Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ФЕРУЗА ЖАМАШЕВА – ЖОГОРКУ СОТТУН ТӨРАЙЫМЫ...
№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
-
СИЗОдогу Абдулла Юсуповго журналисттерди киргизип жиберген Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп жатканын ИИМ билдирди.
-
ЖКнын депутаты Дастан Бекешев жарандардын суроолоруна
онлайн-кабылдама аркылуу түз жооп берет. Төмөнкү даректер аркылуу байланышса болот:
www.bekeshev.kg, E-mail:
bekeshev.dastan@gmail.com
-
Буга чейин колдонулуп жүргөн «майып» деген сөздү «мүмкүнчүлүгү чектелген» деген термин менен алмаштыруу сунушу Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жатат.
-
18-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы болуп Феруза Жамашева шайланды.
-
Айгүл Рыскулова Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымдыгынан өз арызы менен бошотулду.
-
Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Айбек Азыранкулов дайындалды.
-
Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу токтотулган 7-апрель боюнча сот иши 1-октябрда кайра улантыла турганын Осунбек Жамансариев билдирди.
-
Быйылкы окуу жылынын башталышы менен Ош облусунун Ноокат районунда 7 өзбек мектеби кыргыз тилинде билим берүүгө өттү.
-
ЖКда Түркиянын Ван провинциясында жашаган кыргыздардын балдары үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен 5 орун, «Себат» лицейинен 5 орун бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
-
Депутат Исмаил Исаков Кыргызстанда 2013-жылдан баштап рулу оң жактагы унааларды каттоого алууну токтотууну сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0