«ТОЙДУН ОРДУНА АЗА КҮТТҮК»

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Мен бул эже менен капыстан таанышып, сүйлөшүп калдым. Алтынбүбү эже «кырсык болбогондо келиниме дайындап койгон ак жоолугумду салып, балам экөөнүн жетелешип жүргөнүн көрүп эзилип отурбайт белем» деп кеп баштады.

– Баламдын Москвада жашап, иштеп жүргөнүнө быйыл 5 жылдан ашты. Айка аттуу кыз менен таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүнө 5 жыл болгон эле. Баламдын айтуусу жана сүрөттөрдөн көргөнүм боюнча Айка – ак жуумал, узун бойлуу, тириликке бышык, ак көңүл, жароокер жан. Экөөнүн бири-бирине назданып, эркелешип түшкөн сүрөттөрүн көрүп, буюрса, жакшы келиндүү болот экем деп ичимден кымылдап алчумун. Анан быйыл жайында балам экөө баш кошмок болуп, той 4-августка белгиленди. Тойго кызуу даярдана баштадык. Ак жоолуктарды ушунчалык көп топтогон экенмин, келиниме кайсынысын салам деп башым адашып жатып акырында чоң, апакай, үлпүлдөгөн кооз жоолукка токтолдум.
Тойго 2 апта калганда балам биз менен акылдашып, Москвадан үйлөнүп, дос-жоролоруна чай беришти. Айылга болсо 4-августта келмек болушту. Бирок биз күткөндөй боло бербеди. Тойго 1 апта калганда кокустан балам чалып, «апа, келиниңизден айрылып калдык. Кыздар менен сууга түшкөнү барып...» деп буркурап ыйлап жиберди. Бүткөн боюмду калтырак басып, оозума сөз кирбей калды. Ошентип, ата-энесиникине Айканын сөөгү да келди, кайгыдан арыктап, өңү кубарган балам да достору менен келди.
Баламдын айтуусу боюнча окуя мындай болуптур. Ошол кырсык болор күнү балам жумушка кетип жатып, Айкага «эч жакка барба, үйдө эле бол, мен эрте келип калам» деп улам-улам дайындап, анан кетет. Түш ченде Айканын курбулары келип, «сууга түшүп келели» дешет. Акыры анын болбос оюна коюшпай алып кетишет. Анан сууга түшүп жатканда кокустан келиним агып кетип, табылбай калат. Сөөгү табылган соң үйүндөгүлөргө кабар берилиптир.
Ошентип, той болбой калды. Тойдун ордуна 4-август күнү Айканы акыркы сапарга узатып, ыйлап турдук, аза күттүк. Дал той болор күнү...
Ата-энесинин кайгысына кара жер зорго түткүдөй. Мени «кудагый» дешсе, ыйлап токтоно алсамчы. Баламды кучактап, «ажал болбогондо күйөө бала деп сыйлашып отурмак элек» деп буркурап ыйлашты. Тойго абдан даярданышкан экен, ошонун баары акыркы зыйнатына кетпедиби. Таш боор ажал, ай...
Арадан күндөр өтүп, бир күнү балам: «Апа, билесизби, ошол кырсык болордон мурунку түнү уктаган эмеспиз. Айка экөөбүз келечегибиз тууралуу кыялданып, досторго той тууралуу кабарлап, балкондо таң атырдык. Ошондо Айканын ушунчалык жылдыздуу экенин дагы бир ирет баамдап, ичимден көз тийбесин деп койгон элем. Эртеси эртең менен негедир жумушка бутум тартпай, улам кылчактап, ага «эч кайда барба» деп кеткем. Анан түштө эле суук кабарды айтып жатышпайбы»,- деди.
Айканын кыркылыгы өткөн соң балам Москвага кетти. Кетерде «апа, эми мен андай жанды таппайм го. Ансыз эми жашоом кандай болот? Аны унута албайм го» деп ыйлады. Айла жок «балам, жакшылап иштей берсең, жакшылыктар көп болор» деп жубата узатып кала бердим.
Ушуларды айтып жатканыма кечиргиле, балам, болбой калган куда-кудагыйлар, Айка. Муну айтпай тура албадым, ичиме батыра албадым. Тагдырга нааразылыгымды айтпай коё албадым. Айка, сенин жаркын элесиң дайыма эсибизде. Ушул эскерүүм сага гүлдесте болсун!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(57)
26.09.2012. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AriDAN777 инсандын олумуно инсан да себеп болуп калышы мумкун.ажал айтып келбейт.эгер жанын алам десе отурган жеринен да алышы мумкун.бир кем дуйно сабырдуулук гана керек.
26.09.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун козумо жаш келип кетти калган бир туугандарына узун омур берсин АЛЛАХЫМ
26.09.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Денем дуркуроп кетти,ажалды кайдан айтып болбойт, сиз тагдырга окуно бербениз,ажал келсе баарыбыз эле кетебиз,демек келининиз болбой калган кыздын ажалы суудан экен ,жаткан жери жайлуу болсун!
26.09.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кырсык каш кабактын ортосунда деген ушу турбайбы,бейишин берсин.
26.09.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!Бул да болсо кудайдын буйругу.
26.09.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу топурагы торколу болсун ((!!муну окуп журогум дуркуроп эигитке ичим ачышып кетти аттиин бир кем дуйноо ((!!!
26.09.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып көзүмо жаш алдым. байкуш эне, ушунча жыл күткөн келинин "мына көрөм!" деп жатканда...эххх...
26.09.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кайгылуу окуя экен сабыр айтам кайгыруу менен (((
26.09.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алытндай кырндашым жаткан жерин жайлуу болсун топрагун торколу болсун. коз алдыман элсин кетпейт сени эстегенде
26.09.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jayluu, topuragy torko bolsun.Ata-enesine sabyr bersin.ayabay okunu4tu.
26.09.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
27.09.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу Аллах бейиштен орун берсин.
27.09.2012. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конул айтам калган омурун биртууган ата-энесине берсин жараткан
27.09.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх таш боор ажал! эх тойбогон шум ажал!
27.09.2012. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai ai ai allahtyn buyrugu. iymani salamat bolsun.. sabir kilinizdar olum jogolup ketuu emes olum chyn tuboluk jahsoonun eshigi. baarybyz oshol eshikten bir kunu bolboso bir kunu kirebiz. Emne deybiz allah iymanin salamat kilsin..kor azabinan saktasin/
27.09.2012. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып ыйладым жаман болуптур. балким уйунон чыкпаганда бул иш болмок эмес беле ....
27.09.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaribiz erte bi kechpi olumdun daamin tatabiz,bul kiz oto erte daamin tatiptir,jani jannatan jai tapsin.jakindarina konul aitam
28.09.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куллу нафсин за икатул мавт.кыргызчага которгондо ар бир инсан олум шербетин татат.
28.09.2012. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири кем дуйно деп бекер айтпаган.жаман ичим атышты .
28.09.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхххх жаткан жери жайлуу болсун.
28.09.2012. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу.
29.09.2012. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден сабырдуулук каалайм,бул да болсо Аллаанын буйругу.Ошондуктан бул оор жоготууну бир гана сабырдуулук мн женишинерди суранам.Бул жалган дуйнодоэч кимибиз туркук боло албайбыз,бейиштен насип этсин Аллаам ал кызга жана баарыбызга иншааллах.
29.09.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу.
30.09.2012. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sabyr bersin
30.09.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу боксун.
30.09.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айканын уй булосуно сабыр берсин. Алтынбубу эже сизге куч кубат, сабыр тилейм! Баланыздын келечеги кен болсун! Айла жок тагдыр экен колубуздан эч нерсе келбейт.
01.10.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун...
15.10.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
niko-nuku - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
09.11.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун,эми эч ким ажалдан кутула албайт,сууга тушпосо уйдо отурса деле ажал болсо анысына карабайт экен
15.05.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абда окунучтуу, жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабырдуулук каалайм, окуп алып козумо жаш тегеренип кетти, кудай ар бир пендеге жакшылыгын берерээрин унутпасын!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо