Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫМЫРКАЙДЫ ӨЛТҮРГӨН КЫЛМЫШКЕР ИЗДӨӨДӨ

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

НАРИСТЕНИ ИТ ЖЕЙ БАШТАГАН
Жакында уккан адамдын төбө чачы тик тургудай кылмыш иши борбор калаабыздын тургундарын дүрбөлөңгө салды. Тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын август айынын этегинде Аламүдүн райондук ИИБинде дагы бир коркунучтуу киши өлтүрүү катталды. Мындай ишке кандай адамдын колу көтөрүлгөнү түшүнүксүз... Эмесе, сөз башынан болсун.
Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда болжол менен түштөн кийинки саат 16лар чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Маевка айылынын Тепличная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан ымыркайдын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Ымыркайдын денесин ит таап алган да, аны тиштеп сүйрөп келген. Андан соң тиштегилеп жей баштаган. Ошол тегеректе ойноп жүргөн кичинекей өспүрүм балдар көрүп калып, ата-энесине айтпаганда бул кылмыш иши билинет беле же ит ымыркайды жеп салып, эч ким билбей калмак беле, белгисиз...

КЫЛМЫШКЕР ДАЛЕ ТАБЫЛА ЭЛЕК
Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар ошол замат милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге тез аранын ичинде жетип барып, үрөй учурган бул ишти иликтей башташкан. Ошол күндөгү медициналык экспертиза тастыктагандай, ымыркайдын төрөлгөнүнө 1 күн гана болгон. Ал азиат улутундагы 3 килограмм 450 грамм салмакта төрөлгөн кыз болуп чыкты. Баарынан коркунучтуусу, кылмышкер наристени аёосуз 21 жолу бычак менен сайгылаган. Киндиги үй шартында кесилгендиги да маалым болду. Аламүдүн РИИБи бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш ишин ачып, наристенин энесине жана аны өлтүргөн мыкаачыга издөө салган. Тилекке каршы, канчалаган аракеттер көрүлсө да, иштин бетин ачууга ушул күнгө чейин мүмкүнчүлүк болбой, кылмышкер колго түшпөй келүүдө. Бул кылмыш жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, аны менен катар көп эмгекти да талап кылууда. Буга чейинки айрым иш тажрыйбалар далилдегендей, мындай оор кылмыштын бетин ачууга жалпы коомчулуктун жардамы керек. Ошол себептен милиция кызматкерлери коомчулукту чогуу иштешүүгө чакырат. Эгерде кимде-ким жогорудагы окуяга тийиштүү маалыматтарды билген болсо, 102 же төмөндөгү телефондор аркылуу кабарласаңыздар болот:

Чүй облустук ИИБинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы: 0312 36-88-94, 0553 35-45-32, 0550 83-83-60, 0772 18-46-57.
Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмү: 0312 36-35-23, 0312 36-33-66, 0555 25-00-18, 0557 80-61-69.
Маалымат берген кишинин аты-жөнү жашыруун сакталарына кепилдик берилет!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
17.09.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах жазалайт бекинип каяка бармак эле
17.09.2012. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристенин убалы уктатпай,кудай жазасын берсин.Мыкаачы эне болбой,жаралбай койбоптур
17.09.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообаа,бир кундук наристеде эмне куноо?Кыргыз элим эмне болуп баратабыз?
17.09.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкачуу акыры кармалат кан качырбайт деген соз бар бироого кор бироого зар дуйно деген ушул да
17.09.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык!!!21 жолу бычактаганы эмне туртку болду экен анчалык!!!!!!!!!!!!
18.09.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ухх...журогум титиреп кетти. Кандай таш боор эне.. Психикасы начар окшойт наристеден очун алганга караганда.
18.09.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта. Апасы же атасы эле олтурсо керек да. Андан коро балдар уйуно эле тапшырбайбы. Балким эн сонун кыздардан болуп чоноймок. Кандай окунучтуу.
18.09.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
el jurt,bala torop anan balanar kerek emes bolso maga ele berip koygulachy,ozum ele bagyp alayin... olturboy,detdomdorgo berbey,je satpay ele maga ele bergilechi...akchasy kerek bolso akchasyn da bereyin... balasy kerek emes bolgondordu ugup bilsener maga jazyp koygulachi... antip kordoboy ele bagyp alayin
18.09.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кудай сакта мындай мыкааачылык кайдан чыкты Аллахым ыйман ынсап бер кыргыз элиме.
18.09.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:'-( Оо Жараткан ай! Бул эмне деген мыкаачылык?! Ымаркайда эмне айып?! Төрөлбөй эле койбоптур... Жарык дүйнөнүн кандай экенин көрбөй, эмне экенин татбай кеттин сен. Ушундай зыянкечтерден дүйнө качан кутулат экен? Айбан да кылбайт мындай кылыкты :'-(
18.09.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноокордун жазасын кудайым озу берсин!
18.09.2012. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiy, dagy bir akyly jok akmak kyz torop tashtady da, bychak menen saygylap aly jok baykush naristeni ubaly uktatpasyn.
19.09.2012. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
психикасы жайында эмес го 21жолу бычак сайса. Наристенин убалы уктатпасын акмакты.
24.09.2012. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soz jok. Arabyzda ushundai mañkurttar jashap jatkany økündürøt. Minte bersek jer da 1künü jarylat go.
20.10.2014. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жигиттерибиз да кунолуу мындайга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо