Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... КЫРГЫЗСТАНГА ВЛАДИМИР ПУТИН КЕЛЕТ...
№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
-
20-сентябрь күнү Кыргызстанга расмий иш сапары менен Орусиянын президенти Владимир Путин келет.
-
2012-жылдын январь айынан август айына чейин 22,7 миллиард сом өлчөмүндөгү салык чогулганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
-
Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Чек ара аскерлери Улуттук коопсуздук кызматынын катарынан чыгарылып, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматына айланды.
-
ЖКда ар бир фракциядан экиден өкүл кирген депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Апрель окуясында Бакиевдердин мүлкүн талап-тоногон» деген айыптоолорду текшерип, бир айдын ичинде жыйынтыгын айтат.
-
5-сентябрда белгисиз эки адам Бишкекте жашаган соодагердин үйүн тоноп, үй ээсинин инисин бычактап кетишти. Үй ээсинин иниси каза болуп, бир тууганы, аялы жана балдары жарадар болушту. Көп өтпөй 1992-жылы жана 1995-жылы туулган балдар кармалып, кылмышты моюнуна алышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
-1