Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПЕКИНДЕГИ ЖАРДЫ АЙМАК ЖЕ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАГАНЫБЫЗГА СҮЙҮНӨЛҮ

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

15-августтан 24-августка чейин ШКУ программасы өткөргөн иш-чарага катышуу үчүн жана Жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын жаштарынын атынан Кытай жергесине бардык. Өзгөчө меймандостук, сый пикир алмашуулар тууралуу айта берсек сөз көп. Кепти узартпай, бул жолу Кытайдагы жарды аймак тууралуу жана Үрүмчүдөгү кытайлык кыргыздар жөнүндө баяндап кетүүнү туура көрдүм.

ТУМАНДУУ ПЕКИН
Сөз жок, Пекин шаарынын кооздугу укмуш... Асман тиреген үйлөрү, кооз имараттары, кыйма-чийме, үстү-үстүнө көпүрө болуп курулган жолдору менен эсте калды. Көпүрөлөрдү санап, жети кабат экенин байкадым. Коштоп жүргөндөрдүн айтуусунда, Пекин шаарында расмий 20 миллион калк жашайт. Ички миграциянын эсебинен саны андан да көп болушу мүмкүн. Тоонун таза абасына көнүп калган кыргызбыз да, шаардын абасынан аябай кыйналдык. Завод-фабрикалардын, адамдардын көптүгүнөн аба өтө булганып, көк асман көрүнбөйт. Таң заарда гана аба бир аз тазаланып, көгүлтүр асман жылт этпесе, ар дайым туман каптап тургандай. Жери кенен, ичкенге көк кашка суу, таза абасы бар Кыргызстаныбыз бейиштин төрүндөй эле сезилди мага, Кытайга салыштырмалуу. Дагы бир жагдай, аларда мөмө-чөмө даамсыз. Ар кандай химикаттардын жардамы менен тез өндүрүп, теплицаларда өстүргөндүктөнбү, дарбызы дарбыздай, коону коондой эмес. Байкашымча, Кытайда эки тараптуу жашоо. Байлары өтө көп, материалдык жактан жетишкендери өздөрүнүн руханий байлыгын өстүрүү менен алек болсо, экинчи бөлүгү жөн гана эртеңки күнү эмне жейм?” деген ой менен күн кечирет.
Расмий жолугушуулардан кийин бизди жумушчулар аймагына алып жөнөштү. Искусство, маданияттын очогуна, техника, технологиясы өнүккөн мекемелерине болгон саякаттан кийин бул аймакка сапар таң калычтуу болду.

КИЧИНЕКЕЙ ҮЙДӨ 3 ҮЙ-БҮЛӨ ЖАШАЙТ
Жумушчулар аймагы Пекин шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Кызыгы, мындай жарды кварталдарды кытайлыктар чеп менен курчап, жат көздөн алыс кармашат экен. Кытайда ички миграция өтө өнүккөн, провинциялардан эл агылып келерин кошумчалап кетишти коштоочулар.
Биз кирип барганда эле жумушчулар аймагынын кеңсеси сыяктуу имараттын короосунда жайылып жаткан кийимдерди көрдүк. Сурасак, эл эски кийимдерин жумушчулар аймагына өткөрүп беришет экен. Ар кандай дары-дармектерди чачып, күнгө жайып коюп, кийин ушундай кийимдерге муктаж болгондордун дүкөнүнө өткөрүп беришет. Бизче айтканда, секонд-хенд.
Бир жерде аял баласын тосуп отурса, андан арыраакта тамак жасалып, ары жакта бир бийкеч боёнуп, айтор, бир укмуш көрүнүш. Кичинекей бөлмөнү карап “канча адам жашайт?” деп кызыгып калдык эле, оозубузду ачырып “3 үй-бүлө жашайт” дешти.
Балдар окуган мектепке барып, андан бетер таң калдык. Биздин эң алыскы райондорубузда да мындай мектептер жок болуш керек. Эски китептер, эзели оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөн класс... Биздин делегация “акиташ салуучу чакасын даярдап койсо актап бермек экенбиз, жумушка көнгөн калкпыз да...” деп коштоп жүргөн кытайларга тамаша-чынга сала кайрылышты. Ушундан кийин “кокуй, жашообуз начар, артта калдык” деген наалаттарыбызды ташташыбыз керек экенин түшүндүм. Табигый таза тамак ичип, кенен жерибизде жыргап жашап жатыппыз, туугандар. Көрсө, бардын баркы билинбейт экен да...

КЫРГЫЗСТАНГА КЕТЕЛИ ДЕГЕН ОЮБУЗ ЖОК”
Пекин шаарынан кийин ар улуттун башын кошкон Үрүмчү шаарын көздөй сапар тарттык. Мейманканадан кытайлык кыргыздарга жолуктук. Нуралы, Нуршат агалар менен маек куруп, сөзүбүз бүтпөй жатты. Алар “сүйлөшөлү” дегенди “бапырашалы” дешет экен, анын сыңарындай бапыраштык.

