Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАНКАГА КАТЫЛГАН ВИТАМИНДЕР

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Консерваланган жер-жемишти жеп отуруп жайды элестетип, бышыкчылыктын жыты мурдуңа келери талашсыз. Андыктан, кожойкелер, өз колуңуз менен кышка даярдык көрүүнү унутпаңыз.

«КҮЗ БЕЛЕГИ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Баклажан
– 2 кг
Помидор – 2 кг
Болгар кызыл калемпири – 1 кг
Сарымсак – 50 гр
Ачуу калемпир – 2-3 даана
Уксус (9) – 100 мл
Туз – 2 аш кашык
Кумшекер – 3 аш кашык Лавр жалбырагы, тоголок кара мурч

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Баклажанды 2-3 сантиметр калыңдыкта кесип алабыз. Мындан жука кессеңиз, кайнатканда эзилип кетиши мүмкүн. Эми баклажанды туздап, жарым саатка коюп коёбуз.
2. Жашылчаларды даярдайбыз. Помидор менен болгар калемпиринин эки түрүн, сарымсакты жууп-тазалап, эт туурагычтан өткөрөбүз. Буга туз, кумшекер, өсүмдүк майын кошуп, 5-7 мүнөт кайнатабыз.
3. Андан соң баклажанды салып дагы 20 мүнөт кайнатабыз. Эсиңизде болсун, томат ширеси баклажанды сөзсүз көмүп турушу зарыл. Баклажан бышкан соң туз татымын көрүп, бууланган банкаларга салып, жабабыз.

«АССОРТИ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Помидор
– 3 кг
Бадыраң – 3 кг
Болгар ка­лемпири – 2 кг
Ачуу калемпир – 3-4 даана
Пияз – 100 гр
Петрушка – 2 боо
Ашкөк – 1 боо
Тоголок кара мурч, туз, кумшекер, лавр жалбырагы

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап, суусун сарыктырып алабыз.
2. Пиязды жарым тегерек, болгар калемпирин чарчы, бадыраңды калыңдыгы 1,5-2 сантиметрдей кылып тегерек формасында туурайбыз. Ал эми помидорду майда кесимдерге бөлөбүз.
3. Бууланган банканын астына петрушканын 2-3 сабагын, ашкөктүн гүлүн, сарымсак, ачуу калемпирдин бир кесимин салабыз.
4. Жашылчаларды ирети менен, алгач пиязды, анан болгар калемпирин, бадыраңды, помидорду салабыз. Буларды ныктап салбасаңыз, банканын сыртынан кайнатканда салатыңыз жарымынан эле болуп калат. Помидордун үстүнө 5-6 тоголок кара мурч жана 1 лавр жалбырагын салып коюуну унутпаңыз.
5. Эми маринад даярдайбыз. Ал үчүн мискейге 2 литр суу куюп, ага 3 аш кашык туз, жарым стакан кумшекер салабыз. Кайнап чыкканда 150 миллилитр уксус (9) куюп, банкаларга куябыз. Андан соң банкаларды мискейге салып, сыртынан 7-8 мүнөт кайнатып, жаап коёбуз. Кышкысын столго коёрдо өсүмдүк майынан кошуп койсоңуз да болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
24.09.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 литр банкага канча маринад куябыз?
24.09.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай салат жасагам эмнегедир экоосу атып кетти
24.09.2012. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шилекейди агыздынарго...
24.09.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биросу дагы жаккан жок.
03.10.2012. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., жеп кордунбу?
25.09.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даамдуу экенго!
25.09.2012. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин апам жапкан салаттарга жетпейт экен да
28.09.2012. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазап коруш керек экен
29.09.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасап туруп кышында ачып жесен э ммммммы
29.09.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен аджика менен чер тополок жаптым.Бул салатты да эртерээк жазбапсынар да бизде эми овощи кымбаттап кетти баклажан 1кг 35р болуп калыптыр.
01.10.2012. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jasa korush kerek eken. Jegenden kiiin bilesin kandai daamdu bolorun.
23.09.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда апан жасаган салатты жеп жата берда
01.09.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса Кыргызстанга барганда жасайм,рахмат супер инфо абдан пайдалуу кенештер экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо