Омар: «ЖАШЫРБАЙМ,СУПСАК ЫРЛАРЫМ КӨП»

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Омар окуучу кезде мугалими «Менин хоббим» деген темада дил баян жазууга тапшырма берет. Ошондо Омар өзүнүн хоббиси эмне экенин аныктай албай көпкө ойлонот. Анан ички туюму багыт бергенби, айтор, «менин хоббим – ырдоо» дегенге токтолгон экен. Ошол ой бекеринен келбесе керек.

– Салам, Омар, акыркы тартылган «Бирге болом» аттуу клибиң жагымдуу болуптур...
– Салам. Клиптин идеясы мага тиешелүү. Клипте кандай жагдай болбосун сени менен бирге болом деген жигиттин өжөрлүгү чагылдырылат эмеспи. Мен жашоодо андай абалга кабылып, бирөөнү катуу сүйүп, артынай чуркай элекмин. Бирок сүйүп калсам, чуркагандан коркпойм.

– «Сүйүп калсам» дейсиң да, кызыңды жашырып, эл көзүнөн ала качып жүрөсүңбү?
– Апачык эле жооп берейинчи, сүйгөнүм жок. Чынында, сүйгөн кызым жок десем, эч ким ишенбейт. Интернет аркылуу социалдык сайттардан кыз издегенден тартынчу элем, азыр кээде издеп койгон учурларым болууда. Көп күйөрмандар сүйүүлөрүн арнап жазышат.

– Ошол сүйүү билдирүүлөрүнүн ичинен эң оригиналдуусу кайсы?
– «Омар байке, сиздин мени кызганып урушканыңызды каалайм» дегендер да бар. Балким, жашоодо каалаган нерсесин жазып жаткандыр. Азыр мен курдуулардан жалгыз мен эле үйлөнө электей сезилип калды өзүмө. Буюрса, ылайыктуу кыз тапсам, көп созбой үйлөнүүгө даярмын.

– Сүйүүгө ишенесиңби?
– Ишенем. Сүйүү бул – аял менен эркектин ортосундагы жарыш. Ким кимисине көбүрөөк жагымдуу сезимдерди тартуулайт дегендей. Мен да «страстный» сүйүүгө кабылгым келет, ха-ха...

– «Бойдок кездеги күйөрмандарымды үйлөнгөндөн кийин жоготуп алам» деп корккон ырчы мырзалардын катарын толуктайсыңбы?
– Жок, корккондордон эмесмин. Ар кандай күйөрмандар болот. Кээ бирлер менин ырдаганымды эмес, келбетимди гана жактырышы мүмкүн. Бул табияттан берилген физикалык тартылуу, муну жоё албайбыз. Бирок ошентсе да үйлөнгөндөн кийин күйөрмандарым азайып, алардын бир тобун жоготом деп коркпойм.

- «Таластык ырчылар өзүнчө бир топ болуп жүрүшөт» деген кеп бар. Мисалы, сен, Мирбек, Арсен. Чындап эле ушундайбы?
– Аа, ооба, антип ойлошу да мүмкүн. Чынында, көп учурда чогуу жүргөн достордонбуз. Бирок мен трайбализмден таптакыр алысмын. Болгону, Мирбек, Арсен, Айбек Замирбек уулу, Раллия болуп чогуу бир кафеде иштечүбүз. Анан баарыбыз сахнага чыктык. Ошондон бери чыгармачылыкта жолубуз бир.

– Көбүнчө ырчылар эс алуудагы адаттарын коомго айткысы келбейт, айтылса эле чычалашат. Сен дагы эс алуудагы кайсы бир учурлар жарыяланып калса терикчүлөрдөнсүң, ээ?
– Көп деле терикпейм. Мисалы, кальян чегип жаткан сүрөтүм силердин гезитке чыкты. Кальян десе, кээ бирлер баңгизат чегип жаткандай кабыл алышат. Улуу муундагылар түшүнбөй, «бузулуп кетиптир» деп ойлоп калышы да мүмкүн. Эл адамы болгондон кийин жашооңдун айрым учурларын жашырышың керек болот.

– Ичкилик жагын да аябай катуу сыр кыласыңар...
– Биз деле адамбыз да деп баштайын жообумду. Негизи, ичкиликтен аллергиям бар. Ошентсе да таптакыр ичпейм деп айтпайм. Өзүңөр көргөндөй, Арсендин туулган күнүндө шампандан ууртап отурдум. Ичкиликти акыркы жолу былтыр туулган күнүмдө ичкем. Бирок баары чеги менен.

– Кел, чыгармачылыктан сөз улайлы. Кээ бир ырчылар «Атай Огомбаев ким?» десең билишпейт. Мындайларды чыныгы ырчы деп эсептөөгө болобу же үн болсо эле тарыхтын кереги жокпу?
– Чыныгы ырчы өзүн бир гана вокалдык жактан тарбиялабастан, инсан катары да тарбиялашы зарыл. Жашоодо бир нуктагы адам болуу өзү туура эмес. Жеке эле музыканын тарыхын билбестен, саясаттан суроо берилсе да өз оюн чаржайыт кылбай, так жооп берүүгө даяр болушубуз керек. Мен деле баарын мыкты билем деп айта албайм. Бирок кээ бир ырчыларга салыштырмалуу билем. Улуу адамдардын талантына шыктануунун өзү эле ырчыга канча сабак болот. Ар бир ырдын маанисин жакшы түшүнүшүбүз зарыл. Мурда мен «Сары-Ойду» маанисин түшүнбөй эле ырдап койчумун. Көрсө, ыр кемпиринен айрылган абышканын кайрыктары экен.

– Дегеле сенин репертуарыңдагы ырлардын ичинен кайсы бири кийинки муундар үчүн мураска айланат деп ойлойсуң?
– Жашырбайм, супсак ырларым көп. Чыгармаларымдын мааниси жеңил-желпи болуп калышына биринчи обонду жаратып, андан кийин ага сөздү кошконум болуп жатат. Сөздү обонго ылайыктап жатып эле текст башкача болуп кетет. Мисалы, «Кош жүрөк» деген ырымда «жүрөгүмдүн жарыгын» деген жери оригиналында «бүт ышкынын жарыгын» болчу. Обонго салынып кесилип калып эле баягы «жаным-паным, отурам-турам, сүйөм-күйөм» деген ырлар чыгып калат. Ошондуктан менин репертуарымда классикага айланчу ырым жок деп кесе жооп бере алам. Азыркы муундун ырчыларынын көпчүлүгүндө эле классикага айланчу ырлары жок. Себеби биздин ырларда таза кыргыздын добушу жок, заманбапташып кеткен. Мисалы, «Кыргызстаным» патриоттук ыр болгону менен, кайрык биздики эмес. Комузга салынып ырдалбайт. Абдан популярдуу болот, бирок максимум 3 жылдан кийин өчүп калат. Ал эми классикага айланган «Чолпонумду» 50 жыл өткөндөн кийин, бизден кийинки канча муун болбосун ырдаларына, сүйүп угарына ишенем.

– Эмне кылыш керек анан, кыргыз жыттанган ырларды келечек муунга калтырыш үчүн?
– Мен көп жерлерде айтып келем, мектептерде музыка сабагынан жок дегенде «Жаштар маршын» черткенди билип чыгышса. Ушундай кыргыз жыттанган нерселерге мектеп жашынан баштап тарбияласак...

– Эми тамаша-чыны аралаш суроо. Эгерде биздин ырчыларды 3 топко бөлсөк: биринчи чыныгы ырчылар – таланты, популярдуулугу жогорку деңгээлде, экинчи – таланттуу, бирок популярдуулугу аз, үчүнчү – таланты да, популярдуулугу да орточо деңгээлде. Кайсы топко өзүңдү кошот элең?
– Үчүнчү топко кошулат болчумун. Мен таланттуумун деп айтсам, өзүмдү өзүм алдагандык болот. Себеби көрүп жүрбөймүнбү, аябай таланттуу адамдарды. Ал эми биринчи топко Гүлнур Сатылганованы, Мирбекти кошмокмун.

– Айткан сөзүңө бек турасыңбы же кээде?..
– «Оюн өзгөртпөгөн адам – акылсыз же өлгөн адам» деп орустар айтып коюшат. Болот менде деле оюмду өзгөрткөн учурлар. Мисалы, эс тартып калганда юрист болом дечүмүн. Бара жатып эле ырдап калдым. Балким, кайра юристикке ооп кетермин.

– Убадагачы?
– 100 пайыз деп айтып койсом, «ай, Омар, баягыда минтпедиң беле?» деген сөздөр чыгат. Кээде шартка байланыштуу убадага тура албай калам.

– «Ырчынын кулагына караганда угуучунун кулагы сезимтал. Ал ошон үчүн сынчы» дешет. Эл ичинде айтылган сындарга чычалаган ырчылар көп. Акыркы жолу кайсы сынга катуу чычаладың?
– Жүрөктө калган сын – Москвадагы концерт тууралуу жазылгандар болду. Чындык мен тарапта турса да, тескери жазышты, айтышты. Ошондо бир катуу чычалагам. Эми андан башка «оозун кыйшайтып ырдайт» дегендерди деле жазышат. Муну өзүм деле байкайм. Бирок образга кирип кеткенде келбетимди унутуп калам. Эгерде оозумдун кыйшайганын ойлоп туруп алсам, анда ырдай албай калам.

– Эмки маектешкенче сак-саламатта бол!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Омар: "Ооба, оозумду кыйшайтып ырдайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(81)
SUPER.KG видео
25.09.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында эле жакшы маек болуптур,Максат да азамат так суроолорду берип кызыктуу,уккулуктуу кылыптыр.ал эми Омар азамат ушундайындан жазба.
26.09.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйомго Суйом и ырларынды дагы)))))уккандан Эч тажабайм)))Кимге уйлоносон да бактылуу бол!сен бактылуу болсон менда бактылуумун))))
SUPER.KG видео
26.09.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maktoogo arzyi turgan maek. Omardyn bergen jooptoru toluk kanduu, tushunuktuu, ordu menen,ashykcha sozdordu koldonboi,ukkuluktuu, jagymduu suiloit. Bul anyn jon gana yrchy emes, madani9ttu, ar taraptuu,oshol ele uchurda jonokoi adam ekenine ynandyrat. Ar bir ele adam myndai suiloo manerasyna ee emestigijashyruun emes. Omarga talykpagan emgek jana jemishtuu jenishterdi kaalaim!
26.09.2012. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жакшы:-)ийгилик;-)
26.09.2012. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага Омардын озун алып жургону, суйлогону жагат. Туура да кийинет. Бир коргондо эле, кандайдыр адамда жакшы ойлорду пайда кылыт. Бир нерсе эле жакпайт, эски ырлардын баарын эле озунуку болгонсуп ырдай бергени. Ырда бирок, ошол ыр жазкан, башында ырдаган адамга арналган кечелерде ырдаса туура болот деп ойлойм. Эгер жакшы ырчы болгун келсе, ошончо аракет кыл да, эптеп эле оной жол издебей.
26.09.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbek1990, oshol yrdy da eptegender yrdait da oiloisun okwoit Omardyn stili turgan turpaty u4un wou biznesste jurot dep any dele ozun yrlary kop bir gana eski yrlady jangylagany emes men misaly u4un Omardyn talantyn baalaim!
26.09.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде ырчылар, саясий партиялар абдан коп. Бирок бардыкы эле ошол ат менен аталганга татыктуу эмес.. Тойго эле жарабаса,башкасыны жок.. Башкасы- менен манданиятка тийешелуу нерселерди билдиргеним...
26.09.2012. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атабеков да норм.. Султан, Гулжигит да жакшы ырдайт, бирок ... кийинип алышыт.. Калган жаш ырчымын дегендерди, билбейм
26.09.2012. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hey omar can u like go on facebook please and add me to ur friends list :)
26.09.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого сын такканды токтотсонор озунор сахнага чыгып ырдап коргулочу анан коробуз,
SUPER.KG видео
27.09.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Омар! бул маегиңдү угуу да маанилүү, ушунчалык жөнөкөй жигит экеиң сүйлөгөн сөзүңөн, көз карашыңан, таанымыңан билинип турат, ылайым эле ушул жүрүшүңөн жазба, таскагың таш ыркабасын.
27.09.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар байке сизге чыгармачылык ийгилик! Бактылуу болунуз! Эн кызыктуу, ачык маяк куруп бериптирсиз! Рахмат!
27.09.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurrаyаn93 мен сизге кошулам! Биринчи жолу сахнага чыкканымда буту-колум калчылдап,озумду жоготуп коё жаздагам! Айтканга оной бирок... Элдин сахнанын суру болот эмеспи...
27.09.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омарчик бактылуу,омурлуу бол!!!
28.09.2012. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар красавчиксин
SUPER.KG видео
28.09.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZAMAT!!! syilaym seni! iygilik saga!
SUPER.KG видео
28.09.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sonun ele bolup dur
28.09.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык айтыптыр баарын. Талантына талант кошулсун. Бактылуу бол!
28.09.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар байке ийгилик сизге! Жакын аранын ичинде сизден жакшы ырларды кутобуз.
28.09.2012. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Өмүрбек,
29.09.2012. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа жакшы!!!бирок мен бул ырчыны озун алып журуусун баалаймын,бирок ырчы катары баалабаймын.себеби!!! кыйналып,озун мыкты корсотуп ырдагысы келет,бирок ырлары тузсуз.бирок эркек катары озун "симпотя"алып журот.омурлуу бол.кантсе да
29.09.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
e4 ka4an ozun kotorboi jonokoi alip jurot. iygilik sizge
SUPER.KG видео
07.10.2012. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bravo Omar!!!
08.10.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар байке сизди аябай жакшы кором,чыгармачылыгынызга албан албан ийгиликтерди каалайм!
08.10.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Омар! я уважаю тебя и ценю, у тебя голос замечательный !!! желаю тебе процветания, здоровья , успехов! Вперед и только вперед! ;) и когда у тебя будет сольный концерт??!! ждуууу с нетерпением )))))))
SUPER.KG видео
21.10.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MASHALLAH jalan gana jakwy komentariyler...tankalychtuu
SUPER.KG видео
21.10.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы коргон ырчым... инсан катары да абдан сыйлайм))) ийгилик!!!!!!!!!!!!!!
26.11.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar menen kantip taaanyshsam bolot (((((((((((((super info aityp koiuhuzdarchy
SUPER.KG видео
21.12.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омар супппппппппппппппппппер!!!!!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
12.04.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омар (я просто люблю тебя , успехов тебе !!!!
SUPER.KG видео
14.09.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик !!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо