№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
Күз келип, ак төөнүн карды жарылган маалда той-топурлар башталды. Бийчи, шоумен Бакыт Байсариев дүйшөмбү күнү жакын туугандарын жана ырчыларды топтоп, уулу Азирет-Алиге дүңгүрөтө жентек той берди.
Тойдон тоюп эле кетпестен, жылдыздар Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Султан Садыралиев, Омар, Эрмек Нурбаев мачолордун ролун аткарып, сүйгөндөрүнүн фигураларын тартып берип, аябай сексуалдуу бий тартуулашты. Ал эми Мирбек Атабеков менен Арсен обологон обондору менен элди ортого чыгарып, тер чыкканча бийлетишти. Бул эле эмес, Кутман Жолдошев менен Токтобек Асаналиев обон созгондо дасторкондогу табактардан да жарака кетти окшойт, чиркин!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Азирет-Али кыргыз элине кереги тийген жигиттерден болуп оссун, акылы кулук азамат болсун!