Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАШ БАЙГЕ ЛЕЙЛЕКТИКТЕРДЕ

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

«Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө» демекчи, жакында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына карата Сүлүктүдө шахмат, аркан тартыш жана күрөш боюнча чоң таймаш өткөрүлдү. Шахмат оюну боюнча мелдеште М.Садыков 1-орунду ээлеп, 3000 сом акчалай сыйлыкка арзыды. 2-орунга С.Муратов жетишсе (2000 сом), Э.Кучаров 3-орунга (1000 сом) илинди.
Ал эми аркан тартыш боюнча СГЭИ командасы жеңүүчү аталды. Кийинки орунду ШБББ ээлесе, шаардык мэриянын командасы мыкты үчилтикти толуктады. Анан, албетте, күрөш боюнча таймаштар эч кимди кайдигер калтырбады. Ага Лейлек районунан жана коңшу Тажикстандан келген балбандардын катышуусу көрк кошту. Жыйынтыгында баш байге конокторго буюруп, абсолюттук салмакта чемпиондукту жеңип алган Лейлек районунун Баум айылынын Бакыт аттуу балбаны “Т.Ибрагимов” ЖЧКсы сайган Москвич үлгүсүндөгү темир тулпарды минди. Ошондой эле байгеге «Кызыл-Булак», «Нур», «Сүлүктү көмүр», «Сүлүктү шахта курулуш», «Кара-Булак», «Ак-Тилек», «Т.Марипов», «Сүлүктү биримдик», «Узун-Сай», «Кутчу», «Таза-Булак», «Раимбердиев», «Ак-Булак» ЖЧКлары тонналап көмүр кошконун кошумчалап кетебиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо