Марал Койчукараева: «ТАСМАДАН СОҢ КЕП-СӨЗГӨ КАЛДЫМ, ОШОЛ МЕНИН ЖОГОТУУМ БОЛДУ»

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Адатта актёр же актрисаларды жараткан ролуна байланыштыра берет эмеспизби. Бирок «Ээнсиреген үй» тасмасындагы Марал жашоодо шайыр-шатман, тамаша аралаш сүйлөп боорду эзген, Аселден бир топ айырмаланган кыз экен. Маекте тасма, жеке жашоосу тууралуу кеп козгодук. Анан да Элина Абай кызына болгон таарынычын айтып алды көрүнөт.

Аты-жөнү – Марал Койчукараева
Туулган жылы – 25-январь, 1990-жыл
Туулган жери – Ош шаары
Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 3-курсунун студенти, актриса

– Марал, сени биз азырынча «Ээнсиреген үй» тасмасынын баш каарманынын ролун жаратуучу катары гана тааныйбыз. Андыктан алгачкы суроом, тасма өзүңө жагабы?
– Ооба, мен сценарийди окуганда эле жактырып калгам. Анткени бул тасмада менин жүрөгүмдү өйүгөн маселелер козголгон. Мисалы, мени биздин өлкөнүн жаштарынын көбүнүн билимсиздиги өкүндүрөт. Алардын 10-12 жашында эле ким болгусу келгенин, жашоодон эмнени каалаганын билишин каалайм. Анан да кыргыздардын баарынын татыктуу жашоо издеп чет жакка кетип калгандары жан кейитет. Эл арасында канча деген таланттар жатат? Бирок биздикилер аларды баалабайт. Тасмадагы таланттуу сүрөтчү деле эмнеге ичет? Анткени аны эч ким көрбөйт, билбейт. Мен Орусияда жашап калбадымбы, Кыргызстанды аябай сагынчумун. Бул жакка келгенде жеңилдеп, жөн гана таза абасы менен дем алганыма сүйүнөм. Апамдын Орусияда жашаганы да өкүндүрөт.

– Апам деп калдың, а атаң кайда жашайт?
– Ата-энем мурда эле ажырашып кетишкен. Экөөнүн тең өздөрүнчө үй-бүлөлөрү бар. Баары менен катташып, биринчи, экинчи атам, апам деп атап алгам. «Канча бир туугансың?» деген суроого келгенде гана такалам. Өгөй атам, өгөй апамдын балдарын кошкондо 9 бир тууганмын.

– Тасмага кайтсак, Асел менен Маралда кандай айырмачылык, окшоштуктар бар?
– Окшоштук мүнөзүбүздө болсо керек. Режиссёр Нурбек байке ошончо кыздын ичинен сырткы келбетим ал ойлогон каармандан башкачараак болсо да, мени тандап алганынын себебин «мүнөзү окшош. Менин каарманым Маралдай катуу кыз болушу керек» деп түшүндүргөн. Ал эми жашообузда окшоштуктар жок. Асел билимсиз, анын апасы жок, атасы аракеч. А меники, Кудайга шүгүр, баары жайында.

– Асел сага жагабы?
– Кайсы гана актёр болбосун, каарманы терс каарман болсо да аны жактырат. Асел жагат. Ал – боорукер, жакшы кыз. Бирок адам чөйрөгө жараша өзгөрөт да. Аны да таш боор жашоо ошондой кылып тарбиялап койгон.

– Коомчулукту дүрбөткөн ачык кадрлар тууралуу сурабай койсом болбос. Эротикалуу эпизоддор кандайча ишке ашты?
– Өнөктөштөрүмдүн баары профессионал актёрлор болгондуктан, мага аябай жардам берип, кеңештерин айтып жатышты. Менин ролго киришиме да ошолор түрткү болду. Мисалы, Болот Тентимишев – аябай жакшы адам. Бирок аны Султандын ролун ойноп жатканда жек көрүп да кетип жаттым. Бирок ошонун жардамы менен Аселдин ролуна кире алдым.

– Тасмага карата айтылган сындарга эмне дейсиң?
– Тасмада роль жаратып койсоң, ал сенин ошондой адам экениңден кабар бербейт. Журналист интервью алып жаткан сыяктуу эле бул деле актрисалардын иши да.

– Нурбек байке сага айтылган акчаны бербей, ачык сценаларга алдап тарттырып алган деген сөздөр чыкты...
– Жок. Ачык сцена бар экенин кастингге келген ар бир кыз билчү. Акча жагынан келишилген сумманы алдым. Нурбек байке менен мамилебиз жакшы. Ал мага чалып абалымды сурап турат.

– Тасмага тартылуу менен эмнеге жетиштиң?
– Адамдарды жакшыраак айырмалап калдым, канчалаган тажрыйба алдым, Парижди көрдүм. Анан бул нерселер үчүн акча да алдым.

– Эмне жоготтуң?
– Ар кандай кеп-сөздөргө кабылдым. Ал үчүн туугандарымдын, өзүмдүн канчалаган нервим короду. Андан башка эч кандай жоготуу көргөн жокмун.

– Кийин балдарыңдын ушул тасманы көрүүсүн каалайсыңбы?
– Ага чейин заман өзгөрөт. Балдарыма 16 жашка чейин мындай тасмаларды көргөзбөгөнгө аракет кылам. Кийин көрүп калса, жакшылап айтып түшүндүрөм. Жашоодо андан башка корко турган нерселер толтура. Мисалы, алардын ооруп калуусунан, туура эмес жолго түшүп кетүүсүнөн көбүрөөк коркуш керек.

– Негизи эле турмушта атактуулукка жеткиң келеби?
– Эгер ал атактуулук мага пайда алып келсе.

– Кандай пайда?
– Жан дүйнөмө ырахат жана акча алып келсе. Ким гана акчалуу болууну каалабасын? Мен да жетиштүү жашоодо жашап, балдарымды мыкты окуу жайларга окуткум келет. Мен да бриллианттарды тагынсам дейм.

– Тасма жаатында келечегиңди көрө аласыңбы?
– Бул иш мага жагат. Тасмага тартылып турсам жакшы болот. Андай болбой калса, эч кейибей эле сүйүктүү мал доктур кесибимди аркалап жүрө берем.

– Азыркы биздин атактуу актёр, актрисалар менен мамилең кандай?
– Мен эми бул чөйрөгө жаңы аралашып жатам да. Көп деле тааныбайм аларды.

– Социалдык сайттардын биринен Элина Абай кызынын сенин ролуңа карата терс пикир айтканын окуп калдым...
– Ал адамды сыйлайм. Аны менен социалдык сайттар аркылуу баарлашып калам. Бирок тасмадан кийин мени жаман кыз деп ойлоп калганын байкадым.

– Кептин нугун жеке жашоого буралы...
– Сүйүктүү адамым бар. Акылдуу, дүйнө таанымы кенен, тамашакөй адам. Мени дайыма колдоп турат. Ал тууралуу башка эч нерсе айта албайм.

– Ал адам да сен сыяктуу эл көзүнө көрүнүп калгандардан эмеспи?
– Балким...

– Жашырып койдуң, ээ?.. Мейли, бул тууралуу кийин сүйлөшөлү. Маегиңе рахмат!

Перизат Музуратбекова
(Айрым сүрөттөр Маралдын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Марал Койчукараева: "Атам менен жакында эле элдештим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(172)
14.09.2012. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле акча дейт да. Адам баласын ошондой иш менен тапкан акчасы да, ошол акчага алган тамагы да арам болушун билесинерби? "ИСЛАМ" - бул деген биздин динибиз мусулман биртуугандар! "ИСЛАМды" унутпайлыкчы! "ИСЛАМдын" рамкасынан сыртка чыкпайлычы! Ачык коргозду, ачык суйлоду деп эле баарын ача берейли анда. Жашоосунда жаман адам эместир, бирок озунун денесин коргозуп жатпайбы, анан дагы бир адамга эмес бутундой бир журтка. Андан да жаманы эртен эле коншу олколорго тарайт. Биздин баркыбыз эчаак
14.09.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушкон дегендин, ордуна баркыбызды которойлу. "Умут эн акыркы олот" демекчи "КЫРГЫЗ" элинин келечиги алдыда. Ошондуктан мындай фильмдерди тартууга чек коюу керек. Абийирибизди ,баркыбызды сактайлы...
14.09.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен режиссерго кайрылгым келет.Бул адам кыргыз элин суйот болду бекен.кыргыз элин башка журтка шылдын кылгысы келгенби.Б
14.09.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кинону бир озу же ьир эле биз корбойбуз да нечелеген улуттар корот .Эмне деген ойдор келет .Кыргыздын наркы салты кана.Эмне учун жакшы адамдар туралуу тартпайсынар.Ыймандуу акылдуу нечендеген кыйынчылыкты женип оз ордун таап турмуш куруп бактылуу жашагандар барго.Кино корсон эле бузулган кыз кароосуз калган бала.Ойлоп кетесин кыргызда соо кыз жокпу деп.Айлана чойронду карасан зынгырап окуп иштеп жургон кыздар.Машина минип ата энесин багып адал эмгек менен жашагандар.Мындай кыздарды эч ким к
14.09.2012. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбойт эмне биз ушунчалык начар элбизби.Кино бул ошол элдин кузгусу го.Биз кандай корунуп атабыз башка журтка.ощо турадуу ойлонолу.Кошуна элдикин коруп биздикин корсон уятынан арданасын.жаштарга таасир бере турган кино коргубуз келет.СИЛЕРДЕН ошондой кино кутобуз
15.09.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинону коргонум жок, кыскача маалыматтардан эле уятуу кино экен. Бул Кыргызстанды озуно да, эл журтка да. уяткаруу кылуу деп ойлойм. Акча табылат жаш экенсин тушуном ,бирок кинону тарткан режисер дин жонундо такыр маалыматы жок адам. Мындай кинону коргон жаштар жыргамак беле мурда бироо туура айтйт андай проблемалар башка олколордр канча .Ачык тартпай эле чагылдырса болот да. Такыр эле карангылык!!!!!!!!!!!!
15.09.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тасманы кордум жакты ишине ийгилик сени суйуп калгандар арада капа болбо
15.09.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек дин душманыбы?
16.09.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино жакты кыз просто молодец
16.09.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино жакшы,бирок ачык сценалар биздин менталитетке бир аз туура келей калат.
16.09.2012. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз кыйын экен келечекте жакшы кинолордон коргум келек ,сапатсыз манызы жок кинолорго караганда туболук ойдо кино
16.09.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmmm
18.09.2012. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул фильмди корбоптурмун.Мумкунчулук болоор замат коргонго аракет кылам.Балким мен да ошондо жогорку жазылган комментарийлердин бирин колдоормун.
21.09.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир начар уйлорду тартышкан, кошуна кылып жакшы айылдарды деле тартаса болмок, азыр бизде кудайга шугур уйлор бар го. Емнегедир слишком аракеч, кедей, кара кылып салган. Чет жактар корсо уят. Чет елдер бизди кинолор аркылуу таанышат да. Индияда деле жакырчылык,начар жашоо бирок кинолору кедейчиликти да байлыктарын, кооз жерлерин, Европага ч-н окууга барышаарынан бери чагылдырышат. Начар турмуштарын кооз жерлери мн жаап, ошол жерлерди бир коргонго ашык болосун.
21.09.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер да начар турмушту тартышсын бирок, жакша корунуштор жок емес да, Европадагыдай жашап жаткандар бар, акчасын кайда кетирерин билбеген - ошол жакшы корунушторду да ала журсо - башка элдер бизди жаман емес жакшы жактарыбыздан таанышса. Озунду озун мактабасан башкалар кайдан мактайт. Башка жерде жургон туугандарыбызга оор тийиет бул кинодон кийин.
25.09.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне калппы ушугундай эле жашоо болуп жатпайбы режисер чындыкты айткан, и не надо тут спорить! правда в глаза колит болуп жатасынарда! молодец Марал! Уялып калышат прям башка улуттардан! а кыздарды зордуктап, ойноп таштап кетип жаткандар ким эркектер кыргыз балдары силер жазбай эле койгулачы намыстанбай эле койгула! биринчи озунорду ондогула!
29.09.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын москвада тартылган жерлерин корун уялып кеттим ..........
30.09.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино жакшы чыккан
SUPER.KG видео
08.10.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марал ролун мыкты аткарган, тасма болсо- реалдуу жашоо, ачуу чындык!
SUPER.KG видео
10.10.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марал чыгармачылыгына ийгилик каалайм ,рольду аябай мыкты аткарыптыр АЗАМАТ демекчимин
06.11.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жашообузда мындан откон окуялар болуп жатпайбы...Жакшы тартылган,Нурбек Эген тартпаса башкасы тартмак.



11.12.2012. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинон жакшы бирок ачык сенарилер бар жерлер биздин коз карашка туура келбейко дейм бирок адамдарда кийинчереек тушунор.
SUPER.KG видео
14.12.2012. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсын кыргызча суйлойт экен башкаларга караганда ишине ийгилик!!!
13.11.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино мага жакты бирок бизге туура келбеген,жерлери бар экен Марал эми сен жакшы ролдорду ойносон жакшы болот эле иийгилик сага.
03.12.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага жакпаган иш эн туурасы!!!Ыйманын жоготкондор ушундай жолго баратю
SUPER.KG видео
29.01.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тозоктун оту болгондон корккула мусулмандар,Марал сага Аллах сот
SUPER.KG видео
29.01.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызга ушундай коргозулгон кинонун кереги жок кино тарткандар башка бир образ менен берсе болотко кино деп элэ экранда жыланачтанбайт
16.06.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силер айтып айтып калдынар акыры келип марал суйуусун тапты го ит уро берет кербен журо берет деген макалдын озу чындыгы бар да.........
10.10.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маралды тааныйм аябай шайыр кыз. актер роль тандабайт деп коет эмеспи. чындыгынды марал кастингтен отуп кеткениме олло суйундум деген. анан сценарийди окуп опко ойлонуп анан макулдугумду бердим деген мага. а так жашоодо андай кыз эмес. бир эле жаман жагы ал ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 10.10.2014 10:34
10.10.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
devushka-zagadka, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
10.10.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маралка сен ата энен менен 2 жыл катташпай жургонунду айтпаптырсынго. пустой дом киносунда тартылып ушунча ачык жерлерге тартылып аз эле акча алганынды деле жашырбайле айтпайт белен. нурбек эген чындыгында маралды колдонуп койгону бар бул чындык
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо