№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
Апта башында ушундай маалымат желдей тарады. Бул кептин билиги футболчунун «Реалдын» курамында бактылуу эмесмин» деген сөзүнөн улам тутанып кетти. Негизи, футбол коомчулугу иш чатак экенин Роналдунун соңку мезгилде гол киргизген соң мурункудай майрамдабай калганынан жана УЕФАнын сыйлык тапшыруу аземинде өзүн оор басырыктуу алып жүргөнүнөн эле байкашкан. Ошондой эле анын командалаштары Марсело, Фабио Коэнтрау жана Пепе менен мурункудай ысык болбой калганы бир себеп катары айтылууда. Бирок комментарий берүүдөн баш тартып келген футболчу мындай маанайына сыйлык же акча себеп эмес экенин айтат. Аны кайрадан англиялык «Манчестер Юнайтедге» кайтат деп божомолдогондор арбып барат. Күтө турсак, калганын убакыт көргөзөр...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |