ЖАҢЫ АЯНТ ЖАЙ БҮТҮҮДӨ

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

Гезитибиздин мурунку сандарында Жалал-Абад шаарында аянт курулуп жаткандыгы тууралуу жазган элек. Ал 31-августта бүтөрү пландалып жатканын кабарлашкан. Майрам да, сентябрь айынын алдыңкы 10 күнү да өттү. Бирок “аянт бүттү” деген дабыштан дайын жок. Эмнеге аянт бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек? Бул суроого жооп издеп шаардын мэри Бакытбек Адыловго кайрылдык. 
– Мурда тендер 25 миллион сом болуп өтсө, азыр көрсөтүлгөн жерге кетип жаткан курулуш материалдары: таш, мрамор, граниттин баалары кошулуп, эми 33 миллион 262 миң сомго кошулушу керек болууда. Бул суммалардын айырмасы 8 миллион 114 миң сомго жетип калат. Ал жетпеген суммасына кайра тендер жарыялоо керек. Бул республикалык бюджеттен келген акчага каржыланат. Тээ башында курулуш иштери башталып жатканда атайын архитекторлор мерчем түзүшкөн. Жыйынтыгында курулуш иши жүрүп жаткан “Эл достугу” аянтын реконструкциялоо долбоорун түзгөн архитекторлор аталган жердин аянтын 900 чарчы метр катары көрсөтүп, 2 миң чарчы метрге азайтып коюшкан.
Эми канчалык кыйын болбосун, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Буюрса, шаардын 135 жылдык мааракесине карата октябрь айында аталган аянттарды ишке беребиз. “Мир” кинотеатрынын алдындагы аянтты реконструкциялоого да кошумча смета түзүлгөндүктөн, жалпы суммасы 12 миллион 714 миң сом болуп кайра бекитилди. Айырмасы 3 миллион 351 сомго кайра тендер жарыяланмакчы,- дейт Бакытбек Адылов.

Аянтта эмне кеп экендигин аныктоо максатында барганыбызда жумушчулар кызуу иш үстүндө экен. Иш жүргүзүү боюнча прораб А.Нурматов төмөнкүлөрдү айтты:
– Көрүп турганыңардай азыр кызуу иш учуру. Жалпысынан алганда “Эл достугу” сейил багынын дээрлик 70 пайызы бүтүп калды. Азыр аянтка төшөлчү кымбат баадагы таштардын келишин күтүп, бир аз кечеңдеп калганы эле болбосо, баарыбыз аракеттебиз.
Аянттын бүтүшүнүн кечең­де­шине сел да таасирин тийгизбей койгон жок. Сел жерге төшөлгөн жашыл чөп эгилген аянтчаларды каптап кеткендиктен, чөп жакшы өспөй калды. Буюрса, аларды тазалоо иштери жүргүзүлүп, жолго салынып калды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
17.09.2012. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalivoood....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо