№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
«Сайкал Садыбакасова үйүнөн чыгып кетип, 10 күндөн кийин жоолук салынып кайтып келиптир. «Чыгармачылыкты таштайм, эми такыр ырдабайм» деп жатыптыр» деген сөздөр Ош шаарында желдей жортуп жүрөт. Мунун чын-төгүнүн аныкташ үчүн Гүлшайыр Садыбакасовага байланыштык. Ал: «И-ий, жүрөктү түшүрбөгүлөчү! Сайкал сабагына барып-келип эле жүрөт. Кызымдын үйдөн качып кетчү жоругу жок. Бир жолу жоолукту паранжага окшотуп салынып, интернетке киргизип койгон экен. «Койчу эми, уят да» десем, «кызыктуу да, апа» деп койгон. Бул ошондон улам тараган кеп болсо керек»,- деген жообун узатты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.