– Нуршат мырза, бул жерге кандайча келип калгансыз?
– Нечен заман өтпөдүбү. Негизи, биз отурукташкан жер – тээ Эне-Сайдын боюндагы кыргыздардан бери келе жаткан жер. Өзүбүздү кайсы бир жактан келип калган сыяктуу сезбейбиз.

– Тилибизде чоң өзгөчөлүк деле байкалбады мага...
– Таарынбаңыздар, бирок силерге караганда кытайлык кыргыздар нукура кыргыз тилинде сүйлөйбүз. Бул жактагы кыргыздар, негизинен, мал чарбачылык менен алек болуп келишкен. Бирок 1920-30-жылдардан бери улан-кыздарыбызды окутуп, мындай престиждүү мекеме, ишканаларда кызмат кылуулар көбөйдү. Эми ата-энелер келечек тоодо эмес, шаарда экенин сезип, балдарын институт, университеттерде окутканга аракет кылып жатышат.

– Калкы көп кытай элинде кыргыздарды ишке алуу деле оор болсо керек?..
– Сынак менен бардык улуттар кабыл алынат.

– Кытайларда бир эле балалуу болууга уруксат эмеспи, кытайлык кыргыздар ушул мыйзамга баш ийишеби?
– Кытайдан башка улуттарга 2 же 3төн балалуу болууга мыйзам чегинде жол берилген. Мисалы, кыштактарда жашаган адамдардын 3 балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми шаарда жашаган кыргыздардын 2 балалуу болууга укугу бар. Андан көп болсо мамлекетке айып пул төлөйт.

– Сиздин канча балаңыз бар?
– Үч балам бар (күлүп).

– Кыргызстанга баргансызбы? Мүмкүнчүлүк болсо кетет белеңиз?
– Кыргызстанды көрө элекмин. Мен “Кыргызстанды көрүп келсек” дегендерди угам, бирок биротоло калып калууну максат кылгандарды, чынында, жолуктура элекмин. “Ал жакка барганда кандай жашоо болот, кантип тиричилик кылабыз?” деген маселелер бар да эми (“өзүңөр тынчыбай жатсаңар” дегенин көзүнөн окудум). Ал жакта силер аман болуп, бул жакта биз аман болуп эле жүрө берели...

Кийинки сандарда Улуу Кытай сепили, императордун сарайы, кытай маданияты, эли жана башкалар тууралуу саякат-баян уланмакчы.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супердин" сурак бурчу

КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАСЫЗБЫ?

Бегимай Пиланова,
Корея, Сеул шаары, официант:
– Окуума байланыштуу бул жакка келип, ылайыктуу жумуш таап иштеп калдым. Айлыгы жакшы. Ошентсе деле эки жылдан соң мекениме кайтам. Кыргызстан менен Ысык-Көлдү аябай сагындым.

Адилет Соодонбеков,
Франция, Париж шаары, куруучу:

– Кайтпаганда кайда барабыз? Ата-эне, тууган-туушкан деген Кыргызстанда. Айла жоктон нан табалы деп чет өлкөдө иштеп жүрөбүз. Кыргызстанда жыргаган киши аз, чоңдор эле жыргабаса...

Чолпон Бекмукамбетова,
Италия, Казерта шаары, бала багуучу:
– Кайтабыз, буюрса. Бул жакта жашообуз, бардыгы жакшы болсо да, мекенибизди сагынабыз. Ата Журтка кайтып келүү чет өлкөдөгү
ар бир кыргыздын тилеги болуш керек.

Мирлан Чатыров,
Түркия, Анкара шаары, администратор:
– Бул жакта мейманканада иштейм. Айлык, шарт жакшы. Азырынча мекениме кайтпайм. Себеби Египетке жумушка чакырып жатышат.
Кыргызстанда ай сайын 50-60 миң сом айлык акытөлөгөн жумуш табуу кыйын.

Насима Акбашова,
АКШ, Филадельфия шаары, бала багуучу:
– Азырынча тил үйрөнүп, чет өлкөлөрдү кыдырып, аны менен катар акча да таап жүрөм. Кийинчерээк жолдошум экөөбүз тең Кыргызстанга кайталы деген оюбуз бар.

Улан Алимбеков,
Орусия, Москва шаары, менеджер:
– Бир аз иштеп, бутка туруп алган соң Кыргызстанга кайтып барып, бир ишкана ачуу максатым бар. Ата-энем, туугандарым, досторум үчүн болсо да мекениме кайтам.

Айзада Чоюбекова,
Орусия, Якутск шаары, сатуучу:
– Албетте, кайтам. Турмуш-шартка байланыштуу бул жакта убактылуу иштеп жүрөм. Бир аз акча топтогондон кийин сөзсүз мекениме барам.
Кыргызстанды аябай сагындым.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(44)
18.09.2012. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 15 кун эле чет жерде журдум. Ошол убакыттын ичинде коздон учту мекеним.Айдап жылдап корбогондордун абалын тушунуп жатам."Тоска по родине" дегенди айтып калышча анча билген эмесмин. Учактан тушкондє Кыргызстандын чымчыктары да башкача сайрагандай туюлду.Чет жакта жургондорго айтаарым, кыргызстан силерди кучак жайып кїтєт!
18.09.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги Кыргызстанда киши калганбы деп кетип атам мага деле 50-60мин сомдук айлыгы бар жумуш таап бергилечи мен да барайын
18.09.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак калпактуу ала-тоодо арасында жашайт элек
Жашоо баары мурдагыдай боогондо
(Москвада кадам сайын кыргыз баары эле жашообузду азда болсо жакшырталы деп журушот. Мен да ошолордун катарында.)
18.09.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы 50-60 мин сом айлык. 5-6 мин сом десенер жарашат болсо керек :):)
18.09.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды сагындым, мен да аябай. Жакын арада бара албайм го (((
19.09.2012. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mekenimdi,ata-enemdi,tuugandarymdy,dostorumdu airykcha Kymyzymdy sagyndym!
19.09.2012. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagynganda bir keleerbiz,sargaiganda bir keleerbiz Ala Toonu korgonu...tuugandar!
19.09.2012. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уф мен дагы ата мекенимди ата энемди сагындым козумдон жаш тамчылап да кетти буйруса эмки жылы барам
19.09.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизда алыста жургон балдарыбызды сагындык.Заманыбыз онолуп кучагыбызга аман эсен кайтышынарды алладан суранабыз.жолунарды куткон энелердин атынан кайрылып отурам.
19.09.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(
19.09.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagy sagyndyym, 5 kiwinin atynan
20.09.2012. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда журсонор да аман болгула.
20.09.2012. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх туулган жердин топурагы атын!!!Кыргызстандан кеткениме 15 эле кун болду бирок сагынып аябай кетким келтат...............
20.09.2012. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН да 6жылдан бери кыргыз-ды коро элекмин!КАчан сага жетем КЫРГЫЗСТАНЫММ!!!
20.09.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сагындым Кыргызстанды кийинки жылы барабыз кудай буюрса.. Кетким келди.
20.09.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам жапкан нанды саааааагындым;-(.......
20.09.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da sagyndym Kyrgyzystandy
21.09.2012. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кааласан тоого чыгасын. каалсан балык тутасын. колго эс ал же суусамырда эс ал баардык мезгил бар эх сонун кыргызстан бир эле акча жок. бирок сагындым мен да
21.09.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизче айтканда, секонд-хенд. - это вообще то на английском языке - на русском (БУ)-бывшего употребления кыргызча по другому же будет..... колдонулган итд... бизче айтканда деп кичине туура жазбайсынарбы!!!
21.09.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охооо, Кыргыздардын баары чет жакка чыгып кеткенби?(но причина же понятная,аман-эсен кайтып келгиле :))))))
22.09.2012. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда аябай сагындым кыргызстанымы,коп жылдан бери баралекмин буйруса барып калам бир жумадан кийин!
22.09.2012. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды сагындыыыыыыыым.....
22.09.2012. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан-бейиштин тору,чынын жазыпсынар! мекенимди сагындыыыыыыым...!
22.09.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы уйго кетким келип кетти
22.09.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандай жер жок экен да корсо, баалай билиш керек! мага качан буюрат экен кыргызстанга барыш....
22.09.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жылда барган сайын болду кайтып келем,деп озумду алдап келем кайра россияга.Ушинтип журуп калып кетемби деп корком... Эх тагдыр биздин муунду ар жакка чачырытып жиберди да...
22.09.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн капалантканы бизди,РФ гражданствосун алгандарды САТКЫН деп эсептегендер бар экен...
23.09.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
exx atamekenim kyrgyzstan!!! jogorudagylardy okup alyp kozum kylgyra tuwtu... uwun4alyk sagyndym, soz menen aituuga mumkun emes. tuwumdo asman tiregen toolordu kezip u4am kundo, oigonup alyp alysta ekenimdi estep zamanam kuurulup ketet. taza aba, moltur kawka tunuk suu, berekeluu nan, bai jaratylyw janduinomdun ajyragys bolugu turbaiby. 4et jakta jurgon kyrgyz eli baarynar aman esen mekenibizge kaitywynardy jaratkandan jalbaryp suranam?! kyrgyzdy uyat kylbaily ee tuugandar??? alga KYRGYZ!!!
23.09.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ат сагынбас жер болбойт
Жер сагынбас эр болбойт
23.09.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сагындым сени мекеним
Өлбөсөм бир күн жетемин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо