МАДЫЛБЕКОВДУН УУЛУ МЕНЕН «АТА ЖУРТТУН» ЛИДЕРИ ЧОГУУ КЫЛМЫШ КЫЛГАНБЫ?

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Башкы прокуратура 15-сентябрь күнү ЖКнын депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу, Бишкек шаардык прокуратура кызматкери Элдар Мадылбековду убактылуу камакка алды. Ага «2010-жылдан кийин Максим Бакиевге караштуу имаратты жасалма документтер менен менчиктештирип алган жана өлкөгө 2 миллион долларлык чыгым келтирген» деген айып тагылууда.
Башкы прокуратуранын ички кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Турдумамбетов «Апрель окуясында бул имаратты Элдар Мадылбеков басып алып, кийин сатып жиберген» деди. Окуянын кызыгы «кимге саткан?» деген жерине келгенде билинип отурат. Имаратты «Ата Журт» фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун 500 миң долларга сатып алганы белгилүү болду. Башкы прокуратура «бул имаратты мыйзамсыз басып алууга Садыр Жапаровдун катыштыгы бар. Алдамчылык иштерине аралашып, Максимге тиешелүү экенин билип туруп сатып алган» деп ага да кылмыш ишин козгоду. Бул ишке УКМКнын да катышы болгонун кошумчалады.
Садыр Жапаров: «Бул саясий буйрук, мен сурак берип бүтө элекмин, а Башкы прокуратура ЖКга мени кол тийбестиктен ажыратуу сунушун жиберүүгө жетишиптир. Бул имаратты юристим аркылуу текшертип көрүп, бардык документтери жайында болгон соң алгам. Эгер Максимге тиешелүү экенин билсем, сатып алмак белем?»- дейт. Садыр мырза бул имаратты кайра эле башка бирөөгө өз баасында сатып жибергенин, «Ата Журт» партиясы шайлоолордо штаб катары пайдаланып келгенин айтты. Буга байланыштуу»жакында шаардык Кеңешке шайлоо. Бийлик «Ата Журтту» штабынан кууп чыгып, бут тосууда» деген пикирлер да айтылып жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
25.09.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаров балекетей эле билген,кимдики экенин,озурунор ойлосонор 2млн.турган имаратты 500минге сатып алып жатса,кайра ортодон аны сатып акча жасаганда.
26.09.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buduz-80, билбейм, кимге ишеништи. бирок бул жерде Жапаровдо чындык бардай. анткени Жапаровго Мадылбековдун уулу өрттөнүп-талкаланган имаратты сатыптыр, башкача айтканда ордун эле. сатып алып жаткандагы сүрөттөрү дагы бар экен. анан өрттөнүп, талкаланган имаратты 2 миллион сомго эч ким деле албайт болуш керек. орду эле 500 миң сом да
25.09.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анекдот: Алла тала дуйно жузундогу баардык ар улуттан бирден окул чакырып бирден байлык берип жатса кыргыздан 2 окул барыптыр кобурак алып жарымын болушобуз деп аларды кудай карап туруп 1 чуук алып 2ге болуп карматып койсо муну эмне кылабыз десе анда кудай бири, биринерди чукуласар деле тиричилигинер отот дептир. Муну айтканымдын себеби качанга чейин чукуша бересинер айланайын кыргызым.
28.09.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buduz-80 , coolcool , 500 min som emes , 500 min dollar
28.09.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаров кайсы жерден кантип жулушту жакшы билет. Азыр ЖКда койдун терисин жамынып эчтеке билбемиш болуп отурбайбы.Бул чон тажырыйбалуу "карышкыр". Кайсы жерден кантип жулуп оз чонтогун толтурушту жакшы билет. Колдо Жыргалан шахтасын текейге сатып алып мына бугунку кунго чейин комур жок. Кытайларга саткан имиш. Максимдин имараты экенин кантип эле билбей калсын. Ушул имаратты эки эселеп кайра сатты да. Ушул окшогон "жегичтер" жоголмойун олкобуз онолбот го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо