Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЕЧИР, БАШКАНЫ СҮЙҮП КАЛДЫМ...»

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

«Мени жанынан артык сүйүп, сыйлап турган Намыста эмне күнөө? Ал сымбаттуу, жогорку билимдүү, колунда бар үй-бүлөнүн баласы болгонуна карабай, мен карапайым айылдык бир жигитти сүйүп калдым...» деп кеп баштады редакцияга келген ак жуумал Мээрим аттуу бийкеч.

СҮЙГӨН КЕСИП
– Кичинекейимден орган кызматкери болууну самап, мектепти аяктаган соң Ички иштер министрлигинин академиясына тапшырып, аны ушул жылы аяктап, милициянын лейтенанты деген даражага ээ болдум. Сүйгөн кесибимдин ээси болдум деп кубанычым койнума батпай турганда мага Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынын биринде иштөө жөнүндө буйрук чыкты. Буйрук деген буйрук, ал жерге барып иштөөгө каршы болгон жокмун. Бирок ата-энем, бир-туугандарым, курбуларым жадакалса 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим да каршы болуп туруп алды. Жигитим турмуш куруу тууралуу сунуш киргизди. Мен макул болбодум. Ага жок дегенде бир жыл иштеп, анан турмушка чыгарымды айттым. Бишкекте төрөлүп-өскөнүмө байланыштуу жакындарым «сен шаарга көнүп калгансың, айылда иштей албайсың. Ал жакта байланыш, интернет да жок...» деп айтышты. Мен оюмдан кайткан жокмун.
Кесибиме аябай берилгендиктен, эч кимдин сөзүн укпай Баткенди карай жөнөдүм. Айласы кеткен ата-энем макул болуп ийгилик каалады. Атам мени алып келип, жайгаштырып кетти. Жумушта баары мени жылуу тосуп алышты. Тез эле аларга аралашып, жергиликтүү жашоо-шартка көнүп кеттим. Менин алыстан келип иштеп жатканыма түшүнүү менен мамиле жасап, колдорунан келген жардамдарын берип, колдоо көрсөтүштү.
Кесиптештеримдин арасынан Кайрат аттуу жигит экөөбүз жакын жашагандыктан, жумушка чогуу келип-кетчүбүз. Ал мага көп жардам берип, иштин айынан кеч калган күндөрү күтүп, үйгө жеткирип койчу. Ошентип жүрүп экөөбүз достошуп калдык.

БААРЫНА ДАЯР НАМЫС
– Жигитим менен телефон аркылуу сүйлөшүп турсам да, Кайрат менен болгон жылуу мамилебиз сүйүүгө айланды. Мени жанынан артык көрүп, сүйүп, сыйлап турган Намыста эмне күнөө?.. Ал сымбаттуу, жогорку билимдүү, колунда бар үй-бүлөнүн баласы болгонуна карабай, мен карапайым, айылдык бир жигитти сүйүп калдым. Жигитиме аны сүйбөөрүмдү айтуу мен үчүн өтө оор эле. Экөө менен тең сүйлөшүп жүрдүм. Убакыт өтүп, Намысты эмес, Кайратты сүйөрүмдү түшүнүп, Намыска баарын айттым. Башка бирөөнү сүйөрүмдү билсе да, ал мага үйлөнүүгө даяр. Намыс, мени кечир, жүрөккө буйрук бере албайт экенсиң. Мен чындап Кайратты сүйүп калдым. Мен сени сыйлайм жана алдай албайм. Туура түшүнөсүң деп ишенем. Айла жок ушинтип гезит аркылуу сага кайрылууга аргасызмын. Бактылуу бол!

Мээрим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(37)
24.09.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркекте ЭРКЕК деген намыс бар. Эрди намыс олтурот-коёнду камыш олтурот. Зжылдан бери эмне кылдын жакшы-жаманын ылгабай.
25.09.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atyrulan, журокту башкара албайсында!
24.09.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимисин тандасан да бир кун келип албетте окуносун. Кыз суйсо калат,бала суйсо алат дегендей терен ойлонуп,7олчоп 1кесип анан чечим чыгар.
24.09.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз бактын оз колунда...
24.09.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээрим кичине кутуп турсан мумкун кайра Намысты суйуп калетт белен...... Журокту башкарып болбойт........
24.09.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika jakshylap oilon kiyin okunup kalgandai bolbo
25.09.2012. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне демекчибиз озунун журогу ошону тандап алса анда ийгилик каалайлы ...
25.09.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйуу-пуйуу... болбогон бир жомок...))))
25.09.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыйынчылык учурда ким жылуу мамиле жасап койсо ошол адамга азгырылып калат экенбиз аялзаты,бирок дайыма журокту дегеле суйууну акыл менен башкарууну унутпашыбыз керек.Мээрим,суйуу менен эле бактылуу жашап кетуу кыйын,баарын ойлонуп анан чечим чыгар демекмин!Намыстын суйуусун да ойлоп койгун,озунун суйуусун гана ойлогон эгоисттик сапат деп ойлойм.
25.09.2012. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок, суйуу деген суйуу экен да. Эми экоону бизге караганда сен жакшы билесин да, ошентсе да жакшылап ойлонуп чечим чыгар демекчимин.Кимиси менен болсон да бактылуу болчу!
25.09.2012. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси бактылуу болуш керек ошондуктан бактылуу болсун
25.09.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu boluu kokustuk, al emi baktysyz boluu bul bewene.!
25.09.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш баарын оз ордуна коёт...
25.09.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ошентип жүрүп экөөбүз достошуп кеттик" дейт тимеле.Колунда бар сымбатуу болсо аны жактырбай колунда жокту жактырып,союз убагындагы сөздү жазып коюптур да.А чындыгында болсо баары тескерисинче болгон болуш керек.Айылга барып малы көп байдын баласын тандап алды да.
25.09.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
namysty 4yndap suiboso nege suilowup jurdu bolduken bawynda, je bailygyna kyzykkango. baaryna ozu kunooluugo? ex keebir kyzdardyn uwundaiy jakpaitta "bawkany suiup kaldym"-dep. suiuunu kol jooluktaile paidalanyp kalgan zaman boldu. suiuunu oiun4uk kylbaily4y. albette baktyluu bol kim menen bolsonda. kiiin barmak tiwtebegidei bol
26.09.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйбой сумурон кал,кайдакы суйуу?Кайра Бишкеке келсе Намысты суйуп калмак,Кайратка Намыска айткан созду айтмак да.Бир аз жардам берип койсо эле суйо бересинби...
26.09.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы кыргыз кыз экен айылдык карапайым жигит шаардык кызга үйлөнсө болбойт екен бактылуу болгула!
27.09.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйлонгучо канча кызды суйдум жетпесем олуп калам деген кундор болгон. Суйуу бул уйбуло куруп аялына болгон суйуу чыныгы суйуу ага чейин тоок суйуу тоок
27.09.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оокат кылып, балалуу болуп кайын журту менен ызы-чуу болуп башталганда анан суйуусун корот да, иии суйуу ушул турбайбы деп тушунот да.
28.09.2012. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноо эч кимде жокко бирок бирок ошол мурунку суйлошуп жургон жигити Намыска кыйын болуптур байкуш
29.09.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kimisin suison da baktyluu bol da
30.09.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Терме тезек-келме кезек дешет го абайланыз! Азыр сиз бироонун конулун,журогун оорутсаныз,ыйлатсаныз ал кайра кайрылып озунузго келип калышы мумкун! Бирок кандай болбосун суйуктуунуз менен бактылуу болунуз!
30.09.2012. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал жигитти суйгон учун 3 жылдан бери суйлошуп журсо керек деп ойлопмун башка жакка кетип башкасын суйуп калса боло береби журок 1ди суйот кыз туура эмес кылган ал карьераны 1-орунга коюптур кыздарга карьера 2-орунда ал эми уй-було 1-орун болуш керек!
21.10.2012. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээрим сен Кайратты тандадын! Кайра артка жол жок анткени сен бул сөздөрүн менен Намыстын жүрөгүнө тийдин ал баары бир сени кечире албайт! туура, сен ачыгын айттын бирок еркек кишинин көнүлү калса абдан жаман экен! Жылдар өтсө да унутушпайт жана сага экесесин чыгарат! Ошентсе да туура жолун тандадын деп тилейм! Бакыт каалайм!
09.11.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сиз алыста жургон учун кайрат жакын адам боло тушту ,бул менин оюмча жон эле ,убактылууча болгон достук мамиле,сиз конуп калгансыз ага ,эми командировкага барып эле куйоого тийе турган,коптон бери суйлошуп жургон адамды таштап кетуу болбойтко
09.11.2012. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охоо эртен Намыска турмушка чыгып 3 жыл жашап анан дагы бир башка Кайратты суйуп калсачы?Бул жагын да ойлогула.Бул кылган ишин мамилеге жатпайт.
26.11.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Кайрат жонундо эч нерсе айтылган эмес балким ал сени суйбойттур а кыз суйсо калат бала суйсо алат деген соз бар го элибизде так что думай о будущим...
21.01.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылгансын суйгонун менен жашаш кандай жакшы
06.05.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине тийди экен?)))
07.05.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу-бул таенендин чайнеги эмес,
каалаган убагында кайнатып иче албайсын ,ал кокусунан келет дечу эле .........чын экен
07.05.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой суйуу бул убактылуу Эле нерсе суйуу жок просто айал заты бат конуп кетебиз, эркек суйсо ошол суйуу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо