№515 14-20-сентябрь, 2012-ж
– Урматтуу “Супер-Инфо” гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн жамааты! Сиздерге кат менен кайрылуумдун себеби төмөнкүчө. Жакында кокусунан Бишкекте шаардык бир кыздын “бир сонун жигит менен тааныштым, бирок ал баткендик экен...” дегенин угуп калдым. Ушул сыяктуу окуя кезинде менин башымдан өткөндүктөн, ой бөлүшүүнү туура көрдүм.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда, өзгөчө айылдарда жумушсуздук күч алып, элдин баары аккан суудай агылып шаарды көздөй жумуш издеп кеткен. Бул жагдай өрүкзарлуу Баткенге да жат көрүнүш эмес. Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдү көздөй акча табуунун айласын издеп тентип кеткен мигранттардын саны күн санап өсүүдө.
Мен да эл катары Москва шаарында иштеп калдым. Жашпыз, сүйүү сезими бар-жок, бай-кедей деп ылгабай, атүгүл жердигине карабайт эмеспи. Бир бөлмөлүү батирде 11 киши жашачубуз. Жумуштан келсем, Кыргызстандан иштегени кыздар келишиптир. Таанышып калдык. Концерт мына ошондо башталды. Алар Талас менен Чүйдөн болушат экен, баткендик экенимди угуп, менден өздөрүн бийик сезип, ар нерселерди айтып, үстүртөдөн карап күлө башташты.
– Айткылачы, Баткенди силер кандай элестетесиңер?- дедим
– Баткенде суу тартыш, жолдору боз ала чаң, көп кабаттуу үйлөр жок. Унаа каттамы аз, бир жакка барсаң, такси кызматынан пайдалана албайсың,- деп жылмайышты. Мен аларды угуп, абдан таң калдым.
Ошентип, жакындан тааныша баштадык. Мен аларга Баткен жөнүндө кеп салып, Баткенде башка облустардагыдай эле телерадиокомпания, дүркүрөп иштеген сурьма, сымап комбинаттары, цемент заводу жана башка ишканалар, ЖОЖдор бар экенин, элинин меймандостугун, ынтымактуулугун, 60тан ашык улуттун өкүлдөрү жашаарын айтып, кыскасы, кеңири маалымат бердим. Кийин Сайкал аттуу кыз менен жумушка чогуу барып-келип, жакын болуп кеттик. Бир жыл кыз-жигит болуп жүрүп, баш кошуп, айтылуу Баткен жерине келдик.
Келинчегим менин айткандарым жалган эмес экенине өз көзү менен ишенди. Баткендин жигиттери башка облустун жигиттериндей эле адамгерчиликтүү, тамашакөй жана сүйө ала тургандыгын кымча бел, чийме каш бийкечтерге кабарлай кетейин. Кыргызстандагы 7 облустун эң кенжеси болгон Баткен борбордон алыс болгону эле эмес, Кызыл китепке кирип, коргоого алынган айгүлү жана көптөгөн дартка даба болгон өрүгү менен да белгилүү. Сайкалым айткандай, бул белгилүү болгондордун бир чети гана. Эң негизгиси, баткендик жигиттер укмуштуудай романтик экен.
Ырыс
Баткен шаары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
9
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
)
Ар бир жердин ар бир аймактын өз өзүнчө диалектиктери бар аны ар бир кыргыз жакшы билет болушу керек.Анан бир адамдын айынан бүтүндөй бир облусту же ошол жашаган аймакты жамандоого болбойт бул болбогон нерсе.Кайсы жерге барба адамдын жакшысы менен жаманы бар, албетте жакшысы көбүрөөк.Келгиле эң башкысы би
Бизде кыска шорта, майка кийүү кыз балага жат көрүнүш! Эркектер менен теңме тең шарап ичүү аялдарга жат көрүнүш! Мен муну ынсаптуулук деп билем!
Орустардын "Не нация плохая, а люди плохие" деген цитатасын, жана кыргыздын "бир кумалак бир карын майды чиритет" деген сөзүн тиркей өтмөкчүмүн...)