№515 14-20-сентябрь, 2012-ж
ИИМдин орун басары Курсан Асанов бүт түштүк аймагындагы укук коргоо органдарынын башчыларын чогултуп, Ошто жыйын өткөрдү. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук, райондук жана шаардык ИИБинин башчылары, орун басарлары катышкан чогулушта “жогору жактын” быйылкы жылга карата түзүлгөн негизги иш-чаралардын аткарылышы талкууланды. Негизги маселе, кылмыштардын алдын алуу аракетиндеги участкалык инспекторлордун ролу, мурда соттолгон адамдар менен иштөө, коомдук коопсуздук көйгөйлөрү болду. Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайлардын абалын оңдоо, түрмөдө отурган адамдардын жашоо-шарты, алардын укуктук маселелери да ортого салынды. Курсан Асанов жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы тууралуу айтып, министр Зарылбек Рысалиевдин койгон негизги талаптарын катышкандардын кулагына куйду. Асанов укук коргоо органдарындагы тартиптин зарылдыгын белгилеп: “Жарандардан тартипти талап кылуудан мурун. Милиция кызматкери өзү үлгү болуш керек”,- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |