Актриса Роза Азимбаева: «ДЕНЕМДИ БҮТ КЫРГЫЗ КӨРГӨН»

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында ачык кадрларга тартылып жүзү таанылган Зина эсиңизде чыгар. Ошол актриса Роза Азимбаева "тасмадагы ролум үчүн бузулган кыз деген атка кондум" деп бизге ачык маек куруп берди.

Туулган жылы – 1986-жыл, 18-май
Туулган жери – Жалал-Абад шаары
Тартылган тасмалары – "Министрдин кызынын махабаты-1-2", "Мен кыргызмын. А сизчи?..", "Мен сүйгөн карагат", "Жашоо кыска" жана "Соолуган карек" кыска метраждуу фильми
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Салам, Роза. Тасмадан жүзүң таанылып, кайра көрүнбөй кеттиң да...
– Салам. Тасма талаасынан кетпей элемин. Жакында эле “Мен кыргызмын. А сизчи?..” аттуу тасмада жеңил ойлуу эмес, намысын сактаган, күчтүү кыздын ролун жараттым.

– Актрисалык тушооң кесилген “Министрдин кы­зы­нын махабатына” кандайча тартылып калгансың?
– Бул тасмага ойдо жок жерден эле тартылып калгам. Апам менен иним “Супер-Инфо” гезитинин фанаттары да, бир да санын калтырбай окушат. Бир жолу үйгө кирсем, апам адатынча гезит окуп отуруптур. Анан мага кайрылып, “тасмага тартылууга кастинг жарыяланыптыр. Барып көрбөйсүңбү, балким, өтүп кетесиң...” деп калды. Апамдын суранычын четке какпай барып, 63төй кыздын арасынан тандоодон өтүп кеттим. Ошентип, кино жаатына алгачкы кадамымды жасадым.
Ал кезде КМКТАУда менеджменттикке окуп жаткам. Бирок мектепте окуп жүргөндө эле актриса болууга, ырчылыкка кызыгып, бир топ ролдорду жараткам. Ошол кезде эле чыгармачыл чөйрөдөн ордумду табам деген максатым бар болчу. Мектепти аяктап, консерваторияга тапшырайын десем, атам “кыз бала артист болбойт” деп таптакыр каршы чыккан. Атамдын сөзүнө каршы тура албай, ал кыялыма чекит коюп койгом.

– Кайра кантип чыгармачылыкка аралашып калдың?
– Биринчи тасманы жараткандан кийин деле актрисалык кесипти алып кетүү тууралуу оюм жок болчу. Бир жолу Куурчак театрында иштеген Зуура деген актрисага жолугуп калсам, ал “сенин талантың бар, талантты бекер кетирбей, окууга тапшырып кой” деп сунуш киргизди. Ошондо ойлонуп, анан Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшыргам. Андан кийин бир топ эле тасмаларда эпизоддук ролдорду жараттым.

– Ошол тасмада кыргызга өөн учураган эротикалык сценаларды аткарып, катуу сынга илинген элең...
– Ооба, негизи, мен кино жаатында ачылыш жасадым. Ачык сценаларды мен баштагам дебейминби, ха-ха. Азыр мындай ачык сценалар камтылган тасмалар көбөйүп кетти. Өөн деле учурабай калды. Тасмага тартыларда сценарий менен таанышып чыккам. Бирок башында андай эпизоддор ич көйнөкчөн эле аткарылат деп сүйлөшүлгөн болчу.

– Анан образга кирип кеттиңби?
– Тартуу учурунда көп жери өзгөрүп кетти. Үйдөгүлөргө бул тууралуу айткан эмесмин да. Апам бет ачарына келип, унчукпай көрүп отурду. Анан сыртка чыкканда мени жаман карап, “шашпай тур, үйгө барганда сүйлөшөбүз” деген. Башында кинонун режиссёрун сотко берем деп чыкты. “Апа, бул менин өзүмдүн макулдугум менен болду” деп жатып араң токтотсом, “эми сени ким алат, шерменде?!” деп аябай жаман болгон. “Апа, ал жерде баары эле чын болбойт, монтаждалат да” десем деле болбой “кыргыздын эркектери түшүнмөк беле?!” деп урушкан. Эмне дээримди билбей, “апа, кыргыздар албаса, орустар деле бар го” деп тамашалап жоошутуп коём...
Тасмадан кийин мени көргөн-билгендер “бул өзү бузулуп кеткен кыз, ошон үчүн ушундай роль аткарды да” деп айтышса, дагы бири чыныгы Зинаны көргөндөй мамиле жасашчу.

– Атаң тараптын реакциясы мындан да күчтүүрөөк болсо керек?
– Ата-энем 1993-жылдан бери эки бөлөк турушат, бирок катташабыз. Бир жолу иним экөөбүз элдештиргенбиз, тилекке каршы, болбоду. Апамды ала качып кеткендиктен, сүйбөй эле жашап калган экен, балким, ошондон улам экөөнүн оту күйүшпөй калдыбы...
Атам чыгармачылыктан алыс адам, тасманы көрбөсө деле керек.

– Кийин да ушундай ролдорго сунуш түштүбү?
– Көп эле сунуш түштү, бирок андан кийин эротикалык кадрлары бар киного тартылууга өзүмө тыюу салгам. Баягы уу-дуу ушактарды, чучугуңа жеткен сөздөрдү укканда кой дейт экенсиң. Анан да ал кезде 20 жашта, көп нерсени түшүнбөгөн өрт кезимде тартылып калыптырмын. Азыр ойлосом, жылаңач денемди чакан чөйрө көрсө бир жөн, анан бүткүл кыргыздын мырзаларына көрсөтүш аябай чоң күнөө экен.

– Бир учурда “динге катуу берилип, хиджаб кийип калды” деп айтышты эле...
– Орозо учурунда мечитке ачык кийинип барбайсың да, ошого хиджаб кийип барчумун. Хиджабчан сүрөтүмдү социалдык желелерге жүктөгөм. Аны көргөндөр ушундай сөз чыгарышыптыр. Беш маал намаз окуйм, бирок хиджаб кийбейм, анткени менин кесибиме туура келбейт.

– Жеке жашооңду билсек болобу?
– Буга чейин бир жигит менен мамиле түзгөм, азыр башым бош. Чыныгы сүйүүгө кабылсам деп жүрөм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Актриса Роза Азимбаева: "Денемди бүт кыргыз көргөн"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(86)
SUPER.KG видео
19.09.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен алам каалаганынды кыла бер номеринди жазып жиберчи
19.09.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштык мастык, коп ойлонбой жасаган ишине ар бир адам окунот. Жанылбаган жаак болбойт, мудурулбогон туяк болбойт. Аала сенин журогуно ыйман берсин, намаз окууганын мага абдан жакты.
19.09.2012. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сындоого болот, бирок кимдир бироо ушундай ролду аткарыш керек болчу, таланттуу, тайманбас кыз экен аткарыптыр, талантына таазим этуу керек. Баракелде!!!
20.09.2012. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маладец кутуктайм дененди бут кыргыз корсо
20.09.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жонокой кыз экен. Ийгилик ишине!
20.09.2012. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин оюмча еротика кино тартыш эрте да кеч дагы эмес ошондуктан тартып кереги жок мусулман болгондон кийин андай жат корунуштор деги эле жарашпайт андыктан биздин кино режиссерлор ойлонуш керек биз жашообуз аябай жетишкен кундо дагы мусулман экенибизди унутпаш керекбиз.Ата Эне тупку тегибизди керек болсо балдарыбызды небере чоборого чейин ойлошубуз керек анткени биз кыргыз эли улуттук намысын сактаган эл бизге уят нерселер укмуш аткарса да жарашпайт жана атагы чыккан актриса да болбо
24.09.2012. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
remma, tuptura
20.09.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун башындагы тоону корбогон бироонун башындагы чопту корот деген...Эмне кинодогу гана корунуп атыптырбы..канчалаган кыздарыбыз киносуз эле азери тажиги озбеги менен кинодонда ашык журушот.(баары эмес конечно)сынчы болгонду коюп озубузго ыйман тилейли туугандар...
20.09.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы жок кыздар - кучтуу болот, бул турмушта аталык мээрим албаган сон аны издеп- эркек адамдардан копту кутот - коркот. Чечкиндуу болот. Оздору таза болсо болду да. Ага режиссерлор куноолу Европаны туурап тартканга аракет кылып жатышат - бирок коп жерлери одоно бп калып жатат. пока СССР учурундай еле маанисин билдирсе болду еле да нак озун корсотпой. Биздин менталитет андай корунушторду тушунууго жете элек - диний жактан да каршы го.
20.09.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат бул тасманы кызыгып кордук эле. Суйлогону жакты, сонун кыз экен
20.09.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эл эмне десе дей берсин,мага лично бул кино жагат.канча корсом да тажабайм.ийгилик.
21.09.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
актриса кыздар сойкулардын ролун аткарсале жабыша калабыз аларды куноолоп, бул аморально деп, бул деген кинодо жараткан гана роль да. А анда сурайт элем, эмне учун алкаштын ролун аткарган эркектерди сынга салбайбыз? Эмне учун адам олтургон ролду аткарган адамдарды сындабайбыз, ой бул кыргыздын менталитетине туура келбейт, шариятка жатпайт деп? Же шарият менен кыргыздын менталитетинде жыланач денени корсотуу гана кунообу? Ошон учун туугандар тушуно билсенер, бир соз менен айтканда - кино да.
21.09.2012. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роза ийгилик ишине.
21.09.2012. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
анда кино деп алып тартыла бергиле жыланач болуп!
21.09.2012. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурдагы пайгамбарлардан калган бир соз бар;"Кудайдан уялбасан каалаган ишинди кыла бер"-деген.
21.09.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин менталитетибизге туура келбейт мындай рольдор. Башка олколордон деле актрисаларды чыкырышса болмок. Ал эми современныйбыз, эмне кылсак ошо кылабыз деген ойдо болушса, анда ийгиликтерге жетише бергиле.
21.09.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en jakshy kinolordyn biri bolgongo kantse dagy!
22.09.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн сонун кино,сизге ийгилик,ит уро берет,кербен журо берет дейт,атасы бар кыздарды коруб жатабыз атасындай кишилер мн журуб жатышат,эмне сизди короалбай жатышат ал монтаждалган деб тушундурсо деле тушунушбойт майда создун эмне кереги бар,бул менин жекече оюм.
22.09.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Менин денемди бут кыргыз коргон"деп мактангансып айтыптыр го?
22.09.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу го жакшы эле адам. Бирок тиги эпизоду окундуроот.
22.09.2012. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уяты деле жокта баарынар эле ошо уятан чыкансынар да туурабы
22.09.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кж кыз,,ооба эрте,жана кыргыздын салтына туура келбейт..эротиканы уйдон эле озубуз "живой" коруу керек гоо
23.09.2012. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип тартылды деп мен да ойлонгом Ал нерсеге да"дух" керек да бирок бизде ушундайлар тартылбай эле койсо болмок
27.09.2012. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bul kinonu abdan jakwi korom.negedir iylar berem korgon sayin.roza azamatsin sendei kizdar da kerek uwundai roldordu atkarganga.
30.09.2012. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
05.10.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таак туугандар. Биринчиден (Асель) Маралга салыштырмалуу биздин Роза "Дева Мария" болуп калды окшойт (+-) . Экинчиден, ооба туура ал нерсе театрдан кана коро турган тасма эле, бирок бул кино дискке чыгып элге кенири тарап кеткендигине пираттар куноолу. Андай кинону дискке чыгараарда албетте режиссер семейный коро турган кылып коррекция кылып чыгармак. Ал эми Розага чыгармачылык ийгилик каалайм. Кыздын чырагы кырк. Розанын бактылуулугу жалгыз Алланын колунда.
SUPER.KG видео
01.04.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
daa jakwu ele kyz eken!al otkon al jon gana kino da!a tak jakwu
20.01.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми байкуш Роза айжырашып алды,кайра турмушка чыгышы айабай эле кыйын болотко,кайненесида айтышы мумкунда тилиндин айынан айжыраштында деп,ошол балекет киного тартылбай эле койсо болмок экенда байкуш кыз.
29.04.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында эле “Мен кыргызмын. А сизчи?..” аттуу тасмада жеңил ойлуу эмес, намысын сактаган, күчтүү кыздын ролун жараттым деп айтканына тан калдым,ведь Кыргыздын намысын сактаган кыздары баланын артынан турмушка чыгам деп барган эмесда,жигит келип колун сурап алып кетет на сколько я знаю.Короче режиссер бул кызды и министрдин кызынын махабатында эротикалык сценарий менен уят кылса,а бул кинодо кыргыздын салты жагынан уят кылган экенда.
14.05.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок чын биро мындай ролду да аткарыш керек, ал эмес сонун жамынып хиджап кийип проституция менен алектенген кыздарды оз козум менен коргом. оозум ачылды. а ыссык колдон деле коруп атасынар го эркектер, купальник миникупальникчендерди
03.12.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смелая экен да кыз ал кезде
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо