Айжан Акылбекова: «МЕН ТУРМУШКА ЧЫГУУ ҮЧҮН МУХТАР КАЙРА ТӨРӨЛҮШ КЕРЕК»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

«Апамдын махабаты» сериалындагы ролунан кийин калктын калың катмарына аты сиңген таланттуу актриса Айжан Акылбекованы эл али эсинен чыгара элек. Маңдайы жарык, сулуу жүздүү актриса «Замандаш» ассоциациясы менен партиясынын негиздөөчүсү, кыргыздын сыймыктанар уулу, маркум Мухтар Өмүракуновдун экинчи жубайы эле. Турмуш жолуна аттангандан кийин карьерасын жыйыштырып салган актриса биз менен жан дүйнөсүндөгү муң-зары менен бөлүштү.

«22 ЖАШЫМДА ТУРМУШ ЖОЛУНА АТТАНДЫМ»
– Мен 1983-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Ал кезде апам студент экен, андыктан 12 жашка чейин таята-таенемдин колунда, Жумгал районунда өстүм. Балалыгымдын эсте каларлык күндөрү ошол жерде өттү. Апам – милициянын майору, маалымат борборунун башчысы. Үй-бүлөдө апамдын жалгыз кызымын.
Мен ушундай адаммын, бир нерсени бүтүрүп, жыйыштырып туруп, анан экинчисине өтөм. Жашоомдо да ушундай болду. Окуумду бүтүп, дипломду алып, анан турмушка чыгам деп максат койгон элем. Ал тилегим орундалып, окуумду кызыл диплом менен аяктап, кинодо 7-8, ал эми театрда 30га жакын ролдорду аткардым. Жаштар сыйлыгын алып, аз да болсо элге таанылып, койгон максаттарыма жеткенден кийин 22 жашымда турмуш жолуна аттандым.

«18 ЖАШ АЙЫРМА СҮЙҮҮГӨ ТОСКООЛ БОЛБОДУ»
– Мухтар экөөбүздүн ортобуздагы 18 жаш айырма үй-бүлө очогун курууга тоскоолдук жараткан жок. Ал менин жана уулдарымдын көз алдында төгөрөгү төп келишкен идеалдуу ата жана күйөө бойдон кала берди.
Абдан баласаак, камкор адам эле. Ортобузда үч уулубуз бар. Улуу балам Бакай 6 жашта, андан кийинки Атахан 5те жана эң кичүүбүз Адам 3 жашта. Бакай быйыл 1-класска барды. Уулдарым күн сайын атасына куран окуп, жума сайын мечитке барышат. Бир күнү алардан эмне дуба кылышарын сурасам, «атам көп жашасын» деп айтышат экен. Мен «антип эмес, бейишке чыксын деп дуба кылгыла» деп үйрөтүп койдум.

«АДАМЗАТ АЛСЫЗ ПЕНДЕ ЭКЕНБИЗ»
– Буулукканда чет жерлерге көп чыгам, айрыкча мусулман өлкөлөрүнө. Мен үчүн Кыргызстанда жашоо өтө кыйын болуп калды. Кайсы жерге барбайын, Мухтар экөөбүз чогуу басып жүргөн жерлер эсиме түшөт. Жадакалса сыналгы көргөндөн корком, мага сыналгыдан чыгып келчүдөй туюла берет. Ал каза болгондо элдин көзүнчө уят деп ичтеги бугумду тыйып чыдаганым менен, намаз окуганда көз жашым кадимкидей куюлуп турчу. Жашоо биз каалагандай болбойт экен. Алган жаңы көйнөгүңдү жыртканга үлгүрөсүңбү же жокпу, бир секунд көз ирмемден кийин эмне болорун билбейт экенбиз.
Эң жакын адамым көз жумду, мен аны аман алып калуу үчүн жанымды берүүгө даяр элем, бирок колумдан эч нерсе келбеди. Керек болсо мен үчүн баарына даяр апам да мага жардам бере албай турду. Адамзаты ушундай бир алсыз пенде экенбиз. Мухтарды акыркы сапарга узатканда мен тура албай жатып калгам. Жаткан абалымда тамчылатма дары (капельница) менен Нарынга барып, жерге берген соң кайра ошол абалда келдим. Жашоомдо андай адамды кезиктиремби же жокпу, белгисиз. Кайра турмушумду жаңыртуу такыр оюмда жок. Мен турмушка чыгуу үчүн Мухтар кайра төрөлүш керек.

«УУЛУМ АТАСЫНЫН КИЙИМДЕРИН ЖЫТТАП, САГЫНАТ»
– Уулум Бакай – үйдө кожоюн. Ал дайыма инилерин, керек болсо мени да «бир жакка чыкканда менден уруксат сурагыла, мен атамдын орун басарымын» деп айтып калат. Бир нерсе кыларда сөзсүз «атам ушинтчү беле?» деп сурайт. Атамбаевдин инаугурациясын сыналгыдан көрүп отуруп экөөбүз аябай ыйладык, «атабыз тирүү болсо, ушулардын арасында жүрбөйт беле!» деп. Бакай бир күнү «апа, мен президент болом» дейт, «эмнеге?» десем, «атам президент болмок, мен сөзсүз болом!» деп мени таң калтырды. Менден дайыма «апа, атамдын кийимдерин мен үчүн сактап кой, чоңойгондо кием» деп суранат. Керек болсо кол жазмасын да атасыныкына окшоштуруп, туурап жазгысы келет. Кийимдерин берип койсом жыттап, баскан жерлерине баргысы келип, абдан сагынат. Балдарым мага Мухтарды көп эстеттиришет. Ичтен сызып, аргасыздан атасынын кыял-жоруктары тууралуу айтып бергенге туура келет.

«МУХТАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ТӨРӨГӨН КЫЗЫМ ЧАРЧАП КАЛДЫ»
– Мухтар каза болгондо жети айлык боюмда бар эле. Төрт бала төрөдүм. Төртөө тең алдын ала пландалган операция жолу менен төрөлүшкөн. Анткени менин тубаса бөйрөк оорум бар, өзүм төрөгөнгө ден соолугум туура келбейт. Мисалы, дарыгерлер мага «баланча күндөн түкүнчө күнгө чейин бала жетилип, операция кылганга мүмкүн болуп калат» деп айтышат. Мен бир күндү тандайм, ошондо операция жолу менен баланы төрөтүшөт. Кызымды Мухтардын туулган күнүнө жакын төрөй турганым болжолдонгон. Ошондо Мухтар экөөбүз наристе 19-июль – Мухтардын туулган күнүндө төрөлөрүн билген элек.
Мухтар көз жумгандан кийин дарыгерлердин «баланы алыш керек, ден соолугуң начарлап жатат» дегендерине макул болбой, 9 ай дарыгерлердин такай көзөмөлүнүн алдында болуп көз жардым. Тилекке каршы, кызым тубаса жүрөк оорусу менен төрөлүптүр. Өзүм да наркоздон бир күндөн кийин ойгонупмун. Тура албай жатып кызымды көрсөтүүсүн сурандым. Дарыгерлер өтүнүчүмдү аткарышып, мени коляскага салып алып барышты. Вакуумда жаткан жеринен колума алсам, ушундай ыйлап жиберди. Буга дарыгерлер да таң калышты. Анткени араң дем алып жаткан экен. Анын ыйлаган үнү «апа, мени коё берчи!» дегендей эле угулду, себеби аябай кыйналыптыр. Ошол түнү түшүмдө кыйналып, аба жетпей терезенин жанында турсам, дарыгер кирип «кызың үзүлүп баратат, 2-3 мүнөт калды, коштошуп ал» дегенсиди. Шок абалымда оорумду сезбей, кантип астыңкы кабатка чуркап түшкөнүмдү билбейм. Барып колума алсам, жыпжылуу, дагы эле тирүү кезиндей (ыйлап). «Энелик сүтүмдөн кечтим» деп айтып, өз колум менен узаттым.
Мухтар менен кызым Фатиманын кеткенине дагы деле ишенбейм, анткени дайыма мени менен эле жүргөндөй сезиле берет. Ошол окуядан бир топтон кийин бир китепти окусам, «өлгөндөн кийин сөзсүз сүйүктүү адамдарыңар менен болосуңар» деген хадис бар экен. Фатима чарчагандан кийин кайним Нурландын «наристелер тиги дүйнөдө ата-энеси үчүн бейиш сурашат» деп айтканы да мага кайрат берди. Ушул жогорудагы эки сөз мени оор абалдан алып чыкты. Балким, Мухтарга кызы жардам берип жаткандыр. Кубада жүргөндө мага телефон чалып, «кызыма ысым тандаба, мен өзүм коём» деп айткан эле.
Фатима деп атын кайним Нурлан койду. Билсеңер, Фатима – Мухаммед пайгамбардын сүйүктүү кызы. Ал да атасынын өлүмүнөн кийин каза болуп калган.

«ЖАН ДҮЙНӨМДӨ МАЙРАМ БОЛБОГОНУНА КӨП БОЛДУ»
– Жашоомдогу жоготуулардан мени Кудайга болгон ишеним гана сактай алды. Ооба, ислам мени өзгөрттү. Көрсө, сага жан адам жардам бере албай турган кезде Алла Таала гана жардамга келет экен. Менин жан дүйнөмдө майрам болбогонуна көп болду, бирок акыркы жолу ажыга барганда мени кадимкидей жагымдуу сезимдер чулгады. Ушунчалык жеңилдеп, оор жүк ийиниңден түшкөндөй болот экенсиң.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАЙТЫП КЕЛДИМ»
– Учурда белгилүү бир телеканалдардын биринде автордук берүүмдү ачканы турам. Андан сырткары Ассоль Молдокматова менен бирге «Фатима» деп аталган хиджабдардын коллекциясын чыгарганбыз. Идея Ассолго таандык, ал эми каржы тармагын мен тейледим. Учурда ал долбоорду өз алдынча улантуунун үстүндөмүн. Актрисалык кесибимди улантпасам да, журналисттик адистикке окуп, буюрса, бул чөйрөдө ийгиликтерди жаратам деп ойлойм. Балким, кийинчерээк кинотасмаларга продюсерлик кылып калам, ким билет...

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(63)
11.09.2012. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
козумо жаш алып, ыйладым. Мухтар байкенин омурун балдарына берсин. Алла Таалам жакшы азамдарды тез алып кетет дегенге ишенем.
Сабырдуу болунуз. балдарыныздын бактысына сиз аман болунуз!
11.09.2012. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бироонун уй булосун бузуп тийгенин учун сени кудай таалам жазалап жатат. Мухтарды суйуп тийбей эле байлыгына кызыгып тийгенсин.
11.09.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
sham70, сизге толугу менен кошулам...
11.09.2012. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sham70, Сиздин антип айтканга эч эле укугунуз жок. Айжан жалгыз аял эмес экинчи болуп тийген- андайлар толтура. ар кимдин оз бактысы. бул да болсо Жаратканымдын берген жашоосу жана сыноосу.
Атасы жок калган балдары аман болушсун.
11.09.2012. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
snejinka, Ар ким оз каалаганын кылат,бул деген соц.сайт,ар ким оз оюн билдиргенге укугу бар,Бироонун опикирине бироо тыюу сала албайт.
12.09.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sham70, birinchiden Aijan eje sizge myndan arky iwterinizge uigilik, jawoodo baldarynyzdyn yrahatyn korunuz, ekinchiden sham70 siz ui buloosun buzup tuigeni jonundo tak maalymatynyz barby ee, balkim suiuwup ele uilongondur
13.09.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bekusha,
Siz Meni menen jolugun.
12.09.2012. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sham70, андай дебен бул эжеде андай куулук жок. Бешенеге жазганын корот да ар бир пенде. Бешенеге жазылганы да ким эле балачактан экинчи аялы болом деп тиленсин ар бир аялдын тилеги бактылуу болуш
15.09.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sham70, кечиресиз сиздин минтип айтканга акыныз жок.Алла Тааламдын мандайга жазганынан эч кайда кутула албайбыз.Бул да анын пешенеси да.Байлыкпы,суйуубу аны бир оздору,бир кудайга маалым.Билбей айткан созунузго жооп беруу да кыйын болот кийин.Айжан эже окуган намаздарыны3ды Аллахым кабыл кылып,чолпондой уулдарыныздын убайын корунуз.
05.04.2021. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sham70, Кимди кантип жазалайт, кимди кантип сыйлайт, аны бир гана Аллах билет. Керек болсо бироолорго байлык берип жазалайт. Бироолорду кедей кылып сыйлайт. Биз алсыз жана кучсуз пендебиз. Кимди кантип жазалаганын эч ким билбейт. Сен да билбейсин.
11.09.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не суди судимого,не судимой будешь. Эжей,балдарыныздын омуру узун болсун. Мухтар байкенин жайы жаннаттан болсун!
11.09.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sabyr kylynyz!!!Men okup alyp ayabai yiladym....Baldarynyzdyn omuru uzun bolsun!!
12.09.2012. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кем дунуйо.....сабыр кылыныз эми алатоодой уулдарыныздын омурун берсин
12.09.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sham70, сиз озунуздун томон адам экендигинизди корсотуп жатасыз.Жашоону да али тушуно элек экенсиз.Алла Таала кимге кандай тагдыр буйрат аны эч ким билбейт,ошондуктан созду да байкап суйлош керек.
12.09.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен Мухтар аганын биринчи аялынын да маегин окугам. негедир экинчи болуп тийип алып, коз жаш токкон анчалык окшошпойт. кудай жазалап жатса керек сени Айжан бироонун бактысын бузуп бакыт кура албайсын деген. неси болсо да балдарынын убайын кор. мындан ары акылдуу болуп калаарсын бироонун эрине коз артпай Ассолго окшоп
16.09.2012. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasgul, emne anchalyk daban kandy?bul jashodo bary bolot znachet 1 chy aialy menen kelishpectik bolup jashai algan jok.Aijan jakshy jar bolup berdi oshon uchyn 3 balaluu bolup atat.Aijan caga aitarym baldaryn menen baktyluu bol kudaiga yrazy bol baldaryndyn omurun tile.El culoi beret ukpa
13.09.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир адам баласы бешенесине жазганын корот Айжан мындан ары балдарындын бактысыны сен бар бол ар ким ар несени айта берет калган бактын балдарын аман болушсун
13.09.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok - 5 күнгө банга!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.09.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан эже.Алах сабыр.балдарынызга омур берсин.
13.09.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каждому своё...
13.09.2012. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайраттуу аялсыз. Кудайым сизге күч кубат берсин. Балдарыңызга татыктуу тарбия берип,балдарыңыздын урмат-сыйын көрүңүз. Маркум күйөөңүздүн жаны жанатта болсун! Көңүл айткандан башка арга жок...
13.09.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
men Muhtar agaydyn ozunun intervyusun okugam'ekinchi nikem menin janylyshtygym,jubaiyma rahmat meni kechirgen'degen.,shayloolordo da jalan 1-uy bulosu menen chykchu.,1-ayaly ayabay suluu,akylduu.,Ayjanga karshylygym jok,no bul intervyusu menen ozun ele piarlaganday korundu
13.09.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ds uj, oshol muktar bayke bele, men jakshi taanibayt elem, vrode 2 jolu korsom kerek ele anda muktardin bul ayjamal eme bashka ayjamal mn jurgondo, oshol kezde anin uy buloosu bar bolchu, no tagdir eken al ayjamal mn bir balasi kaldi ortoda, anin atin unutup kalipmin, atasinin kopyasi eken emi elestetsem,
al ayjamal mn da suyloshup turat beken azir interseno, .... al bala uje mektepte okup kalsa kerek, ayjamaldin baldarinan chon ele,
ne bolson da aman bol.... allah ozu taraza
13.09.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin aytkayin degenim jon gana oshol bala mn kattashtirip koyso jakshi bolmok degen oyum, al jalgiz emnesi bolsoda atalari bir,
arki duynogo barganda da birtuugandar bir bolot dep aytishatko
14.09.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун маек болуптур. Байкуш кызымды оз колум менен узаттым дегенин окуп журогум эзилип кетти. Биз бироонун тагдыры учун аны куноолой албайбыз, акыбыз да жок, себеби адам заты бешенебизге жазылганды коруудон башка айлабыз жок, аны озгорто да албайбыз. Ал эми Айжан эжеге айтаарым уулдарыныздын рахатын корунуз!
14.09.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан эже коро албагандар суйлой берет, конул бурбаныз. Балдарыныз аман болсун! сизди урматтап сыйлап журо беришсин. Адам баласы кандай куноо кылса да туура жолдо экенсиз Аллах кечиримдуу. Иштеринизге ийгилик бар болунуз.
14.09.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан моя жена по исламу. Аллах все знают.
14.09.2012. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мееримдуу ырайымдуу Аллахтын аты менен. Пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун)акыркы коз ирмемдери.
Пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун) ооруусу улам ку
чоп,бут дене-бою ысып чыкты,ошондо устуно Абдулла ибни масууд кирип:Оо Алланын елчиси!Мен сизди ушунчалык кыйналган ахвалда коруп турамын,аяабай кыйналып жатасыз,мен сизди аяабай кыйналып жатканынызды коруп турамын.Ооба, ей абдулла!Менин кыйналганым силерден еки адам дын кыйналганына барабар.
15.09.2012. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Мухтардын экинчи аяалы экенине ишенген эмесмин. Айжан арты кайрылуу болсун. Мухтардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Кыл копуродон чагылгандын чагылганындай тез отсун. Аллахым Фирдаус бейишинен жай берсин.
15.09.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah jayin jannattan kylsyn! Aamiin
Allohummagfir lahu wa'fu 'anhu!
15.09.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжан эже конечно вас жалко... Бирок,кудай бар болгон учун,баар жокту сизге корсотуп атат!Анткени когда то башка бироону катуу ыйлаткансыз!На чужем горе счастье не построишь дегендей.Азыр чындап намазга жыгылып атсаныз,то эмнеге рамаатылык Мухтарбайкенин арбагынан коркпой элди дагы алдап атасыз?Бизде эмне коз жокпу же чындыкты айтканга ооз жокпу? Сиз азыр куйоогочыкпадыныз беле! Анан-"Мен турмушка чыгуу үчүн Мухтар кайра төрөлүш керек"дегениниз кандай! Оооой корсо
15.09.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
хиджап кийип деле,намаз окуса деле адам баласы жалган суйлойт экенбиз дааа.... анан да сиз вроде бы учунчусу болуп тийсениз кк,экинчисин ыйлатып. А биринчи катыны аман эле болсун,буубакшылардан чыкпай.
15.09.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tolgonaicool, эгер ошол чын бсо анда АстафырАллах! Негизи эле аял заты шайтан келесинер.
15.09.2012. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжан эже мен сизди сыйлайм актириса катары жана ушундай мен сыйлаган саясатчынын жубайы каттары . Не дейбиз айла жок шум ажал алып кетти кайрат кылыныз келечек алдыда балдарыныз келечек агабыздын ысымын алыска таныткан уулдардан болот деп ишенем балдарынызга сизге кааларым узун омур ден соолук каалайм балдардын бактысына бар болунуз .
15.09.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах кулгондорду, табалагандарды, шылдындаганды жактырбайт. Озун да ошондой кылып коюшу абдан оной. Ойлонуп куноолойлу. Тагдыр.
16.09.2012. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чогуп турган адамды басмырлоо бул пенделике жатпайт го дейм.Эгер Мухтар менен бактылуу болбосо ушунча бала кайдан торолмок.Айжан синдим эми балдарын жакшы кундорун кор.Ишиндин убайын кор.Балдарына ата болуп да эне болуп да мээриминди тогуп бактылуу балалыгын сактап чонойтот го деп умут кылам.Атасыз бала дайыма апасын кызганып жашайт.Апам куйого тийсе мен кантем деп коркуп жашайт.Башыман откон.Кийин эр жеткенде тушунот бирок кеч.Бирок аталуу баладан да атасыз бала энесин эки эсе урмат менен кар-
16.09.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айт.Айжан балдарын ыймандуу бактылуу болсун.Аллахым сени балдарындын жакшы кундорун корушко насип этсин
18.09.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мухтар агабыздын каза болгонуна уй-булоосу эле эмес, бут кыргыздар ыйлайт. Бейишин берсин! Балдары атасындай болуп элге кызмат кылган жаштардан болсун!
08.10.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanchanchy ayal bolso da Muhtar baikenin suiuktuu ayaly baldarynyn enesi, baikush Muhtar baike eki ayalynan baktyluu bolboi myna emi baktyluu bolgondo kaza bolup kaldy,Aijan baldaryngdyn ubaiyn kor Muhtar baikenin kalgan omurun baldaryna bersin alla taalam
06.04.2021. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм баланы каалаган куну операция жолу менен жаратканы кызык экен. акча бар да .......
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо