НИКЕ ЖАҢЫРТКАН ЖОКМУН, НИКЕ КҮБӨЛҮК ЖАҢЫРТТЫМ

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

81 жаштагы аксакал жакында эле никесин жаңыртыптыр дегенди угуп, чын-төгүнүн тактоо үчүн иликтеп көрдүк. Көрсө, никесин эмес, нике күбөлүгүн жаңыртыптыр. Кээ бирлер аны туура эмес угуп, никесин жаңыр­тты деп алышкан экен.
81 жаштагы Оморбек Токтосунов Талас районунун Кара-Суу айылында жашайт. Байбичеси Уулкан Үмөталиева экөө 6 уул, 2 кыз, 16 небере, 8 чөбөрөлүү болуп, карылыктын бактылуу доорун сүрүп жаткан кездери.
– Байбичем экөөбүз 1957-жылы мартта баш кошкон элек. Андагы нике кагазы жука, 2 бүктөм эле болчу. Анан жакында эле 8 балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы берилет экен дегенди угуп, баягы нике күбөлүгүбүздү издесек жок. Нары-бери карап, таппаган соң жаңы нике документин алууга туура келди. Анысы да оңой эмес экен, толтура документти чогултуп жатып алдык. Керектүү жерге документтерди өткөрүп, эми дем тартып отурсак, эски нике кагазыбыз адабий китептердин биринин ичинен табылып жатпайбы. Кээ бирлер айткандай, мен нике эмес, нике күбөлүк жаңырттым-, дейт аксакал.
Оморбек карыя – айылдагы мечитти кайтарып сооп тапкан молдо адам. Учурда өз колу менен салган үйү эскирип калгандыктан, уулдары чоң ак там тургузуп жатышат.

Канымжан Усупбекова
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
17.09.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакал куч кубат берсе,никесин да жаныртса болчудай,жаны уй да бутуп калат жакында.
17.09.2012. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо зээрикпей билип келипсиңер да а )))
24.09.2012. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushundai karylarga suktanam. Omürüñüzdør uzun bolsun.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо