Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ӨЛКӨБҮЗ БОЛДУ ЭГЕМЕН, СҮЙЛӨЙМҮН КЫРГЫЗ ТИЛДЕ МЕН»

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Баткен мамлекеттик университетинде студенттер арасында 23-Сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата «Өлкөбүз болду эгемен, сүйлөймүн кыргыз тилде мен» аттуу кароо-сынак болуп өттү. Анда БатМУнун жана БатМУнун алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледждин студенттеринен түзүлгөн 3 команда ат салышты. Алар: «Ынтымак» командасы (табият таануу факультети), «Тынчтык» командасы (гуманитардык-экономикалык факультет) жана « Достук « командасы (Гуманитардык-экономикалык колледждин атынан). Сынак 5 шарттан турду:

  • «Манас» айтуу
  • Улуттук аспаптарда ойноо
  • Мекенди даңазалаган ырлар
  • Кыргыз бийи
  • Улуттар аралык достук ыры

Адегенде эле командалар кыргыздын улуу салты болгон «Манас» айтуудан башташты. «Манас» угуу ырахаты тартууланган соң студенттер кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын ичинен комузда, чопо чоордо, шылдыракта, ооз комузда ойноп беришти. Улуттук аспаптарда ойноп эле тим болуп калбастан, кыргыз элин, жерин даңазалаган ырларды толкундануу менен аткарышты. Кийинки шарт боюнча, БатМУнун улуттук кийим кийген кымча бел кыздары жана ийкемдүү жигиттери кыргыз бийлерин ийинине жеткире бийлешти. Сынактын акыркы шартына ылайык, командалардын милдети ар улуттун өкүлдөрүнүн образын жаратып, кыргыз элинин түрдүү улуттар менен болгон мамилесин чагылдыруу эле. Командалар үчүн бул шарт кыйынчылыкты туудурган жок. Алар Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын, кыргыздын улуттук үйү болгон боз үйдүн түндүгүн биргеликте көтөрүштү.
Кароо-сынакты БатМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Бөрүбаева жетектеген калыстар тобу баалап турду. Жыйынтыгында «Ынтымак» командасы 59 упай, «Достук» командасы 70 упай, «Тынчтык» командасы 72 упай алды. Жеңүүчү команда Ардак грамота менен сыйланды. Андан тышкары жеке номинациялар боюнча белектер берилди. Мисалы, мыкты «Манас» айткандыгы үчүн «Тынчтык» командасынын манасчылары, комузда мыкты ойногондугу үчүн «Достук» командасынын комузчусу Ардак грамота менен сыйланды. Ал эми «Мыкты аткаруучу» деп «Достук» командасынан Барчынбек Кеңешбек уулу табылды. «Мыкты кыргыз бийи» деген наамга «Тынчтык» командасынын «Арууке» бий тобу татыктуу болду. Жеңүүчүлөр облустук кароо-сынакка катышууга жолдомо алышты.
Калыстардын чечимине нааразычылыктар болбоду. Мындай иш-чаралар студенттерге жакшы маанай тартуулап, студенттердин аң-сезиминин өнүгүүсүнө чоң таасир береринде шек жок. Студенттер уюштуруучулардан мындай иш-чараларды тез-тез уюштуруп турууну суранышты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
01.10.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
02.10.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суппер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо