«ӨЗ КОЛУМ МЕНЕН КЫЗЫМДЫ БАКТЫСЫНАН АЖЫРАТТЫМ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Минтип арманымды гезитке жазууга аргасыз болом деп өмүрү ойлогон эмес элем. Турмуш... Жок, кара көзүм Чолпонумдун тагдыры мени кагаз, калем алууга аргасыз кылды. Бул сөздөрдү кызым менен жолдошумдун көзүнө түз карап айта албадым, канча ирет аракет кылсам да айта албадым. Баары текеберлигимдин айынан болду.

«БАШЫМА ТАШ ТҮШКӨНДӨЙ БОЛУП...»
– Ата-энем ушундай тарбиялап койсо керек же табиятымдан эле ушундайдырмын... Ачыгын айтканда, адамдарды бийлеп-башкармайын тура албайм. Көп эле байкайм, ушул жоругумдан жакындарым жабыр тартып, мени жек көрүп кетишерин. Байкайм, бирок өзүмдү өзгөртө албайм. Чолпонум, менин жумшак, назик, адептүү кызым ошол мүнөзүмдүн курмандыгы болду.
Жашырганда эмне, Кыргызстанга белгилүү үй-бүлөдөн болом. Кызым Бишкектеги престиждүү университеттердин бирин бүтүрдү. Кыздуу үйдүн төрү жуучулардан бошобойт эмеспи. Кызымдын колун сурап биздин бүлөгө шарты, коомдогу статусу жагынан да туура келчүлөр келип жатышты. «Чолпонду бере берели» десем эле күйөөм болбойт, «кызыңдын көңүлү барбы, жокпу, билүү керек» деп. Ошентип жүргөнүбүздө кызым күйөөгө чыгып кетпеспи! Башыма таш түшкөндөй эле болуп отуруп калдым. «3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн» дегенди укканда кызыма катуу капа болдум. Кудага келгендерге «атам менен апам батасын берсин» деп кат да берип жибериптир.
Келген кудалардын түрү таптакыр жакпады. Алардын Оштон, болгондо да өзбектер кайнаган жерден экенин укканымда биротоло чалкамдан кеттим. Айтканды эки кылбаган, ата-энесине ыйбаа мамиле кылган Чолпонумдан мындайды күткөн эмесмин, «ырас бизге бир ооз айтпай өзү чечтиби, эми деле өзү билип жашай берсин» деп салдым. Күйөөм урушту, урук-тууган урушту. Ошентип ызы-чуу болуп отуруп үч күн дегенде артынан эже-жеңесин жөнөтүп, салтын жасаттык.
Чындыгында, кыйратып калың берип, сеп ала турган бүлө эмес эле. Бир күнү жиним келгенде чоң машинага себин жүктөтүп берип жибердим, өзүм барган жокмун. Кызым бечара капа болуптур. «Апамдын катуулугу жанга батты. Булардын ага жага тургандай калың берүүгө чамасы жок»,- деп Чолпон өпкөлөп ыйлаптыр.
«Апа, жарды дээрсиз, бирок жакшы адамдар экен. Чолпонго кагылып-согулуп эле жатышат. Күйөөсү бир жактан, кайнене-кайнатасы бир жактан. Сиз тандап берген биздин күйөөбүз, кайненебиз деле минтип көзүбүздү карабайт»,- деп келди улуу кызым Жыпара. Ал сөздү угуп ого бетер кыжырым кайнады, «үрүп чыгар ити болбосо, көзүн карабаганда анан?!» деп.

«КҮНӨӨМ ТООДОЙ»
– Эки жыл өттү, жибиген жокмун. Кызым үйдү сагынып кыйналса да, «качан төркүлөтүп чакырасыз?» дей албады. Ал салтты да кылмак эмесмин, күйөөм жанды койбоду. Кайнене-кайнатасы, күйөөсү, дагы бир топ жакындары болуп келип кетишти. Чолпон менен элдин көзүнчө кирип келе жатышканда учурашкан боюнча сүйлөшпөдүм. Чачынан сылап, ал-абалын сурагым келсе да, жанына бара албадым. Өзүмдүн көк беттигимди, мендигимди аттап өтө албадым. Куда-кудагыйга да бир кабак ачылып сөз сүйлөп, ал-жай сурабадым. Аным кантип байкалбай койсун? Үйүнө барганда кайненеси чатак салыптыр, «кечтим, байдын кызынан!» деп. Уулун «мен айткан кызга үйлөнсөң, мынчалык кор болбос элек, ата-энесин билип туруп алсаң болбойт беле! Бай болсо өзүнө! Экинчи ошол үйдүн босогосун аттасам атымды башка коём!» деп урушуптур. Аны уккан кызым эжесине чалып, «апам бир аз ийилип койсо болбойт беле? Булар мага бир жамандык кылбаса...» деп ыйлаган экен. Улуу кызым атасына айтып келиптир. Өмүрү сен дебеген күйөөм ошол күнү мени жаактан ары бир тартып алды. Жиним менен инимдикине барганым, машинасына май куйдуруп айдатып чыгып кеткеним эсимде. Ушунчалык каарым кайнап барган окшойм, Чолпонум мага каршы бир ооз үн ката алган жок. Очоктун боюнда тамак жасап жүргөн экен, ошол кир халаты менен салып алып баса бердим. Кайненеси «кой-ай» деген да жок, жөн гана узатып кала берди.
Кош бойлуу экенин үйгө келгенде билдим. Беш ай болуп калыптыр. «Баладан тажап калган жерибиз жок. Төрөйсүң, өзүбүзгө каттатып алабыз. Өзүм багам, сени шаарга жиберем, байкелериңе айтып жакшы жумушка орнотуп коём» дедим. «Апа, Султан менен сүйлөшүп, байкап көрүңүз, жакшы адам. Жумушу жакшы, окуган-чокуган. Келечеги бар. Анчалык деле начар адамды тандамак эмесмин да. Аны менен ажырашкым келбейт»,- деп кызым бир топ ыйлады. Ыйлаганына карамак белем?..
Эркек да, күйөө балам Султан да таарынды, өчөштү. Кызым төрөгүчө келген жок. Төрөгөнүн укканда чыдабаптыр, бечара түнү менен жол жүрүп келип калды.
«Келгениң жакшы болду. Отуруп мобул баракка жаз, баладан баш тартам деп. Мен Чолпондун бармагын да эми сага карматпайм» дедим. Кумсарып отуруп жазды. Чолпон отурат, керебетте дирилдеп ыйлап.
«Мынчалык эмнеден жазып, кандай айып кетиргенимди билбейм. Мага каршы болуп эле туруп алдыңыз. Чолпонду жакшы көрөм, ал деле мени сүйөт. Бирок эки жылдан бери сизди ойлогон сайын ыйлайт. Ошол азаптан кутулсунчу, макул, кызыңыздын жообун бердим»,- деди. Ошондо эле эсиме келсем эмне?!
Уул төрөдү. Абышкам экөөбүзгө го, жакшы болду, кирип-чыгып эрмектеп. Кызымдын кабагы такыр ачылбаганынан алты айында баласын эмчектен чыгарттым да, өзүн Бишкекке жөнөтүп жибердим. Жумушка чыкса, башка адамдар менен таанышса, көңүлү ачылат дедим. Андан бери сегиз жыл өттү. Неберем мектепке барып жатат. Кызым дале жалгыз. Акыры Орусияга кетип калды.
Ошентип, эсирген мени кичүү кызым эсиме келтирди окшойт. Жакшы эле кудалашып, өзүбүзгө тең бүлө деп күйөөгө узатканбыз. Бирок кайненеси, чиркин, куу экен! Бир эле мени эмес, баарыбызды тажатты. Акыры ажырашасың дедим. Уулу эки жашка чыгып калган. «Уулуңду Чолпондукуна кошуп бага берем. Ушул кайнененин азабын тарткыча, азыр ажырашып кет» деп үйгө алып келе бергем. Бир жакка айылчылап кетсем, Бишкекке күйөөсүнө баса бериптир! «Жаман да болсо өзүмдүн күйөөм, баламдын атасы, мен Чолпонго окшоп өмүр бою жалгыз калууну каалабайм» дептир. Төбөмө чагылган түшкөндөй болду. Үйдө айтканым айткан, дегеним деген болор эле. Эмне болду? Карыдымбы? Же балдарымды ушунчалык тажаттымбы? Ой түбүнө жетпей убарамын. «Эже, сизге эмне болду, ооруп жатсаңыз доктурга көрсөтөйүн, дарыланыңыз»,- деп инилерим убайым тартышат. Бир жагынан күйөөм түпөйүл, «күндөн-күнгө кубарып, арыктап эле баратасың, врачка алпарайын» деп. Врачтар эмнени билишмек эле, меники дил оорусу. Чолпонум... Көздөрү балбылдаган менин ширин кызым, сенин тагдырыңа балта чапканыма капамын. Ошончо болуп Султан экөөңдүн бир ирет да урушканыңарды көрбөдүм. Ажырашкандан кийин деле сен-менге барган жоксуңар. Ал жигит көпкө күттү, акыры үмүтү үзүлгөндө үйлөндү. Кызым аны укканда бир ыйлады дейсиң, жанында турган адамдын сай сөөгү сыздайт. Ошондон кийин Орусияга кетип калбадыбы!
Неберемди жыттаган сайын, Чолпонум менен сүйлөшкөн сайын жүрөгүм сыздайт. Өз балаңдын алдында, жаныңды бергенге макул адамыңдын алдында күнөөлүү болгон жаман экен. Ушундай күндөрдө жашап келем. Кечир мени, кызым!..

Шайыр


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(39)
10.09.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх...
10.09.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Акмак экенсин! Сендей эненин барынан жогу жакшы болмок!Башка соз дагы айта албайм. Эми карыганда жезкемпир болосун. андан башка элестете да албайм.
10.09.2012. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай берген бакытты оз бутунуз менен тебелеген кандай энесиз?! Кеч болсо да тушунупсуз,бирок артка эми жол жок. Бул характериниздин айынан дагы кобунун бактысын тебелейс го...
10.09.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оштук жигиттер ыймандуу болушат , балага ата энеге жана жубайларына куйумдуу болушат , анан озбектердин арасында деп жийкенгениниз жакпады , эмне кылышсын Аллах озбектер менен жашатып койсо , ошол озбектерден кордук коруп жашап журушот да .
10.09.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча колдун кири,байлык бирде бар бирде жок. Анан озбектер менен депсиз. озбектида кыргыздыда бир кудай жараткан. сизда, озбекда адамдарбыз. Кудайым сизге ынсап берсин
10.09.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай энени эми коруп жатам кеч болгондон кийин кечирим сураштын кереги жоооок башында кызыныздын бактысын ойлосонуз болмок кызынызды куйоосуз калтырыпсыз ал эми неберенизди атасыз неберениздин убалы мага тийет деп ойлободунузбу сиздей аял м.н жашаган адамдарга рахмат жок дегенде неберениздин келечегин ойлоп койсонуз жакшы болмок....
10.09.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сын айтыштан корком,кызым чонойуп калды...
10.09.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлар козунорду ачкыла бакыт байлыкта эмес бактылуулукта
мен да кабылгам андайга ошондон бери байлыктан катуу конул калды
10.09.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеч болсо да тушунуптур бирок кыз байкуш кандай гана кыйын кундордо жашаганына боорум ачыды. Кудай сактасынго кыздын ордуна озумду коюп кордум, анда мен ал бала менен барыбир жашамакмын кандай жол менен болсо да ажырабай, уй булону сактап калат элем деп ойлойм бирок! Ушундай кайненеден сактасын!
10.09.2012. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым берген бак-таалай кубаласа кетпесин, Тенирим берген бак-таалай тебелесе кетпесин!!!
11.09.2012. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштук жигиттерди эмне мынча жаман коросунор айткылачы?
11.09.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тушкон жер да ошондой,кайненем,кайынатамдар жакшы мага ошонусу жетиштуу,башкасы тоест байлык табылат, башкысы конул оорутпаш керек
11.09.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7909812 озбектерден кордук коруп жашап журушот деп ким айтты сага,далил жок болгондон кийин жазыштын кажети жок...жон эле кулкуну келтиресин го...
п.с. ар бир адамга ынсап берсин да,башкаларга сабак болчу окуя экен...
11.09.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kichuu kiziniz kuyoosuno sizdi ukpay ketip kalgani en tuura boluptur. Bolboso ekoonun azabi bir jolu kuuratip jibermek. Mindan kiyin sizge kudayim insap bersin kudaydan baldarinizdin baktiluu bolushun tileniz.
12.09.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа байлыкка манчыркаган адам экенсиз дааа аа эне байкуш туштон кийин...кызыныздын бактысы ачылар азамат эне созун эки кылбаган
12.09.2012. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сага аз болсун дагы кызын жалко болуптур эээххххх
12.09.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корбогондун коргону курусун байлыгына чиренип кызынын бактысына балта чапкан акылы жок эне экенсин байлык колдун кири а бакыт бул уй-було, уул кыздарын эркелетип аллахтын берген ырыскысына канагат кылып жашаш керек,Чолпон да бактысын таап кетет аллах насип кылса,
12.09.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынан да эркек баланыз жок окшойт болбосо келин байкуштун кунун куурутмак экенсиз кудай деле билди да ошондуктан эркек баланы берген эмес окшойт
12.09.2012. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми канча кечирим сурасанызда баары бир артка кайтбайт, болгон иш болду.
13.09.2012. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш 4олпон
14.09.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaidan kyzynyzdyn baktyluu boluwun tileniz. bolgon iw boldu. Ar bir ata-ene balasyn baktyluu boluwun kaalait. Sizda jaman oi menen kylbasanyz kerek. Kyzynyz sizge rahmat aitkan kunda kelet.
14.09.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми баары кеч болуп калыптыр,мындан ары Чолпондун бактылуу болушун каалайм.
15.09.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда арканын кызы оштун келини болгом.Апам раматылык ошко кети дегенде катуу капа болуп оруканага тушуп калган экен.Кийин куйом экобуз жетелешип кур кол кирип келгенде элден намыстандым балам деп калар эле.Тугандарыбыз чогулуп жонотпой жатканда оз кызымды озум билем эко бактылуу болсо ошо маа калын. Жетим жетилет деп батасын берип узатып жиберген.Азыр создон соз чыгып аркалык экенимди билбесе мен карапайым эле озбектер менен ынтымакта жашаган оштук чон энемин.Кайын журтум сыйлаган аркалык кели
15.09.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нмин карысамда.Эненин жанылыштыгы канча адамдын бактысынан ажыратты.Эми кеч аркана кайрыла албайсын.Эми кадамынды ойлоп бас аллах кызындын бактысын берсин.Неберен ата менен эненин мээримн корбой чонойуптур.аллахым озу жар болсун.Бактысын берсин.
17.09.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып козумо жаш келип кетти
20.09.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7909812- кандайча озбектерден кордук коруп? Мына мен оштук кордук корбой эле жашайбыз.. кыжырга тиесинда ошентип
24.09.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ke4iresiz, birok kyzynyzdyn juroguno oto ele 4on tak kaltyrypsyz. Okup alyp jurogum oorup 4ykty. Emi kyzynyzdyn bagy a4ylsyn. sizge da yiman tileim. Esinizde bolsun bailyk bakyt emes.
26.09.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык бийликке берилген эч нерсени түшүнбөгөн адам экениңизди айтыптырсыз байлык колдун кири бирде жок болот бирде көп болот Ушул аялга окшогон кайын энелерден кудайым өзү сактасын!Мен да Оштон болом эч кандай өзүбектерден кордук болбой эле жшап келебиз.
28.10.2012. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кайгылуу экен. Негизи эле ата-эне баланын турмушуна кийлигишпей эле койсо абдан жакшы болот эле. Менин да тайенем ушундай бай, бийлеп-башкарганды жакшы коргон адам. Ал ойлогондой болбой калса эле ажыраш деп кирет. Убагында мен да атасы жок тируулой жетим болуп кала жаздагам. Апам туура чечим чыгарып эми биз бактылуу уйбулобуз. Тайенем таарынып апам менен 7жыл жуз карашпады. Апамдын коз жашынан улам тайенемди баарыбыз жек коруп калганбыз. Кудайым сизди кечирип, кызынызга бакыт берсин!
07.01.2022. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неберенизге кыйын болот. Уул болгон болсо албетте атасына кетет чонойсо. Сизди да жек коруп отот чонойсо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо