№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
Бир нече ирет Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтынан өтүп баратып, «мына-мына келип калдым Куршабга, жаным секет, тосуп алчы Фуркаттан...» деген сыяктуу саптары бар ырды угуп калдым. Бул ыр баш калаабыз Бишкекте, анын борбору «Ала-Тоо» аянтында, президент, парламент орун алган имараттын жанында жаңырууда. Мындай жеңил-желпи ырлардын өлкөнүн эң бир маанилүү жайларынын биринде коюлгандыгы бизди ойлонтту. Кыргызда борбордук аянтта жаңырууга татыктуу ыр-күү жокпу? Дүйнөлүк классиканы, шедеврлерди деле уксак болбойбу? Жанагыдай «келдим-кеттим, жеттим-өттүм...» сындуу ырлардан көрө, макул, өзүбүздүкү десек Атайдын «Маш ботоюн», Саламат Садыкованын аткаруусундагы «Кыргыз жерин» койсок неге болбойт?..
«ТАЗАЛЫКТЫН» КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР?
Адегенде жооп алуу үчүн Бишкек мэриясына чалсак, сөздү аягына чейин угуп-укпай, муниципалдык «Тазалык» ишканасынын номурун шашыла бере салышты. «Акыр-чикир тазалагандардын музыкага кандай тиешеси бар?» деген сурообузга маани буруп да коюшкан жок. Күткөнүмдөй жоопту берип, алар «Биринчи Май районунун акимчилигине чалып көрүңүз» дешти. Акимчилик Маданият башкармалыгына жөнөтүп, аталган ведомствонун жетекчиси Малдыбай Кайыповдун катчысына байланыштык. «Мынакей, тиешелүү адамдарды таптым окшойт» деп кубанып бүтө элегимде башкармалык «ал маселеге биздин тиешебиз жок. «Суу каналына» чалат экенсиз» деген жоопту узатты. Сабырдын да чеги болот эмеспи, катчы кызга «акылга сыйбайт. «Суу каналдын» кызматкерлери жаңырган музыканы да карамак беле?» деп ачуулана бир тийдим. «Бул катчы кызда эмне күнөө?» деп коём ичимден.
«КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАБЫЗ»
Үмүттүн шооласы үзүлүп бара жатса да, муниципалдык «Суу канал» ишканасынын номурун аргасыздан тердим. Кабылдамада отурган кызматкери жөн-жайымды башында жакшы түшүнбөй жатып, жетекчисинин орун басарына кошуп кутулду. Ошентип, көктөн издегенибизди «Бишкек суу каналы» ишканасынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиевден таптык.
– Фонтан 2009-жылы ишке киргизилгенден бери аянтта музыка да уктурулуп турат. Ал жерде жөн гана видеоойнотуучу бар. Башында коюлган композициялардын дээрлик баары классикалык жанрда болчу. Басымдуу бөлүгү кыргыз тилиндеги ырлар. Аларды элге жагымдуулугуна карап тандайбыз. Жеңил-желпи ырлар боюнча, балким, ошондой окуялар, кемчиликтер орун алып жаткандыр. Ал жерде нөөмөттө турган кызматкерлер биз берген дисктер чийилип же керектен чыгып калса, өздөрүнүкүн коюп салышы мүмкүн. Сиздердин кайрылууңуздардан кийин сөзсүз көзөмөлгө ала баштайбыз,- деп жооп берди Мурадин мырза.
«АЛА-ТОО» АЯНТЫНЫН «ДИ-ДЖЕЙИ»Кечке маал «Ала-Тоо» аянтына барып, өз көзүм менен көрүп келмекчи болдум. Киев көчөсүнүн боюнда жайгашкан күркөгө баш багып, дал ушул фонтанга жооп берчү насостук жабдуунун машинисти Максат Алымбабаевди кепке тарттым.
– Жетекчилер мага беш диск берген. Анда классикалык ырлар жана комуз күүлөрү бар. Гүлнур Сатылганова, Динара Акулованын ырлары жаздырылган, бирок анда жаш ырчылардын чыгармалары жок. Аянтта сейилдеп жүргөндөр «кечке эле окшош ыр-күүлөрдү уга беребизби?» дешкенинен үйдөн эки диск ала келгем. Алар деле кыргызча. Гүлжигит Сатибеков ошол мен алып келген дисктин ичинде болсо керек, аларды койсо болбойт бекен? Кабарым жок экен,- деген жообун алдык.
«АЛА-ТОО» – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫНЫН ЖҮЗҮ!
Саат жети жарымда башталган фонтандын музыкасы менин көзүмчө «Бишкегим, Бишкегим, борборум сен» деген жагымдуу, ары шаңдуу ыр саптары менен старт алды. Андан ары үч-төрт комуз күүсү коюлду.
Эмне демекчибиз? Чет өлкөлөрдө, алсак, Дубайдын асман тиреген Бурж-Халифа имаратынын жанындагы же АКШнын Лас-Вегасынын Беллажио мейманканасынын тушундагы фонтандарды коштогон композицияларга кылдаттык менен карашат. Негизинен, өлкөнүн же шаардын гимни менен башталып, андан ары шедеврге айланган ырларды беришет. Европадагы белгилүү фонтандардын музыкасынын басымдуу бөлүгү опералардын үзүндүсү, композиторлордун концерттеринен турат.
Бул макалабыздан кийин Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов менен ведомствонун Маданият башкармалыгы «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандын музыкасына көңүл буруп, өз көзөмөлүнө алышар, жетекчилик айыптуу катары катардагы жумушчуну көрсөтпөс деген үмүттөбүз. Ал жерди көрүүгө Кыргызстандын булуң-бурчунан эле эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер келип турушат. «Ала-Тоо» аянты – кыргыз эл-жеринин маданиятынын жүзү экенин эстен чыгарбашыбыз зарыл.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Tendikтин жазган ар бир сүйлөмүндөгү катасын көрүп, анан белгилеген "катасын" окуп күлкүм келди. Сиз айткан сөз айкаштары кеңири эле колдонулуп жүрөт. Балким, алар сиздин гана лексиконуңузда жоктур. "Бүткөн ишке сынчы көп" дейт. Көтөрүлген маселеге терең көз жүгүртсөк...