Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПЕНСИОНЕР ЭМНЕГЕ КАПА БОЛДУ?

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Ош шаарынын тургуну, ардагер журналист, Жазуучулар союзунун мүчөсү, пенсионер Токтогул Кенжеев биздин редакцияга пенсияны бөлүштүрүүгө нааразы экенин билдирип кат жазган. Кадырлуу карынын катына кайдигер карай албадык.
– 76 жаштамын, бутум, боорум ооруйт. Түшүп калган тиштеримди салдырууга да акчам көп кетип калып жатат. Алган пенсияма нааразы эмесмин, Кудайга шүгүр. 1996-жылы пенсияга чыкканымда бардык документтер такталып, өзгөчө эмгегим үчүн пенсионер кылышкан.Мурдагы персоналдык пенсионердин жеңилдиктери сакталган. Бул ак ниет эмгекти адилеттүү баалап, аксакалдарды ардактаган көрүнүш эле. Бирок кийин Данияр Үсөнов ардагерлерге туура эмес иш кылды. Арзан жолдомо менен курортко барууну тыйып, бекер тиш салдырууну токтоткон.
Бул боюнча Ош шаардык Социалдык коргоо башкармалыгына кайрылсам, «билбейбиз!» деп коюшту. Өзгөчө эмгек сиңиргеним кайда калды эми?! Өкмөт эки жолу пенсияны көбөйтүп жакшы атка ээ болгону жагымдуу. Бирок пенсиясы аздарга 40, көп пенсия алгандарга 3 пайыз кошкону тамашабы?! Бул ардагерлерге оор тиерин билбейби?! Өзгөчө эмгек кылгандар менен катарда иштегендердин пенсиясын теңдеп койгонунун жообун эч кимден таба албай жатам. 2010-жылдан берки пенсияны көтөрүү жана бөлүштүрүү зээнимди кейитип жатат,- дейт Токтогул Кенжеев. Карыянын катына жооп издеп Ош шаардык Социалдык фондуна жана Ош шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылдык.
Надежда Кривова, Ош шаардык Социалдык фондунун пенсия бөлүмүнүн жетекчиси:
– Токтогул Кенжеев Ош шаарында өзгөчө эмгеги үчүн пенсионер. Ал айына 11 153 сом пенсия алат. Булар боюнча документтер Бишкекте сакталат. Менде болсо, алгач канча алганын карап бермекмин. Өзгөчө эмгек кылгандар менен жөнөкөй пенсионерлердин пенсиясы теңелген жок.

Сыргагүл Султанова, Ош шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын акчалай төлөмдөрдү да­йындоо секторунун башчысы:
– 2010-жылга чейин пенсионерлер үчүн коммуналдык төлөм­дөр­гө 50 пайыз жеңил­дик каралган. Ошол жылы энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө президенттин 511-буйругу чыккан. Ошол буйрукка байланыштуу пенсиядагы жарандардын жагдайына карата категориялар бөлүнгөн.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда эмгек кылып майып болгондорго 2000 сомдон, ал эми тылдагы эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы жок пенсионерлерге 1000 сомдон берилүүсү каралган. Токтогул Кенжеев мына ушуга кошулат. Сууга, электр энергиясына, таштандыга төлөнүүчү акчалар ушул 1000 сомдун ичинде.
Жолдомо боюнча, 2010-жылга чейин персоналдык пенсиядагы жарандар жыл сайын 50 пайызга арзандатылган жолдомо алып турушчу, азыр андай жок. Болгону, Ош шаардык кеңеши тарабынан «пенсиясы 4000ден ашпагандарга шаардык бюджеттен жардам көрсөтүлсүн» деген буйрук кабыл алынган. Ошонун негизинде биз пенсиясы 4000ден ашпаган пенсионерлерге жардам беребиз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
24.09.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакал жакшы эле пенсия алат экенсиз, анан эмнеге кат жаздыныз тушунбой калдым. Азыр 1500 сом пенсия алып деле ун катпай отургандар канча?
24.09.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бай аксакал сиз арызданбай рахмат айтсаныз боло турган екен пенсияныз
24.09.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле пенсия алат экен. Пенсиядан сырткары балдары деле болсо керек.
24.09.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутум ооруйт дейт,75эмес 25теги биздин бут деле кыйратпай жатат.
25.09.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooba uşunça akçanı az dese anda biz ne kılabız 2000 pensiya algan
27.09.2012. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакал сиз жакшы эле кооп пенсия алат экенсиз,алдакы пенсиянызды окмот корсо кыскартып салат.Элди дурботбой оолуктурбай тынч болун эми...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо