№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
Кичинекей бөбөктөргө сүйүнчү! «Тамашоу» долбоору жакында «Ералаш» юмордук балдар киножурналынын кыргызча вариантын тартуу алдында турат. Андыктан учурда 5-15 жаштагы таланттарды өзүнүн мектебине кабыл алууга даярданып жаткан кези. «Аталган мектеп балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзүп, катылган таланттарын ачат»,- дейт Эрмек Нурбаев. Баарыбыз билгендей, «Ералаштан» көптөгөн орус жылдыздарынын багы ачылган. Ким билет, балким, бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн да келечектин атактуулары чыгып калар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |