудан алысмын. Болгон талантымды, дареметимди, эмгегимди элге тартууласам дейм.

– Мыкты инсан жана өмүрлүк жолдошуңуз Медер Осмоналиев жөнүндө айта кетсеңиз...
– Медер токтоо, түшүнүктүү, адамгерчиликтүү, мыкты акын жана өзүнүн жумушун жакшы билген жигит эле. Менин ата-энем да аны өз уулундай кабыл алды. Медер да менин жакындарымды аябай жакшы көрчү. Ата болушуна саналуу мүнөттөр калганда жарык жашоо менен кош айтышып кете берди. «Жакшы адамды Кудай эрте алат» дегенге ишенем. Медер кетти, бирок артында жараткан чыгармалары, эң негизгиси, өзү чыдамсыздык менен күтүп, бирок көрбөй кеткен уулу калды.

– Эки таланттуу адамдын баласы кандай чоңоюп жатат? Кимге көбүрөөк окшош?
– Уулум аябай шок, такыр тынч отурбаган, баарын артынан чуркатып чарчаткан бала. Атасынын эле көчүрмөсү. Кош бойлуу кезимде Медер экөөбүз «уулубуз төрөлгөндө бир колуна калем, бир колуна микрофон кармап түшөт» деп күлүп калчубуз. Ошондой эле болду окшойт, колуна калем тийсе эле «жазуучу» болуп чыга келет. Жата калып полго, тура калып дубал кагаздарына чейин жазып салат. Музыка укмайынча уктабайт. Өзгөчө менин аткаруумдагы ырларды жакшы көрөт. Кайсы жерден укпасын дароо таанып, «апа» деп бийлеп калат. Үйдө таятасын да бийлетет. Мен жумушка кеткенде таенесин суй жыгылтат. Чоң атасы менен чоң энеси «таятасын тартып ырчы эле болсун» деп калышат.

– Жашоонун сизди сыздаткан жана жыргаткан учурлары кайсы кездер болду?
– Сыздаганым, өмүрлүк жолдошумду жоготкон күн. Кубанычка бөлөнгөн учур – 2009-жылы сентябрь айында Казакстандын Чымкент шаарында ар жылы өтүүчү Эл аралык «Романсиада» сынагына катышып келгеним. Кудайым буюрган экен, 3-орунду ээледим. Чымкенттен эң сонун маанайда кайткан күнүмдү унута албайм. Мындай суроону укканда ушул күн эске келет.

– Маегиңизге рахмат.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
10.09.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ММм аябай жакшы маек болуптур.. АКмаанай эже ишинизге ийгилик, сиздин унунуз аябай сооонун
11.09.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карындашым АКМААНАЙ сенин ишине ийгиликтерди каалайм!
супер инфо жаматына да ракмат!
11.09.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медер Осмоналиев каза болгонун мен эми угуп жатам.Жаткан жери жайлуу болсун.Акманай сага ийгилик.
11.09.2012. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акманай жене сизди гезит бетинен коруп сыймыктандым. Медер байкем бул дуйнодо жок болсо да аны дайым эстеп, барктап-суйгонунузго, биринчи жана акыркы уулун алпештеп чонойтуп атканынызга аябай ыраазымын. Кыргызстан обондорун уксам Медер байкемди, ЭЛФМди уксам сизди эстейм. Бирок азыркы убакта алыскы жерде журуп бул радиолорду уга албай зардап келем. Акмаанай жене, ишинизде ардайым ийгилик-жетишкендик, уйбулонуздо дайыма бакыт суруп, жашоодо болгон максат-тилегиниз албетте ишке ашсын деген тилекте
11.09.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi,menin suiuktuu didjeim go.a9bai unu sooonunda.iwinizge iygilik.
Talanttardy suigondordun esindesizder ardaiym...
11.09.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмаанай эже ишинизге ийгилик биз сиз менен сыймыктанабыз ар дайым бар болун бай болун жана бактылуу болун!
12.09.2012. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акманай эже ишинизге ийгилик (кечиресиз медер байке эмне болуп каза болгон ) мени кечирин жакшы алпарчу арты кайрылуу болсун
13.09.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге чоон-чоон ийгилик! Медер Осмоналиевдин уулун корбой бул дуйно менен коштошкону ото окунучтуу...бирок булда болсо кудайдан...менинда агам уулун чыдамсыздык менен кутуп, бирок улуу торолгондо бул дуйдо менен кош айтышкан:-((эхх....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо