№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
Сүйүнүчтүү кабар! Баткен шаары жакында жапжаңы билим өргөөсү менен толукталат. Жаңы курулуп, ишке берилүү астында турган №3-мектеп Баткен мамлекеттик университетинин маңдайынан орун алган. Ал 3 кабаттан туруп, 600 окуучуга ылайыкташтырылган. Анда 34 мугалим эмгектенип, алардын экөө илимдин кандидаттары. Жаңы мектеп курулуштун да бардык талаптарына жооп берет.
Мектептин директору Мээринса Жапарова: «Шаардын калкынын саны өсүп, окуучулардын саны нормадан ашып кеткендиктен, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыкты»,- дейт. Учурда салтанаттуу ачылыш аземине даярдыктар күчүндө. Мектептин лентасын айдын аягында Баткенге иш сапары менен келиши күтүлүп жаткан президент Алмазбек Атамбаев кесмекчи. Ылайым бул мектептен атагы алыска кеткен инсандар чыксын!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |