Нурсултан Кубатов, клипмейкер: «УЛУУ РЕЖИССЁРЛОРДОН КЕЧИРИМ СУРАП...»

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Ош шаарындагы аты чыккан ырчылардын ырларына «жан киргизип», клип тартып жаткан жаш жигит бар. Башка клипмейкерлерден жашы менен айырмаланган Нурсултан Кубатовдун чыгармачылыгына кызыкдар болдук.

Туулган жылы – 1994.
Кичи мекени – Кара-Кулжа району.
Хоббиси – Музыка угуу, кино, клип көрүү.
KG Эльмураттын «Сүйүүнүн күчү», «Кереги жок» аттуу ырларына, Сапар Исаковдун «Сенсиз жаным» ырына клип тарткан.
Учурда – Финансы-юридикалык колледждин студенти.

– Нурсултан, режиссёрлук сен үчүн эмне?
– Мени режиссёр деп атоого эрте. Улуу режиссёрлордон кечирим сурап туруп, бул тармакты кеп кылып берейин. Мен кичинемден режиссёрлукка кызыгып, анын пайдубалын клип тартуудан баштадым. Кыска метраждуу кинолорду тартып отуруп, бара-бара кино жаатында чебер болгум келет.

– Клип тартып жатканда сенде канча адамдын көз карашы пайда болот?
– Биринчиден, кайсы муундагы адамдарга арналып тартылып жатканына маани берүү зарыл. Анан ошого карап окуяны чагылдырып жаткан адамдардын образына өзүң түшөсүң. Терс роль жаратып жатса, анда ошол адам болосуң дегендей. Негизги нерселер ушулар болот. Анан түшүнүгү ар кандай көрөрмандар болот. Алардын көз карашына салып майдалап отурбайсың. Негизи, мен каармандардын гана эмес, көрүүчүлөрдүн да көз карашын колдонуп тарткым келет.

– Кандай жанрдагы кинолорду баалайсың?
– Мен романтика жана боевик кинолорду жактырам. Романтикалуу кинолорго көп адамдар кызыгат. Ал эми боевик кинолор бизде аз тартылат. Эгер мен кино тартсам, жөнөкөй кылып тартмакмын. Эл байлык-бийликти көп сындайт, ошого көп берилет. Адамдардын аң сезиминен мындай терс көрүнүштөрдү алып чыгуу үчүн романтикалык маанайдагы же корей стилиндеги жөнөкөй, бирок мааниси терең тасма тартсам деп ниет кылып жүрөм. Кыргыз киносуна чоң салым кошсом дейм.

– Клип тартууда кимден сабак аласың?
– Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыков байкебизден сабак алам. Ал мага кеңештерин айтып турат.
Орус клипмейкери Павел Худяковдун клиптерин көрүп тажрыйба топтойм. Чет элдик ырчылардын акыркы клиптерине маани берем. Кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын байкайм. Жаштардын табитине төп келген идеяларды издейм. Кайталанып келген эски стилден чыгып, жаңылануу алып келгенге аракет кылам.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(14)
24.09.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maldes!!!!!!
24.09.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мадалес укам менин жердешим экенсин
24.09.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы иним ишине ийгилик! эн жаш клипмейкер турбайсынбы ээ?)))))))))
24.09.2012. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болоор бала богунан дегендей.
30.09.2012. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidaxan84, туура айтас
25.09.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурсултан молодец!!!Успехов в дальнейшей работе!!!Значит мы с тобой как то даже одноклассники!!!
26.09.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын! бирок абайла,коро албастык жагынан алдына эч ким салбаган калкпыз!
27.09.2012. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын,оркунун осо берсин,сенден келечекте копту умут кылабыз.Лиранын эмгегин актаган уулдардан бол.Алматыдан аяш энелерин Мира,Гуля
27.09.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
27.09.2012. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
28.09.2012. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жакшы бала турбайбы,менин жердешим.Келечекте чоон кинорежиссер бол,Кыргыздын Джеймс Камерон деп койсо да болот.
29.09.2012. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn! Aldydagy koigon oi-maksattaryn orundalsyn,ishterine alban-alban Iygilik!
29.09.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Респект, если нужны будет девки для клипа,, обращайся ))))))
03.10.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш болсон да келечекте умут артырган жигит экенсин.Ракмат оркунун оссун бар бол.ЭЛИН жонокой эл турмушунан алынган кинону сагынышты эн жонокой бирок конулду сергиткен жудобогон чыныгы кыргыздын турмушун коргубуз келет.Жаманын эмес жакшысын жакшы турмушту коргубуз келет.Коруп конулубуз которудуп башка журта биз ушундай калкпыз дегибиз келет.Сенден ушуну кутобуз азаматым.Сени окуп жердешибиз деп сыймыктандык.Бар бол максатына жет эл уулу бол.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо