Азамат Каныбек уулу, мушкер: «МЕНИН ЖЕҢИШИМ – ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЕҢИШИ»

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

Жакында эле Кытайда өткөн мелдеште 8 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын желегин мушкер Азамат Каныбек уулу желбиретип келди.

– Кандайсың, Азамат? Жеңишиң кут болсун!
– Рахмат, бул жеке эле менин жеңишим эмес, бүтүндөй кыргыз элинин, Ысык-Көлдүн жеңиши.

– Спортко качан аралашкансың? Устатың барбы?
– Чынын айтсам, биз мектепте окуп жүргөндө айылда азыркыдай спорттун көп түрү жок болчу. Бир гана бокс бар эле. Ошондо классташтарым, теңтуш балдарым “бокско катышып жатабыз” десе мен да кызыгып, алгач жөн гана кызык үчүн катышканымды жашырбайм. Студент кезде спортко болгон эргүүм күч алып, окуудан тышкаркы убактымдын көбү спорт залдарда өттү. Бокс менен достошуп, машыгып келе жатканыма 7 жылдан ашуун убакыт болуп калды. Биринчи устатым окуучу кезимде Марат Термечиков болчу. Азыр Разаков Мухидин агай болгон аракетин жумшап, мага өзгөчө көңүл бөлүүдө. Ошондуктан аз да болсо бийиктиктерге жетишим агайымдын аркасы менен деп баса белгилер элем.

– Демөөрчү тапкан чыгарсың...
– Өзүм бир май куюучу ишкананын кызматкери болгондуктан, ишкананын жетекчилери материалдык жактан дайыма колдоп келишет. Ал эми Кытайда болгон таймашка команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов жиберген эле.

– Кел, мелдештер тууралуу кеп козгойлу...
– Негизи, көп эле мелдештерге катыштым. Үстүбүздөгү жылдын май айында Орусияда өткөн мелдешти өзгөчө деп атар элем. Анда 3-орунга ээ болгом. 2011-жылы бокс боюнча өлкө биринчилигинде чемпион болдум. Быйыл август айында Кытайдын Ордос шаарында өткөн “Мыкты сегиздик” мелдешинде дагы 3-орунду багындырып кайттым. Анда Кытай, Италия, Таиланд, Моңголия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан катышкан. Мелдеште 1-орунга 1500 доллар, 2-орунга 800 доллар, 3-орунга 300 доллар каражат каралган. Куру калбай, үйгө жүзүм жарык, 300 доллар менен келдим. Буюрса, кийинки мелдештерде 1-орун меники болуп, желек менен бирге өлкөбүздүн гимни жаңырса деп тилек кылып жатам.

– Алдыда кандай максаттарың бар?
– Максатымдын эң бир орчундуусу – ушул эле чөйрөдө ордумду кеңейтсем дейм. 2013-жылы июнь айында Казакстандын Астана шаарында Дүйнөлүк чемпиондук болот. Ошол мелдеште баш байгеге ээ болсом, арманым жок эле.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(11)
17.09.2012. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Ийгилик коштоп журсун! Атына затын жарашкан жигиттерден болуп журо бер!
17.09.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымда сендей жигиттер коп болсун!!!
17.09.2012. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык-кол сени менен! Жайлай бер четинен!
17.09.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелди,азамат колдун атын которгонуно рахмат!!! Ишинизге ийгилик!
17.09.2012. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Азаматсын! Красавчик, Эркек! Ысык Кол Алга!
19.09.2012. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuttuktaim!!!
19.09.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы коп-коп ийгиликтерге жетише бер. Ар дайым Аала таалам сенин жолунду ачык кылып, журогуно ыйман берсин. Кыргызстан учун эн керектуу жараан болуп журл бер.
22.09.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык кол алга эмес, кыргыз алга. Болунуп жарылуу ушундан башталат.
22.09.2012. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болунуп жарылуу ушундан башталса, анда эмне Ысыката арашан деп жазып алгансын? Озундон баштап адегенде болунбосон. ЫСЫК КОЛ АЛГА!!!!!
22.09.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдуктор Алга! Коро албагандар оюна келгенди жаза беришсин
22.09.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик брат онорун оркундой берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо