Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БЕШ АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТКЕН АВТОКЫРСЫК

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Бир эле секунд убакыт кимдир бирөөнүн өмүрүн алып коюшу мүмкүн. Эгемендүү мамлекет болгонубузду майрамдап жаткан күнү бул жол кырсыгы катталды.

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
31-август күнү саат 17лер чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Чуютсай айылындагы Бишкек-Ош автожолунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Сейитбек Атабаев (1972-жылы туулган) Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автомашина менен Оштон Ала-Бука районун көздөй бара жаткан. Анын артында Хонда Степ Вагон үлгүсүндөгү автоунаа менен Кара-Суу районунун тургуну Марат Айбашев (1987-жылы туулган) бараткан. М.Айбашев алдындагы С.Атабаев башкарган автоунааны кууп өтмөк болгондо карама-каршы багытта келе жаткан автоунаа чыгып калган. Натыйжада М.Айбашев андан качам деп өз багытында бара жаткан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунааны сол капталынан сүзүп, эки унаа тең жолдон чыгып кеткен. Бул кырсыктын натыйжасында 5 адам каза таап, 13 адам катуу жаракат алган.
Кырсыкка туш болгон Хонда Одиссей автоунаасынын айдоочусу С.Атабаев бизге окуяны баяндап берди:

«АЯЛЫМДЫН, БАЛДАРЫМДЫН АМАНДЫГЫН ТИЛЕП ОТУРАМ»
– Жубайымдын, балдарымдын амандыгын Кудайдан тилеп отурам. Мен ал күнү Оштон чыгып үй-бүлөм менен Ала-Бука районун көздөй сапар тарткан элем. Унаада эки кайним, жубайым, балдарым менен 7 киши баратканбыз.
Артымда Хонда Степ Вагон катуу ылдамдык менен келаткан. Анын алдында 100 метр алыстыкта Ауди үлгүсүндөгү автоунаа келаткан. Степ Вагон үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу аны да кууп өтүп кетти. Алдыда бизге карама-каршы багыт менен КамАЗ келе жаткан. Арткы айнектен карасам, Хонда Степ Вагон мени да кууп өтүү максаты менен келаткан экен, үлгүрөм деп ойлоду окшойт. Аңгыча алдыдагы КамАЗды көрүп калдыбы, андан качам деп менин унаамдын сол капталынан урду. Машинам жолдон чыгып кетти. Ылдый тарап жар болгондуктан, мен кайда качарымды билбей калдым. Сүрүлүп барып тоголонуп кеттик. Кудай бар экен, болбосо мындан да жаман болмок. Эгер жол кенен болгондо, балким, мындай болбойт беле?.. Менин унаамдын ичиндегилер аман калганына каниет кылып жатам. Учурда алар Ош шаардык ооруканасында. Бирок жубайымдын акыбалы өтө оор. Балдарымдын болсо жаак эттери айрылып, колу-буттары сынып кетиптир. Жубайымдын, балдарымдын абалына кыжалат болуп, сакайып кетишин күнү-түнү Кудайдан тилеп жатам.

АЖАЛГА КАРАЙ ШАШЫЛЫП…
Бир караганда эле Хонда Степ Вагондун айдоочусу М.Айбашевдин 140-150 ылдамдыкта келе жаткандыгы жана тар жолдо алдындагы автоунааны кууп өтүүгө болгон аракети бул кырсыкка негизги себеп болгондугу билинип турат. «Калктуу аймак» деген белги коюлуп, ал жайда 60 километр/саат ылдамдыкта гана жүрүү мүмкүн экендигине карабай жогорку ылдамдыкта жүргөн айдоочунун күнөөсү менен 5 киши бул жарык дүйнө менен кош айтышты.
Бул иш боюнча иликтөө жүргүзүлүп, иш тергөөгө өткөрүлүп берилген. Учурда күнөөлүү айдоочу М.Айбашев ден соолугунун начардыгынан улам Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилгенин билдик. Хонда Одиссейдин айдоочусу С.Атабаев да учурда ушул эле ооруканада.

Аталган окуя боюнча тергөөчүгө кайрылганыбызда, бизге кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.
Эмне дейбиз, Кудай да сактанганды сактайт эмеспи. Андыктан ар бир айдоочу өз унаасына өзүнүн эле эмес, өзгөнүн да өмүрүн кошо сала жүргөнүн унутпаса.

Каза болгондор: Хонда Степ Вагон автоунаасынын жүргүнчүлөрү:
1. Абдухалил уулу Жеңишбек, 1992-жылы туулган. Ош облусу, Ноокат району.
2. Абдухалил кызы Орозгүл, 1990-жылы туулган. Бишкек шаары.
3. Анарбаева Бүажар, 1958-жылы туулган. Ош шаары, Араван району.
4. Тынчтыкбек уулу Умар, 2010-жылы туулган. Ош шаары Араван району.
5. Тилекбек кызы Үмүт, 1993-жылы туулган. Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы.

Жабыр тарткандар:
1. Эшматова Тургунай, 1966-жылы туулган. Бишкек шаары.
2. Жолдошев Адилет, 2004-жылы туулган. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району.
3. Орозбай кызы Түркүнай, 1991-жылы туулган. Ош облусу, Чоң-Алай району.
4. Атыбаев Семетей, 2003-жылы туулган. Ош облусу, Кара-Суу району.
5. Атыбаева Айгерим, 2005-жылы туулган. Ош облусу, Кара-Суу району.
6. Көкманова Чынсулуу, 1973-жылы туулган. Ош облусу Кара-Суу району.
7. Маматаева Айдана, 1995-жылы туулган. Жалал-Абад облусу, Аксы району.
8. Раимкулов Искендер, 1997-жылы туулган. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району.
9. Мырзамамытов Барсбек, 2010-жылы туулган. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району.
10. Арзыбеков Асылбек, 1992-жылы туулган. Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району.
11. Умаров Бектур, 1989-жылы туулган. Ош облусу, Кара-Суу району.
12. Атабаев Сейитбек, 1972-жылы туулган. Ош облусу, Кара-Суу району (Хонда Одиссейдин айдоочусу).
13. Айбашев Марат, 1987-жылы туулган. Ош облусу, Кара-Суу району (Хонда Степ Вагондун) айдоочусу.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
10.09.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кудаай озун сакта жамандыктан!!
10.09.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozu step wagon aydagan adamdar "opkosun koluna karmap" alip aydashat. Kunoluu aydoochunun jazasin bersin deyin desen, al ozu jashoo menen aliship jatat eken.emi emne deybiz, Kaza bolgondordun jayi jannattan bolsun.
10.09.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла сактасын айланайын айдоочулар ылдамдык 120 км/c кийин озун озу олтуруу дегендике жатат бироонун канына забын болбогула абайлагыла
10.09.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх акырын айдаса болмок экен. Салондо жалан жаштар экен
10.09.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba tyyra aitasin.ozunun janin oilobosoda bashkanin janin oilop koico bolmok.emi ushuncha boluptyr.kalgabdari tez aiigip chigip ketishcin.
10.09.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman kalgandar aman bolsun omurunor uzun bolsun kyrsyktan alys bololu
10.09.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai ozu caktacyn birok biz dele ozubuzgo cak bolushubuz kerek.myndai opkolordun aiynan kancha adam kaza tapty kanchacy jaradar. degi cak bololu caktykka korduk jok
10.09.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary jawtar eken. kaza bolgondordun jaiy jannattan bolsun. jawtar katuu aidawatta emne boluwun oiloboi.
10.09.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут денем дуркуроп кетти муну окуп алып.
10.09.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх адамдын уройун учуратко бул окуя аман калгандарга аллахым шыпаасын берсин а каза болгондорго аллахым жайин жаннатан кылсын
10.09.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх кудайым озун сактай кор. Шашкан шайтандын иши деген чын белем. Жараткан ар бир адамдын журогуно тынчтык берип боодо кырсыктан сактай кор.
11.09.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш кыркылган омурлор...жайлары жаннаттан болсун
11.09.2012. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай-ай-яй,озу ушул кан жолдо шоферлордун обгон алган оюндары эч жакпайт!!!Жаканды кармап кетесин,акырын деп ийсен жанындагылар кулуп ийишет,мыскылдашкансып,ошону учун эч качан ала коодон жаш таксисттерге,озум менен тен, тушпойм!Башкаларга да совет берээр элем.Эми албетте,кырсык экен,бирок ушуну болтурбай эле тынч,акырын айдап барса боло беле?!Тем более жаш бала болгондон кийин,салондо.Олум менен алпурушуп жатса да,таксистге наалат!!!Баары бир тен,бобоктун жатканын коруп оксудум!!!2жаш эмне-жаш!!!
11.09.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жай жанаттан болсун.
Бизде он жак рульдуу машиналарды чыгаруу керек же бут машиналарды он жактуу руль кылуу керек. Антпесе мындай нерселер дагы да кайталана берет.
11.09.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо суротту алып эле койбойсунарбы
11.09.2012. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо да мен эми кантип уктайм.
11.09.2012. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх. Мен бул суротту коргондон кийин... аябай жаман болдум. Суротун коруп кээ бир жарандар чочуп, айдаганда аярлап калышса керек деген умут да жок эмес...
Бир жолу Бишкектен келе жатып, аябай катуу айдаган айдоочуга туш болгон экенбиз. Жургунчулордун бири, жайыраак айданыз десе, "сени аман-эсен уйуно алпарып койсом болдубу, коркпо" деп коет. Унаанын ылдамдыгынан да Кудайдан корпогон андай немеден коркуп журогум алкымымда келген эле. Деги аяр болуш керек да кайда болбосун..
12.09.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх.. кудай сактасын жамандыктан озун сакта,мен жашаган жерденда биро бар экен,мен билбепмин ушул кырсыктан каза болгонун,Кыргыз туугандарым мусулман элим шашкан,попути,таксилерге отурбай эле койолучу. бирок ажал келсе баары бир алып кетет
12.09.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай, озун сактааа...журогум ооруп кетти...каза болгондордун арасында жапжаш кыздар бар кен гоооо :-(
12.09.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх:-(...Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун! Кырсык деген каш кабактын ортосунда турбайбы.Кечее эле менин алысырак байкелеримдин бири, кулгундой жаш курагында жол кырсыктан коз жумду(((Жаткан жериниз жайлуу болсун,Эрлан байке! Бул кырсыкка жолдун жаман абалы себеп болгон экен,эмне болсо дагы абайлагылачы айдоочулар!
12.09.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рульу он жактагы машиналарды мингизбей коюш керек...
13.09.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanat.kg, Руль он жакта болгону эч кандай кырсыкка туртку боло албайт. Жеке озумду айтсам жаны гана уйронуп Хонда Одиссей айдадым. Эч кандай помеха болгон жок. Жада калса кээ бир моменттерде сол рулга караганда артыкчылыктары да бар экен. Бул каргашалуу окуяда адамдык фактор гана озунун бар экендигин корсотон.
12.09.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Причем тут руль!!!!!!!Это человеческий фактор.150км/час это убийственная скорость. Знаем мы таких уродов, никакой культуры вождения, водительской солидарности. О чем он думал! Тут чисто одного водилы вина, других причин нет. И нечего тут на праворукие тыкать!
12.09.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кстати, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун!!!Жалко!!!(((прям душа болит((
12.09.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Руль он жакта болгон машиналарды ото тажрыйбалуу айдоочулар гана айдабаса, 1987-жылкы жаш балдар айдабай эле койгону жакшы.Обгон жасап жатканда корбой калганда карама каршы жактан келаткан КАМазды.Балким такыр карабай эле обгон жасаган. Жол эрежелерин билбей эле рульга отургандар толтура негизи бизде!Праваны сатып алгандар! Каза болгондордун кобу жаш экен:(.Кудайым аларга жанатты насип кылсын.
13.09.2012. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulchetai13, туура айтасын. Озу тек гана автоунаага тажрыйбалуу адамдар отуруусу зарыл. Тажрыйбасы аз адам коп адамды салып журуудон алыс эле болушса.
12.09.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СтепВагондун айдоочусу куноолу деген пикирге кошулам. Анан дагы: Права саткандар кандай кырсыктарга себепкер болушу мумкун экенин унутушпаса!
12.09.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир айдоочу жолго чыгаарда уйуно кайра аман-эсен келерин суйуктуу жубайы, мотурайган наристелери кутуп жатарын ойлоп жай шашбай айдоо керек. А эгер бойдок болсо жол карап куткон мээримду ата энесин ойлосун. Баардык айдоочуларга аманчылыкты каалайм!
12.09.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баса маалыматты элге узгултуксуз жеткирип баарынан кабардар кылган журналист сиздерге рахмат.
13.09.2012. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол эрежесин кылдатык менен окуп билип ага амал кылалычы баарыбызга жакшы болот
14.09.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту Кыргызстандыктар! Бул жерде он же болбосо сол жактагы башкаруунун шылтоосу жок. Бул жерде бир кана ылдамдык болуп жатат. Керек болсо сол жактан дагы башкарып бара жатып ылдамдыкты кучотсо, ал айдоочу дагы кырсыка кабылып калышы толук мумкун. Кептин баардыгы ылдамдыктан болуп жатат.
14.09.2012. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо