«Боз салкындагы» Бурма – Элнура Осмоналиева: «ЖОЛДОШУМ МЕНЕН ЖАРАНДЫК НИКЕДЕ ЖАШАП, БАШ КОШКОНБУЗ»

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

«Боз салкын» тасмасында «сүйүү-пүйүү – болбогон бир жомок» деп сүйгөнүн тарттырып жиберип ыйлаган Бурма эсиңизде болсо керек. Мына ушул ролду жараткан Элнура Осмоналиева учурда актрисалык эмес, режиссёрдук кесипти аркалап, бир топ тасмаларды жарыкка чыгарууга жетишти.

– Салам, Элнура, эң алгач тасма талаасына кантип келип калдың, ушундан маекти баштасак. Себеби сени көпчүлүк «Боз салкын» тасмасындагы Бурманын ролу менен таанып калды...
– Негизи, менде актриса болом деген кыял жок болчу. Мектепте окуп жүргөндө оператордук жумушка көбүрөөк кызыгар элем. Анан 1998-жылы мектепти аяктап, АКШга окууга кеттим. Ошол жактан телевидение боюнча сабак алдым. Кино тартууга аралашып калганым ошол АКШдан башталды деп айта алам. Себеби ал жактан 3 мүнөттүк «Кызыл шапкечен» деген тасма тарттым. Келгенден кийин БААУнун журналистика факультетинде бир жыл окуп, анан саясий илимдер бөлүмүнө которулуп кеткем. Студент болуп жүргөндө деле кино тартууга болгон кызыгуум өчкөн жок. Бирок жан багыш үчүн жумушка орношуп, академиялык тыным алып, чет өлкөлөргө кетип калып жаттым. Ошентип жүрүп окуумду 7 жыл дегенде араң аяктагам.
2006-жылы ойдо жок жерден эле Эрнест Абдыжапаровдун «Боз салкын» тасмасына кастингден өтүп, Бурманын ролун жаратып калгам. Тартуу учурунда режиссёрдун ар бир жасаган ишин карап отуруп мага режиссёрлук кесип жакын экенин түшүнүп, мындан кийин эмне менен алек болорумду чечтим. Тартуу учурунда да «мындай тарталы, тигиндей тарталы» деген сунуштарымды айтсам, режиссёр кабыл алып жатты. Ошондон улам да «Эрнест агайдын ассистенти болуп жүрүп эле капысынан роль алып калган» деген сөздөр чыккан.

– Дээриңде актрисалык кесипке жакын болбосоң, роль жаратуу кыйынчылыкка турса керек?
– Мен үчүн башка образга кирүү ошончо кишинин алдында бир топ эле оорчулукту жаратты. Баары бир уяласың да, анан да өзүңдүн ой-пикириңе каршы иш болсо да, аны аткарышың керек. Мисалы, тасмада Бурма Муратты көлдүн жээгинен башка кыз менен көргөндө жөн эле ыйлап кетип калат го. Ошол жери мага жакпай, режиссёрго «шаарга кетип эле башка кызды жетелеп келген немени чыныгы жашоодо бетке бир чабат болчу. Ошондой кылып тартпайлыбы?» десем, режиссёр болбой койгон. Эгерде мен Бурманын ордунда болсом, жаакка чаап басып кетмекмин.

– Эми бала чакка кайрылбайлыбы, кайсы жердин, кимдин кызы болдуң экен?
– Мен 1981-жылы Ош шаарында төрөлгөм. Ата-энем Аксыдан болот. Атам ал кезде кайсы бир жетекчиликте иштеп, апам студент экен. Жети айга толгонумда апамдын окуусу үчүн мени айылга чоң энемдикине жөнөтүшүптүр. 4 жашымда атам жумушунан которулуп, Кызыл-Кыя шаарына көчүп кеткенбиз. Ал жакта 9 жыл жашап, орус мектепте окудум. Анан кайрадан Аксынын Кербен шаарчасына көчүп келдик. Ошол 1995-жыл биздин үй-бүлө үчүн оор жылдардан болду. Шаардан айылга көчкөндө көп нерселерди эптей албай кыйналдык. Атам мал багуу, жер иштетүү дегенден алыс болуп калган да. Ал кезде ишенген кишиң жок, ата-энеңдин акчасы жок болуп турса, эмне кылмак элем? Мен өз жашоомду колго алууну чечтим. Өзүмдү келечекке даярдап, англис тилин үйрөнүп, чет өлкөгө барууга камдана баштагам. Анан 11-классты бүткөндө оюм орундалып, АКШга бир жылга окууга кеткем.

– Анан эле өз жашооңду куруп кеттиңби?
– Ооба десем да болот. Албетте, алгач ата-энем «кыз балага чет жерде эмне бар?» дегендей каршылыктарын көрсөтүштү. Бирок мен апама айттым, «апа, эгерде силер кийин мени өз акчаңар менен АКШга жибере алам десеңер, анда барбайм» дедим. Апам «мен андай убада бере албайм, менде андай мүмкүнчүлүк жок» деп мени жиберүүгө аргасыз болгон.

– Учурда сени режиссёр катары көрүп калдык. Маекти ушул тууралуу улантсак...
– Жогоруда айтып кеткендей, алгачкы тасмам АКШда тартылган. Менин тасмаларымдын көбү даректүү жана социалдык темаларды козгойт. Андан кийинки тасмам 2008-жылы «Шам чырак» деген ат менен тартылды, көркөм тасма, 20 мүнөттүк. Башкы ролду Асема аткарган. Кийинкиси «Алмаз» деген даректүү тасма болду. Учурда да мекендештерибиздин кыйынчылыгы жана мүмкүнчүлүгү тууралуу тасма тартып жатабыз.

– Чет өлкөлөргө байма-бай каттаарыңды билем. «Жолдошу Кыргызстанда жашабайт, ошол себептен» деген сөздөрдүн чындыгы бар окшойт...
– Жок, жолдошум менен Бишкекте эле турабыз. Кинофестивалдарга чет жактарга көп чыгабыз.

– Жолдошуң менен таанышып, баш кошуп калганыңардын да чоң окуясы бар деп уккам...
– Биз 2006-жылы Сочиден жолугуп калдык. Анда 26 жаштамын. Жолдошум 36 жашта эле. Таанышканда эле токтолбой 2 саат кино тууралуу сүйлөшкөнүбүз эсимде. Ал дагы кино жаатына кызыгат экен. Ошентип сүйлөшүп калдык да, 3 айдан кийин үйлөнбөй эле бирге жашап калдык.

– Жарандык никеде жашоо бизде өөн учураган көрүнүш го. Ата-энең эмне деди?
– Ата-энеме кыйын эле болду. Баары бир кыргызбыз да. Атам «мектепти бүткөнчө биз эмне десек кыласың, андан кийин өз жашооң өз колуңда» дечү. Апам «андан көрө дагы окубайсыңбы?» деп кыйылды, бирок мен апама «эне болууну каалап жатам» деген жообумду айттым. Жолдошум Төлөндүн ата-энеси көп жылдан бери чет өлкөлөргө чыгып жүргөндүктөн, заманбап көз караштагы адамдар. Кошумчалап айта кетсем, кыргыздын салты деп эле ала качып барып бирөөгө зордоп жубай кылып койгон – зомбулук. Ал эми ага карганда жарандык нике кылмыш эмес, ага каршы эмесмин.

– Жолдошуңдун ишине кийлигишесиңби?
– Үй-бүлөдө аялы менен күйөөсү бири-биринин ишине аябай кийлигишип кеткенде ар бири өзүнүн жекелик сапатын жоготуп коёт. Кийлигишпейм. Кээде эле ой-пикиримди айтып, жарнама жана маркетингден жардам берем. Ал дагы менин ишиме кийлигишпейт.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Боз салкындагы" Бурма - Элнура Осмоналиева: "Жолдошум менен жарандык никеде жашап, баш кошконбуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
22.09.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кары корунот экен, бирок жаш эле кыз экен го?
SUPER.KG видео
23.09.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperi88 men da saga koshulam. elnura eje men sizge tan berdim
SUPER.KG видео
23.09.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolgonun bolgondoi achyk suilogon taza tak kyz ayal ekenin ynandym
SUPER.KG видео
23.09.2012. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльнура эже сиз абдан жакшы психолог экенсиз!!!Менин жашоомдо болуп аткан азыркы учурдагы проблемамды так айттыныз!!!Азаматсыз.....Мен дагы сиздей бакытымды тапсам экен!!!
SUPER.KG видео
23.09.2012. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанбай,керсейбей суйлойт экен!!!Ачык айрым,мага абдан жактыныз!!!
SUPER.KG видео
23.09.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп нерсеге оз мээнети менен жеткен кучтуу адам. Курманжан датка энебизге окшоштурам. Жаштарга озгочо кыздарга абдан чон стимул болот деп ойлойм. Мендагы озумо бир топ жакшы сапатарын алганга аракет кылам.
SUPER.KG видео
23.09.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ан сезими аябай ойдо адам экен
SUPER.KG видео
23.09.2012. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
очень самодостаточный человек
24.09.2012. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бакыт каалайм
SUPER.KG видео
24.09.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдардын бар экендиги кубантат.
24.09.2012. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
заманбап уй-булоо экен жакты, бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
24.09.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат бактылуу бол! Бурманын ролун мыкты ачып бергенсин!
24.09.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!
24.09.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!!!!!
SUPER.KG видео
24.09.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Birinchi jolu ayabai jakty superge bergen maek! Albette umtulgun,araket kylgyn kelet ushundai adamdardy korgondon kiyin!
SUPER.KG видео
24.09.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы аял экени байкалып турат,жашоонун нугун тушунгон мыкты адам экен!!!
24.09.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
24.09.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандагысы бир эле болугу дейт го. Бонецкий лабораториясы кыргызстандын бут аймагында бар и еще кымбат дагы. Ооо
24.09.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мика, кымбат болгону менен анализдерди башка лабораторияларга караганда так чыгарат. Биз үй-бүлөбүз менен дайыма Бонецкийдин кызматтары менен колдонобуз
25.09.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
никесиз жарандык никеде жошоо кунооооооооо
27.09.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg_boy3239, жарандык нике куноо эмес, ала качуу куноо
26.09.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооло жагат мага Бурма, аябай сонун аткарган! Молодец!
26.09.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
26.09.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодон терс каармандын ролун аткарган адамдарды жаман көрүп каласың го. А чыныгы жашоодо сүйлөшө келсең, тескерисинче сонун адамдар. Алардын бири Бурманын ролун аткарган Элнура! Ийгилик сизге!
26.09.2012. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktulyy bolgula
27.09.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula!Iygilik!
27.09.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Бурма! Сенин адамдык мыкты сапаттарын бар экенин байкадым. Мисалы алдына койгон максатына жетуудогу ожорлук. Сага чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. "Алмаз" аттуу тасманды мен жакында гана кордум. Эн мыкты. Чыныгы жашоону таамай чагылдыргансын. Келечкте мыкты тасмаларды жарата беришине чын журогумдон тилектешмин
27.09.2012. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булолук бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
27.09.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат! Чон, чон ийгиликтерди каалайм! кыял+шарт=ийгилик! Сен чон ийгилик жаратат деп ишенип туралы.
28.09.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн кучтуу -таза адам екенсин, бактылуу бол.Медицинадагы терс корунуштор, иналидносту барларга терс мамиле кылып, льготаларын жон бербестен пара бермейин кылган мед обсл. тарта аласынарбы
SUPER.KG видео
03.10.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!! Кыргыз тилиндеги коптогон мыкты корком жана тарых тасмаларын жарата бер! Ийгилик !!!
10.04.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элнура менен бир мектепте окугам,активист окуучулардан эле, ушул кунго чейин сыйлап, суктанып келем! You are welldone!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо