№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
Бүгүнкү күндүн Кожомкулу Нурлан Алишеров (Ташчайнар) жакында Германияда өтчү «Германия таланттарды издейт» аттуу долбоорго аттануу алдында турат.
«Германиядан чакыруу түштү» деп кубанганы менен, сынакка барып келүү үчүн 5 миң евро керектелерин айтып улутунуп алды. Учурда Ташчайнар демөөрчү издөөдө.
10 жылдык тарыхы бар бул долбоордун баш байгеси 1 миллион долларды түзөт. Башкача айтканда, жеңишке жетишсе, демөөрчүгө акчасын кайтарып деле бермек :)...
Бирок акча маселесинен улам былтыр Орусиядагы «Даңк мүнөтү» долбоорунда желегибизди желбирете албай калган Нурлан эми Германияда ийгилик жаратат деп ишенебиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Такталбаган маалыматтарды жазуу менен кимдир бирөөнүн кадыр-баркына, аброюна шек келтирүүгө, жеке айтышууга жол берилбейт. Дагы кайталана турган болсо сайттан четтетилесиңер!